Гезитибиздин өткөн сандарында рэп ырчысы Добр сүйүктүүсүн тапканын жазган элек. Анда ырчы Жибек аттуу 22 жаштагы бийкеч менен жарым жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүн ырастаган. «Той буюрган күнү болот» деген Добр 4-ноябрда бойдокчулук менен кош айтышып, Жибекке баш кошту. «Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» дегендей, үйлөнүү тоюм тууралуу көпчүлүккө кабарлагым келген жок. Борбордогу тойканалардын биринде чакан той берип, элдин батасын алдык»,- дейт ырчы. Жаңы үйлөнгөн түгөйлөргө бакыт каалайбыз!