ДЖИ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Арууке, сага эмне болду?- унааны жол жээгине токтоткон жигит кызды эсине келтирүүнүн аракетин көрүп жатты. Тыӊшаса араӊ гана дем алып жатат. Эсине келчүдөй эмес. Жанар коркуп кетти. Көздөрүнө жаш айланып, заматта Аруукесин жоготуп алса эмне болорун ойлоп чый-пыйы чыкты.
– Аруш, алтыным, эсиӊе келчи!
Бирок кыз ойгонгон жок. Анын жаактары карышып калыптыр. Жанар шаша-буша унааны от алдырып катуу айдап жөнөдү. Оорукананын короосуна жетип калганда Арууке алсыз үн катты:
– Жанар...
– Аруш, биз келип калдык. Чыдай тур!
– Жанар, биз каяктабыз?
– Ооруканага келдик.
– Жок,- кыз көздөрүн ачып жиберди. – Кирбей эле коёлучу. Мен жакшы болуп калдым.
– Киришибиз керек. Аруш, бир жериӊ ооруп жатканда мага сөзсүз айтып жүр.
– Макул, айтып турам. Бирок азыр кирбей эле коёлучу. Мен ооруканадан корком!
Кыз ыйлап жиберди. Жигит дендароо боло түштү. Бирок Арууке чынында эле өзүн жакшы сезе баштаган. Жанар Аруукени бооруна кысты.
– Сен эми бул оорулуу кыздын мага кереги жок деп кетип калбайсыӊбы?
– Жок. Сен оорулуу эмессиӊ, берекем.
– Менин каным аз окшойт. Ушинтип башым айланып, эс-учумду жоготчу болдум.
– Баары бир ооруканага барышыбыз керек.
– Эртеӊ келели. Сен жанымда болчу, ээ?
– Мейли, эртеӊ сөзсүз келебиз. Анда жүр, үйүӊө баралы.
– Жаныӊдан кетким келбей жатат.
– А мен сенин жаныӊдан кеткенден коркуп жатам. Коркутуп койдуӊ мени.
– Мен өлүп калсам эмне кылмаксыӊ?- кыз суроолуу карады.
– Антип айтпа.
– Жок, айтсаӊ.
– Аруш, мен жок болуп кетем. Жинди болуп калам. Жашоомду сенсиз элестете албайм. Экинчи мындай сөздөрдү айтпа, уктуӊбу?!

ххх

Эртеси Жанар менен Арууке ооруканага чогуу келишти. Анализдерди тапшырышты. Жыйынтыктар кийинки күнү чыкмак, андыктан кыз-жигит ооруканадан чыгып сейил бакты көздөй жөнөштү. Кар жаап жаткан.
– Үшүгөн жоксуӊбу?- Жанар кызды карап.
– Жок, сенчи?
– Жок.
– Мурдуӊ кыпкызыл болуп калыптыр,- кыз кыткылыктап күлүп койду. – Аяз атага окшошуп калат экенсиӊ. Кызык, мен ушул көрүнүштү түшүмдө көргөндөй болуп жатам.
Дежавю деп койчу беле?
– Билбейм. Ал сөзгө менин тилим келбейт.
– Жанар, чын эле мен азыркы көрүнүштү мурда түшүмдө көрсөм керек. Кыш, жанымда сен. Айлана апапак. Бардыгы тааныш туюлуп жатат.
– Балким, мурда башка бир күйөрманыӊыз менен ушинтип сейилдегенсиз...- жигит жылмайды.
– Хе, балким...
– Мен абдан кызганчаакмын. Мурунку жигитиӊден да кызгана беришим мүмкүн.
– Жанар, сен менин биринчи сүйүүмсүӊ. Буга чейин мынчалык бактылуу болгон эмесмин. Ооба, мени жолугушууларга чакырышчу. Сейил бактарда басчубуз. Бирок, билесиӊби, мен анда бозоргон көпчүлүктүн ою менен эсептешип эле ошондой кадамдарга барчумун. Ошол бозоргон, бир күнүн экинчи күнгө окшоштуруп кайталап жашай берген көптүн бири болчумун. А сени менен өзгөрдүм. Азыр сени менен өткөн ар бир күндүн ар бир саатын, ар бир мүнөтүн жакшы көрөм. Себеби эмне?
– Себеби мен сени жакшы көрөм.
– Азамат! Менин акылдуум!
– Сени чынында эле жакшы көрөм. Мен сөзгө жокмун. Сендей кооз сүйлөй албайм. Бирок менин эмки жашоом сөзсүз сени менен бирге болот.
– Сен эмне, үйлөнүү тууралуу сунуш киргизип жатасыӊбы?
– Жок, үйлөнүү тууралуу сунушту башкача жасайм.
– Жанар, чын эле кел, үйлөнүп алабыз.
– Хе, үйлөнүү тууралуу сунушту сен киргизмей болдуӊбу?
– Чын, Жанар, эртеӊ менен сабакка чогуу келебиз, кайра чогуу кетебиз. Кечинде кучакташып алып чогуу уктайбыз. Эртеден кечке божурашып сүйлөшөт элек. Ойнойт
болчубуз.
– Анан балалуу болмокпуз.
– Ооба,- кыз кыялдана көздөрүн жумуп жылмайып алды.
– Ага да убакыт келет. Азыр айтканда романтикалуу туюла берет, бирок чыныгы турмуш менен бет келгенде романтиканын бырын-чырыны чыгып калат. Андыктан кыз-жигит болуп жүргөн мезгилге эч нерсе жетпейт.
– Жок. Биз башкача үй-бүлөлөрдөн болмокпуз. Мен билем. Биздин үйдүн атмосферасы башкача болмок. Ооба, жумушка бармакпыз-келмекпиз, акча табыш керек, оокат алыш керек, үй салыш керек. Көптөгөн милдеттер турмак, бирок эртеӊ менен эрте ойгонуп жанымда уктап жаткан жүзүӊдү көргөн кандай сонун болот эле. Сен менин маӊдайымдан өөп жумушка кетмексиӊ. А кечинде сагынышып жолугушмакпыз. Жылуу пледди оронуп кино көрмөкпүз.
– Тамак жейт белек?
– Ооба, экөөбүз сонун тамактарды жасап жемекпиз.
– Мен жумуштан чарчап келдим. Кана тамак деп кыйкырсамчы? Же эмнеге кийимдерим жуулган эмес, мен эмнени кием деп урушсамчы?..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
jon.as
2015-11-16 09:14:02
мен бирнчи деген мода бар беле бул жакта...?
+2
Ailo
2015-11-16 10:20:19
jon.as,Ооба бар)
+1
aikol87
2015-11-16 09:52:48
Мынча аз.
+1
Neizvestno777
2015-11-16 10:08:06
Мен ушу чыгарманы бир жерден окугандай болуп жатам,же тушумдо кордум бекен?))) "Кооз создорду билбейм бирок..."деген жерй таанъш болуп жатат
+2
Ailo
2015-11-16 10:20:07
Хе,мен учунчу))
0
nurperishka05
2015-11-16 10:49:43
Эми Эмне болот экен эээ??? Арууке олуп калсачыыы ???
+2
Gulya21
2015-11-16 13:37:16
Уландысын дагын бир жума күтүш керек бүгүнкүсү аз чыкканго
+1
Pantherka
2015-11-16 14:59:29
Мурунку сериалды эле издей берем, бутуп калса деле,сыягы недогон кылып бутуруп салгандан окшойт.
+1
Ledi89
2015-11-17 18:31:35
Кийинки жуманы кутудон башка айла жок.
0
AKCHA
2015-11-18 12:37:26
Дагы бир жума
0
№ 680, 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан