Ынак Осмоналиев, ырчы: «БУЛ МЕНИН АКЫРКЫ ИНТЕРВЬЮМ»

«Аппак кар», «Мумия дарыӊ жок беле?» аттуу ырлары менен элдин эсинде жүргөн Ынак Осмоналиевден интервью алалы десек, борбордон Кара-Балта шаарына көчүп кеткендигин айтты. Аны менен маектешүү үчүн ырчынын үйүн көздөй сапар тарттым. Жолугушчу жерден мени сакал койгон, көз айнекчен мырза күтүп алды. Ырчынын эмне үчүн чыгармачылыктан оолактап, дин жолуна түшкөнү тууралуу баарлаштык.

– Ынак мырза, 2010-жылы автокырсыкка кабылып, жаракат алдыӊыз эле. Азыр ден соолугуӊуз жакшыбы?
– Өзүӊ көрүп тургандай, Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы. 2010-жылы автокырсыкка кабылганым көпчүлүккө маалым. Башында жамбашымдын оорусуна маани бербей, эти жанчылып калса керек деп жүрө бергем. Көрсө, кашка жилик менен жамбаштын ашташкан жериндеги суюктук калбай, кашка жиликтин башындагы кемирчек жешилип калыптыр. 8 ай ооруп доктурлар мага коксартроз, остеопороз деген диагноз коюп, төрт жолу операция жасаттым.
– Кара-Балтага көчүп келишиӊизге эмне түрткү болду? Шаардын ызы-чуусунан тажадыӊызбы?
– Кыздарым таенесинин колунда окуп калгандыктан кайра-кайра мектеп которо бербейли деп ушул жакта жашап жатабыз. Азырынча шаарда же бул жакта туруктуу жашап калабыз деп айта албайм. Бирок шаарга барсам көчөдөгү тыгындан, ызы-чуудан кадимкидей чарчап, кеткенче шашам. Бул жерде үй-бүлөм менен соода-сатык кылабыз.
– Үй-бүлөӊүздө эмне жаӊылык бар? «Уулдуу болмоюнча жубайымды төрөтө берем» деп айтканыӊыз бар эле...
(Күлүп) Кудайга үнүм жетип, ушул жылдын 1-июлунда уулдуу болдум. Чоӊ атасы атын Мухаммед Али койду.
– Сакал коюп алыпсыз. «Сакалды тим эле койбопсуӊ» дегендер четтен чыкса керек?
– Мурун «эл эмне дейт?» деп элдин ою менен эсептешчүмүн. Ошондон улам да чочуп сакал койбочумун. Азыр менде андай сезим жашабай калды. Мурун ырчылыгым менен сыймыктансам, азыр ушул жүрүшүм менен сыймыктанам.
– Демек, чыгармачылыктан оолактап кеткениӊизге ден соолугуӊуз себепчи эмес экен да?
– Чыгармачылыгыма ден соолугумдун тиешеси жок. Эгерде чын эле ырдагым келип, ынтызар болсом отуруп алып деле ыр жаздырып, клип тарттырып радио-телеге бере бермекмин. Буга чейин ажылык зыярат кылууга барып, Бангладешке 4 ай дааватка чыгып келгенимди жашырып, ачык айтпай келгенмин. Бирде ырдап, кайра жок болуп кетүү жан дүйнөмө туура келбеди. Андыктан Жараткандын ыраазычылыгын алып, анын өкүмү, пайгамбарыбыздын сүннөтү менен жашоону чечтим.
– Берген маектериӊиздин биринде «ырчылык арам эмес» деп айткан экенсиз...
– Ооба, бир күнү илимдүү дин аалымы менен сүйлөшүп отуруп, ал «Пайгамбар өзүнүн акыны Хасан Ибн Сабитке чепкенин белек кылган, ырчылык арам эмес» деп айткан болчу. Ал сөздү балким туура эмес түшүнүп алсам керек, ошондой деп айтып алгам. Кийин өзүм дин тууралуу маалымат алдым. Кыскача айтканда, ырчылардын концерти кеч киргенде башталат. Концертке айрым жаштар спирт ичимдиктерин ичип, кечеден чыккандан кийин мушташып, сауна-мейманканаларга барышы мүмкүн. Андан сырткары миӊдеген билеттерди тааныштар аркылуу мажбурлап сатууга туура келет. Бирөөнүн маӊдай тери менен тапкан акчага жан багуу арам да. Ал сөзүм үчүн Кудайдан, дин мээнетин кылып жүргөн адамдардан кечирим сурайм.
– Эски өнөр эске түшүп кайрыктар, саптар келип кетсе керек?
– Сүйүктүү кесибиӊди бир заматта таштап коюу оор. Кээде ырдагыӊ келет, сахнада жүргөн күндөрдү сагынасыӊ. Бирок мен мунун баарын курман кылып, бир тараптуу жашоону тандадым.
– Автобиографиялык тасма тартсаӊыз, ага башыӊыздан өткөн кандай окуялар камтылмак?
– Убагында бейбаштык кылып СИЗОдо 4 ай отурган күндөрүм болду. Ырчы болуп, элге таанылсам деп тилек кылчумун, ага да жеттим. Ырчылыктын аркасы менен жакшы-жаман күндөрдү башымдан өткөрдүм. Эгер мүмкүнчүлүгүм болсо, башымдан өткөн күндөрүмдү камтыган тасма тартмакмын.
– Телефондон сүйлөшкөндө радио-теледен ыр, клиптеримди алдырам деп айттыӊыз...
– «Супер-Инфо» гезити убагында чыгармачылыгыма колдоо көрсөткөн. Ошондуктан маек бербейм деп койсом текеберчилик кылган болмокмун. Бул менин чыгармачылык тууралуу акыркы берген интервьюм. Гезиттен макаланы окуган жалпыга маалымдоо каражаттары, журналисттер менден интервью алабыз деп убара болушпасын. Жакында Индияга дааватка кетип жатам. Жолго чыгардан мурун радио-теледен клиптеримдин бардыгын алдырып кетем.
– Маегиӊиз үчүн рахмат! Максаттарыӊыз орундалсын.

"Үй-бүлөм менен намаз окуйбуз, жайкы каникулда кыздарым медреседе окушту".

Султан Төрөбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (60)
Atabaev.kg.su
2015-11-17 23:06:41
Ынак байке Аллах сизден разы болсун Уй булонузго бакыт тынчылык орносун ИАллах кимге каласа динден тушунук берет Аллоху акбар
0
"Кеңеш" тобу
2015-11-18 00:44:24
Ынак досубуз АЛЛАХ ыраазы болсун!уй булон менен бактылуу бол!биз силерди жакшы коробуз!АЛЛАХ баарыбызга такыбалыкты насип этсин!
+1
Добрый
2015-11-18 09:18:37
Адам журогу каалаган нерсени тандайт да туурабы тукра эмеспи ал оз иши ийгилик каалайм
0
Jika_fisabillah
2015-11-18 10:21:18
Такыбалык кылып ырчылыкты таштаптыр,Аллах ыраазы болсун,адамдар бул дуйного эмне максатта келгенин билбей ар нерсеге урунуп жургондо,сиз максатынызды таапсыз,ушул позициянызда эми бекем болунуз,бактылуулук дин гана болот
+1
BEGIMKYZYM
2015-11-18 11:08:23
соонун!бизге да такыба уй-було болуу насип этсин
+2
Shat.88
2015-11-18 20:51:47
Жакшы кылыпсыз туугандарыныз кабатыр болуп атты эле ичкиликке берилип кетти деп
0
ulash.kg
2015-11-18 22:34:45
Ынак менин жакшы коргон ырчым эле,азыр андан да жакшы коруп кеттим,Аллах ыраазы болсун
0
Nur Abdulaziz
2015-11-19 16:50:46
Аллахым Исламдагы жашоонунузду берекелуу кылсын!
0
admin_superstan
2015-11-19 17:01:36
Nur Abdulaziz, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз! Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
0
Taalaibek.
2015-11-20 12:06:36
Ынак Осмоналиев сен туура жолго тушуптурсун. Аллах ыраазы болсун! Мындан ары дагы жакшы ийгиликтер коштосун. Мындай баталарды сен ырдап журсон, алалбайт болучун. Сага жана сенин уй-булоно ийгилк каалайм.
0
aruusham
2015-11-20 17:14:06
Ким канча мунот жашаарын эч ким билбейт ошондуктан дайыма тура жолдо журолу туугандар. Эртен кандай кун болору белгисизда!
0
Meeri1892
2015-11-21 14:00:08
Менимче, "акыркы" деп айтуунун өзү коркунучтуу...Теманы башка койсо болмок....
0
Ainuuurka
2015-11-22 00:46:46
МААШАЛЛАХ туура жолду тандаганынызга.Баардык дуа,намазыныз кабыл болсун.Иншаллах сиздей инсандар,уй-булоолор кобое берсин.Оомин.
0
Ainuuurka
2015-11-22 00:47:32
МААШАЛЛАХ туура жолду тандаганынызга.Баардык дуа,намазыныз кабыл болсун.Иншаллах сиздей инсандар,уй-булоолор кобое берсин.Оомин.
0
admin_superstan
2015-11-23 11:02:39
kobra86, hanisa, жеке билдирүүлөрдү купуя менен жазыңыздар!
0
№ 680, 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан