«Знай», «Не пара» жана башка ырлары менен эсте калган ырчы Раллия эне статусуна ээ болду. 3-ноябрда тун уулун жарыкка алып келип, кубанычы коюнуна батпай турган ырчы сүйүнүчтүү кабары тууралуу күйөрмандары менен бөлүштү. Наристе жытын алгачкы жолу искеп жаткан Раллия Инстаграмдагы баракчасына «Бүгүн эртең менен саат 9:01де жолдошум экөөбүз уулдуу болдук. Баламдын бою 55 сантиметр, 4 килограмм 630 грамм салмакта жарыкка келди. Жаратканыма кичинекей арстанды бергени үчүн ыраазымын!» деген билдирүү калтырган. Кошумчалай кетсек, учурда ырчы үй-бүлөсү менен Казакстандын Алматы шаарында жашайт.