ДОБР БИЙЧИ КЫЗГА ҮЙЛӨНДҮ

Өткөн саныбызда рэп ырчысы Добр Жибек аттуу бийкечке үйлөнгөнүн кабарлаган элек. Бул эки жаштын коомчулукка жарыя кылбай, жакын санаалаштардын катышуусунда өткөн үлпөт тоюнан репортажга көӊүлүӊүздөрдү бурабыз.

– Куш боо бек болсун Добр, Жибек! Экөөӊөрдү ушул тойго жеткирген таанышууӊар жөнүндө айтып берсеӊер?
Добр: – Экөөбүз интернеттен таанышканбыз. Алгачкы жолугушууда эле мен издеген кыз экенин баамдадым. Жибек «Береке» бий тобунун бийчиси. Күнүгө эле аны көргөнү Ак-Өргөө конушуна каттай бербей, жанымда болсун деп үйлөнүүнү чечтим.
Жибек: – Добр экөөбүз 6 ай сүйлөшүп, бири-бирибизди жакшы эле сынадык. Акыры минтип бир үй-бүлө болуп отурабыз.
– Добр, Жибектин колун сурап макулдугун алган соӊ тойго камылга көрсөӊ керек?
– Ооба, Жибектин колун салтанаттуу кече уюштуруп, досторубуздун курчоосунда сурагам. Досум иштеткен барга шам менен мага турмушка чык деп жазып, өзүм ыр арнап ырдап шакекти колуна таккам. Макул деген сөздү укканда аябай сүйүндүм. Андан кийин ата-энелерибиз таанышып, Жибек тарап кыз узатуу той беришти. Биз үйлөнүү той бербейбиз деп сүйлөшкөнбүз. Бирок келинчегимдин ата-энеси «үлпөт той кыласыӊар, биздин кыз ага татыктуу» дешти. Ошентип алардын сөзүн эки кылбай той өткөрдүк.
– Келинчегиӊ үйдөгүлөр менен бат эле тил табышып көнүшүп кеттиби?
– Ооба, үйдөгүлөр Жибекти жакшы көрүшөт, ата-энем өз кызындай кабыл алды. Өзүнчө үй салган элек, бөлүнүп жашап жатабыз. Баары жакшы, бактылуумун.
– Турмушка шилтеген кадамыӊар байсалдуу болсун!

Салтка айланган «Жар-жар» ырын Гүлзинат Суранчиева ырдады. Добрду келинчеги менен кошо болушунча тууган-уруктарынын астында жүгүнттү.

Уулун үйлөп жаткан Добрдун ата-энеси (солдон оӊго) кубанып турса, Жибектин ата-энеси балапаны уясынан учуп жатканына ичи ачышып турду.

«Өкүл атам – өз атам» дегендей, Добрдун өкүл атасы Мирстан менен өкүл апасы Наргиза жылкы жетелеп келишти.

«Ак өргө сity» командасынын жигиттеринин куйкум тамашалары күлкү тартуулап жатты. Тойду Гүлжигит Сатыбеков, Нурлан Насип, Султан Садыралиев, Курал Чокоев, Ильяз Андаш, Ирлан Таалайбеков баштаган ырчылар шаӊга бөлөштү.

Добрдун келинчеги «Береке» бий тобунун кымча бел сулууларынын бири. Анан кантип бул той «Берекенин» кыздарысыз өтсүн? Аталган бий тобунун жетекчиси Айнура Кыдыралиева да коноктордун катарын толуктады.

Турмушубуз таттуу болсун деп эки жаш бири-бирине торттон ооз тийгизишти.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эксклюзив: Добр 22 жаштагы бийчи кызга баш кошту
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Azim.00kg
2015-11-16 12:16:22
Бактылуу болгула. Кармашкан колунар узулбосун.
+2
balzak
2015-11-16 15:12:46
бакыт,бакыт жана бакыт!!
+2
marat18
2015-11-16 16:51:54
бактылуу болушсун
+1
Kunbeken
2015-11-16 17:28:57
Дайрада ак жыгач агып келет
Устуно калджыргач конуп келет
Калдыргачтын канаты кайрылбасын
Добур менен келинчеги бири биринен арылбасын .
Бактылу болгула пачка пачка балалуу болгула
+5
dreamer94
2015-11-17 00:25:52
Бактылуу болушсун.
+1
altynaiB
2015-11-17 17:40:31
Сопсонун тугойлор экен. Бактылуу болушунарды чын дилимден каалайм.
+1
AKCHA
2015-11-18 12:06:32
Бактылуу болгула! Кыргыздын санын кобойткон батыр ата-эне болгула
+1
Bereke10
2015-11-18 14:02:30
Добр апасынын эле копиясы го :-) Бактылуу болушсун. Атка келинчегин мингизип,Добрды жетелетип тартпаптыр да фотограф. Же атка келин минсе туура эмес болуп калмакпы а?
+3
A3A
2015-11-18 19:29:11
Бактылуу болгула!!!
+1
Geran
2015-11-21 10:43:06
Бакыт каалайм
+1
tazagul
2015-11-21 23:43:06
Бактылуу болгула! Бала чакалуу болгула.
+1
Ainuuurka
2015-11-22 00:52:37
Эки жашка уй-булоолук бакыт каалайм.Бактылуу болушсун.
+1
azi.3566
2016-02-08 08:52:20
Baktyluu bolgula jarashyktuu tugoilor eken.
0
№ 680, 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан