Мындан 2 ай мурун ырчы Омар Талас шаарында алдамчылыкка шектелип кармалып, камакка алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө эч жакка кетпөө кол каты менен үй камагына бошотулган болчу. Көп өтпөй биринчи вице-премьер-министр болуп турган Тайырбек Сарпашевдин жана Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиевдин кепилдиги менен ырчыга тергөө иштери бүткөнчө Талас облусунун аймагынан чыгууга уруксат берилген. Жакында Омардын кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде ага карата кылмыш иши токтотулду. Эми ал сотко күбө катары гана катышат. «Ак ийилет, бирок сынбайт» деген накыл кеп акыры тастыкталып жатат» деген Омар: Башында эле Кудай баарын өз ордуна коёт деп ишенгем. Мага ишенген кыргыз элине ыраазычылыгымды билдирем. Менин башыма түшкөн нерсени эч кимдин башына салбасын»,- дейт.