«Сулуулук атласы» – бул дүйнө жүзүндөгү 37 мамлекеттен тартылып алынган айымдардын сүрөтү камтылган фотодолбоор. Аталган долбоордун өзгөчөлүгү – анын тизмесине тиркелген айымдар адаттагы сулуулук сынактарынын катышуучуларынан кыйла айырмаланышат. Себеби «Сулуулук атласынын» негиздөөчүсү румыниялык фотограф Михаэла Норок дүйнө жүзүн кыдырып жүрүп ар кандай кесипти аркалаган айымдарды сүрөткө тартат. Жыйынтыгында анын колунда ар кайсы мамлекеттен түрдүү келбеттеги айымдардын сүрөттөрү чогулат. Дал ошол сүрөттөрдүн арасынан «Сулуулук атласына» татыктуулары гана тандалып, дүйнөнүн эӊ сулуу айымдарынын тизмесине кошулат.
Биздин каарман дал ушул долбоордун тизмегинен орун алып, Жер шарындагы эӊ сулуу айымдарынын бири деп табылган мекендешибиз 10-класстын окуучусу Канышай. Аны ушул жылдын жай мезгилинде Михаэла токоч сатып иштеп жаткан жеринен сүрөткө тартып кеткен. Канышайды түшкөн сүрөттөрүнөн улам назик, уялчаак кыз элестетип жолугушууга барсам, мени өктөм сүйлөгөн, эч нерседен тартынбаган ачык айрым кыз тосуп алды.
Экөөбүз шаар аралап, ал жайкы эс алууда иштеген токоч сатчу жерге баш бактык.
– Сен бул жерде иштебей калдыӊ беле?
– Ооба, токоч сатып 1 ай гана иштегем. Жайкы эс алууда үйдө бекер отурбайын деп ойлогом да. Анан эле бир күнү Михаэла токоч сатып алып «сени сүрөткө тартып алайынчы?» деди. Мен ал айымдын атактуу фотограф экенин да билген эмесмин. Турист болсо керек деген ойдо макул деп бир-эки сүрөткө түшүп койгом.
– Өзүӊдүн «Сулуулук атласына» киргениӊ тууралуу кабарды кимден уктуӊ?
– Бир досум «сенин сүрөтүӊ интернетте жүрөт» деп калды. Кийин башка тааныштарым да айтып башташты. Анан интернетке кирип, өзүмдүн сүрөтүмдү, дүйнөнүн сулуу айымдарынын бири болгонум тууралуу маалыматты окудум. Алгач ишенген жокмун, үйгө келип ата-энеме айтсам, башында алар түшүнүшпөдү. Ошондо аларга «Сулуулук атласы» деген долбоор, Михаэла тууралуу баарын айтып берген соӊ апам ыйлап жиберди. Андагы сезимдеримди азыр айтып түшүндүрө албайм. Үйдө 3 бир тууганбыз. Улуу агам, анан сиӊдим бар. Эми агам сабактан келсем «биздин жылдыз келе жатат, жолду бошоткула!» деп болушунча шылдыӊдайт.
– Досторуӊчу? Эки эсе көбөйсө керек?
– Социалдык тармактардан жолугушууга чакырып, мектепке чейин издеп келген жигиттер пайда болду. Ишенесизби, үйүмө да издеп барышат. Бирок андай жигиттер менен дос болмок тургай, алысыраак болууга аракет кылам. Досторум болсо мени менен сыймыктанышат.
– Бул окуя сенин жашооӊо кандай жаӊылыктарды киргизди?
– Журналисттердин көӊүл бурганы, интернеттеги жигиттерди эске албаганда жашоом мурункудай эле.
– Балким, фотомодель катары иштөөнү сунуштагандар чыккандыр?
– Баса, унутуп калган турбаймынбы. Ооба, алгачкы жолу жакында эле фотомодель катары иштеп көрдүм.
– Сыр болбосо биринчи гонорарыӊ канча болду?
– 1000 сом эле (күлүп).
– Бул башталышы эле да. Демек, фотомодель болбойм деген оюӊдан кайткан турбайсыӊбы?
– Подиумга эч качан чыкпайм. Бирок фотомодель болууга мүмкүнчүлүк болсо жок дебейм.
– Мектепти бүтсөӊ кайсы кесипти аркалоону каалайсыӊ?
– Стюардесса болгум келет. Ал болбосо өзүм бийлеп жүрөм, бий мектебин ачсам дейм
– Бийлөөдөн башка эмне менен алектенесиӊ?
– Француз тили боюнча кошумча сабакка барам, футбол менен машыгам. Бирок бул тууралуу айткандан уялам. Кантип кыз бала футбол ойносун дешип эл жаман көрсө керек, ээ? Анын үстүнө спорттун бул түрү менен алектенген кыздар аз. Ошого машыктыруучум экөөбүз эле алектенебиз.
– Михаэла менен байланышып турасыӊбы?
– Жакында Инстаграмдан өзү жазды. Экөөбүз жайында жолугуп, «Ала-Тоо» аянтынан сүрөткө түшкөн элек. Ошол сүрөттөрдү мага жиберди эле, бирок алардын баарын кокусунан өчүрүп албадымбы.
– Иштериӊе ийгилик!
– Рахмат!
Ошентип шаар аралап жүрүп курган маегибиз Совет жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде акырына чыгып, экөөбүз эки тарапка жөнөдүк. Канышай үйүнө, мен болсо бул маекти кагаз бетине түшүрүүгө кеӊсеге жол тарттым.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg