Апрель айында «Салам, Нью-Йорк!» тасмасынын башкы каарманы, актёр Бектемир Мамаюсупов сүйүктүүсү Мунарага баш кошконун жазганбыз. Анда эки жаш кыз узатуу тоюн өткөрүп, элден бата алышкан болчу. Заманбап тойду өткөрүүнүн ордуна жан шериктер Түркияга барып бал айын өткөрүп келишкенин угуп, актёрду кепке тарттык.
– Бектемир, заманбап тойдун ордуна саякатты тандап алыпсың...
– Мен кыз узатуу тойго да каршы элем. Кыргыздын каада-салты менен ата-энесинин колунан алып кетейин дегем. Бирок Мунара улуу кызы болгондуктан той беришкен. Ысырапкорчулукту жактырбайм, ошондуктан той өткөрчү акчага Түркияга барып саякаттап келдик.
– Бирок өмүрүңдө бир жолу үйлөнөсүң, той өткөрүш керек деген жаштар да бар...
– Той өткөрүү – бул баш оору. Көптөр жылдап чогулткан акчасын 1 күндө коротуп отуруп калышат. Тойго 10 миң доллардан 30 миң долларга чейин акча каражаты кетет. Ошол акчага жер тилкесин, унаа сатып алып кийинки жашоону ойлош керек да. Эң негизгиси жубайлар бактылуу болуп кетиши керек.
– Кандай эс алдыңар?
– Түркиянын Шанлыурфа, Стамбул шаарларында болдук. Ал жакта досторубузга жолугуп конок болдук. Стамбулга 1998-жылы комуз ойноп фестивалга барганда бир үй-бүлөнүн үйүндө жүргөн элем. Ошол үй-бүлө менен телефон аркылуу сүйлөшүп турчубуз. 18 жылдан кийин кайрадан аларга жолуктум. Алар бизди тосуп алып мейманканабызга чейин төлөп беришти. Кыскасы, жаңы эмоциялар, жаңы жерлер. Той өткөргөндө акчаны сапырып отуруп калмакпыз.
– Мейманканага чейин төлөп беришсе, анда сарамжалдуу саякат болгон экен?
– Ооба. Билетке 1000 доллар, басып-турганыбызга 1500 доллар кетти. Ошол акча кийим-кече алганга да жетти. Той менен эч нерсени даңазалай албайсың. Анын ордуна бизге окшоп саякаттап сарамжалдуу болуш керек.
– Рахмат, бактылуу болгула!