БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ

(Башталышы өткөн сандарда)

Түнкү саат 3төрдө Азамат экөөбүз аэропортко жөнөдүк. Регистрация бүтөйүн деп калган экен, андан өтүп Азамат менен коштоштум да, Ошко учуп кеттим. Мени Оштон Бекболот деген бала күтүп алмак. Сүрөтүмдү көрсөтүшкөнбү, Ош аэропортунан чыгарым менен бир бала келип «Эрмексиӊби?» деди, «ооба» десем, ээрчитип алып машинасы менен Ошский районго алып келип, «Шумкар» деген мейманканадан орун алып койгон экен, номерге жайгаштырды. Симка берди да «ушул симканы телефонуӊа сал, бирок эч жакка чалба, биз гана чалып турабыз, телефонго акча да салба, азырынча ушинтип туруш керек, мейманкананын эки күндүк акчасы төлөнгөн. Жатып эс ал, шаарга чыгып шаарды кыдыр, Оштун тамагын сагынгандырсыӊ, кафеге кирип тамактан, кыскасы, каалаганыӊды кыл» деп агенттеги логин, паролумду сурап өзүнүн телефонунан кирди да, менин дарегимди жок кылып салды. «Кийин башка почта ачып аласыӊ, азырынча эч ким менен сүйлөшпөй турушуӊ керек. Мейли, эс ал, мен кеттим, эки күндөн кийин келем» деп коштошуп кетти.
Эртеси түшкү саат 2лерде ойгондум, Ошто күн ысык, кайнайт тимеле, душтун түбүнөн чыккыӊ келбейт, үйдө отуруп эле тердейсиӊ. Вентилятор менен араӊ жан сактайсыӊ. Телефонду карасам «Витянын акыбалы жакшы, өмүрүнө коркунуч жок, милиция аябай издеп жатыптыр, бирок коркпо, силердин балдардан эч ким суралбаптыр, баары мен айткандай болуптур» деген СМС келиптир. Үстүмдөн оор жүк түшкөндөй болду, көӊүлүм көтөрүлүп, күндүн ысыгы да жакшы көрүнүп кетти, курсагымдын ачканын ошондо сездим. Мейманкананын өйдө жагында кафе бар эле, лагманы аябай ширин болчу, аэропортто иштеп жүргөндө тамактанганы көп келчүбүз. Барып лагман, эки манты, эки шишкебек заказ кылдым да, тойгончо жедим. Оштун тамагындай даамдуу тамакты эч жерден, Бишкектен да, Москвадан да жебегем. Тамактанып бүткөндөн кийин бир-эки магазинге кирип кичине кыдырдым да, күн аябай ысып кеткендиктен кайра мейманканага барып жаттым. Күндүн ысыгынан уктай албагандыктан үстүмө жапкан акты душка кирип суулап чыгып жамынып жатып араӊ уктап кеттим. Эптеп эки күндү өткөздүм.
Экинчи күнү түнкү саат 1лер чамасында Бекболот келиптир, «эртеӊ аэропортко барып түз эле отдел кадрга кир, сен жөнүндө айтылган, ашыкча эч нерсе айтпа, сураганына жооп бер да, документтериӊди тапшырып кел, авиатехник болуп ишке кирдиӊ. Тааныштарыӊ кайда жүргөнүӊдү сураса, Москвада иштеп, иш жакшы болбой, кайра келип акча берип ишке кирдим деп кой, башка ашыкча эч нерсе айтпа, өзүӊ деле түшүнөсүӊ да, Жумалы аке айтканды гана айтып койдум» деди.
Ошентип кайра иштеп калдым, мени катуу дайындаганбы, бир аз иштегенден кийин аэропорттун эсебинен бир айга Бишкекке окууга жөнөтүштү, барып Ту -154, Боинг, Аэробус деген самолётторду тейлөөгө окуп келдим, себеби мурун Як-40, Ан-24 деген гана самолётторду тейлөөгө уруксатым бар болчу. Авиагородоктон эки бөлмөлүү квартира батирге алып жашап калдым.
Ошентип иштеп жүрдүм, Бекболоттон же башкалардан дайын болгон жок. 3 ай дегенде кечинде үйдө жатсам, квартиранын коӊгуроосу шыӊгырап калды, ачсам Бекболот турат, кирип эшикти ичинен жапты да:
– Менин убактым жок, Жумалы байке келет, эртеӊ түнкү саат 1лерде эч кимге көрүнбөй Партсъездге кеткен жолго чыгып тур, келгенде чалабыз, камоктун ылдый жагында тур, менин машинам менен келебиз,-деди да кетип калды.
Эртеси айткан убакта чыгып турсам келишти, машинага отурарым менен Партсъезд айылы жакты көздөй жөнөдүк. Бир километрдей жүргөндөн кийин Бекболот машинаны токтотуп сыртка чыгып кетти. Мен алдыда отургам:
– Кел, Эрмек балам, артка отур, адамдын көзүнө карап сүйлөшпөсөм сүйлөшкөндөй болбойм,-дейт.
Артка өтүп отурдум, учурашып аны-муну сурашкандан кийин:
– Сөздү көбөйтпөйлү,- деп кичине кагаз берди. – Бул кагазда самолёттун маркасы, рейстин номери, конуп учар маалы жазылган. Экинчи пилоттун аты Андрей Васильев деген жигит, ошого бир пакет бересиӊ. Болду, ушул эле ишти аткарасыӊ, калганын 3 күндөн кийин Бекболот келет, ошол айтат. Мен эртеӊ кайра Москвага учам, суроолор болсо Бекболотко айта бер.
3 күндөн кийин Бекболот экөөбүз жолуктук, мага баарын түшүндүрдү, товарды аэропорттун жанында кафе бар эле, ошол кафенин ичинде бир адамдык ажаткана бар, колду жуугандан кийин кургатуучу аппарат илинип турат, иштебейт, ошонун ичинен аласыӊ дейт. Барып көрүп кой,- деп ачкыч берди, ачкыч ошол аппараттыкы экен.
 Кечки тамакты иштеген жерибизден эле жеп алчубуз, кээ бирибиз үйдөн алып келсек, кээ бирибиз кафенин барында иштеген кызга заказ кылып коюп кечинде алып кирип кетчүбүз. Мен дайыма үйдөн алып келгендиктен, бир да жолу кафенин ичине кирбептирмин. Товар жөнөтөр күнү ошол кызга кечкиге тамак заказ кылып коюп, тамакка барган адам болуп товарды алып кирип кетет экем. Ойлоп көрсөм эӊ туура жолдой туюлду. Бекболоттун айтканына караганда, 3 килодон жөнөтөт экенмин, ар бир жөнөткөнүмө 3 миӊ доллардан төлөп беребиз дешти. 10 күндөн кийин биринчи товарды жөнөтөт экенбиз. Мен күндө кечки тамакты кафеге заказ кылмакчы болдум.
Эртеси ишибиз төрттө баштала турган, мен үчтөрдө кафеге бардым, ичине кирип барды карасам эч ким көрүнбөдү, күн аябай ысык болгондуктан кафеге келген адамдар баары эле сырттагы сөрүлөргө (топчан) отуруша турган. Барда иштеген кыз да ошолорду тейлеп эшикте жүргөн окшойт. Бардын алдындагы бир столго отуруп, менюну барактап отурсам арыгыраак келген бир сулуу кыз кирип келди. Бою узун, ак саргыл, чачын хвостик кылып байлап алган, көздөрү бир башкача жайнап турат экен. Мени карап койду да, барга кирип бир нерселерди калькулятордо эсептеп жаза баштады. Мен оозумду ачып карап калганмынбы, мени карады да, оӊтойсуз абалда калдыбы отуруп алды, бардын стойкасынан көрүнбөй калды.
Ошондо эсиме келип, эмнеге келгенимди эстедим да, барга барып:
– Бир Кола берип коёсуӊбу,-дедим.
Башын көтөрүп мени карады эле, көзүн тунук, өтө тереӊ, түбү көрүнбөгөн көлгө окшоттум. Жаш баланыкындай болуп таптаза, куулук-шумдукту билбеген ишенчээк көз караш, негедир мага ушундай сезилди. Жакасына илинген бейджикке аты жазылыптыр, аты Элиза экен.
– Кандайын берейин?
– Баночныйдан, анан эки стакан берчи.
Коланы эки стаканга бөлүп куюп, бирөөнү ага бердим, ал мени таӊ калып карап койду да, рахмат айтып бир ууртап жанына коюп койду.
– Мен кечкиге тамак заказ кылайын дедим эле, алып кеткенге.
– Кандай тамак заказ кыласыз, саат канчага?- деп ручка, кагаз алып мени карап калды. Мен саат 8ге лагман заказ кылып, дагы сүйлөшкүм келип эмне деп сөз баштасам деп сөз таппай турсам, кафеге 2-3 адам кирип калып Элиза аларга алаксып, заказ кылган аны-мунусун ташып жүрүп калды. Карасам бошобой турган.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
asdef
2015-11-16 09:18:13
эн кызык жерине келгенде бутуп калды да
+1
jalguzum
2015-11-16 09:49:26
Кызыктуу экен Жакшы бул санында коооп жазыптыр.
+2
AK-47.
2015-11-16 10:41:05
Кимде китеби бар, болсо бир жума куттурбой эле адабият болумуно жазып койбойсунарбы
+2
eliza_eliza
2015-11-16 20:08:07
элиза деп окуусан жагымдуу)))
+2
Patriot...kg
2015-11-16 23:27:11
Сонун экен жакты
0
Gulya.akbaralieva
2015-11-17 02:24:06
Суйуп калды))) адабият тилинде кичине маанилуу жазгылачы. Автору ким озу?
0
admin_superstan
2015-11-17 10:36:03
Gulya.akbaralieva, саламтасызбы!
Бул чыгарманы бизге окурманыбыз жиберген.
0
anya
2015-11-17 15:50:37
Бул иш Жумалынын махинациясы эптеп наркотикти Москвага жонотуштун айласы, ошон учун ушундай план уюштурушкан Жумалы баш болуп, Эмил тош болуп, атайын болгонун Эрмек кийин кеч билет.
+1
№ 680, 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан