Жакында Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун 17 жаштагы тургунун зордуктап, денесине оор залал келтирген деген шек менен 3 жаран кармалды. Алар кызды Ош-Ноокат жолундагы талаага алып барып зордукташкан деп шектелишүүдө. Жабырлануучунун көрсөтмөсү боюнча үчөө аны ээн үйгө алып киришип, кийин талаадан да кыйнашкан.
«ҮЧӨӨ КЕЗЕКТЕШИП ЗОРДУКТАШТЫ»
Жабырлануучу 17 жаштагы Айгерим (белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлдү) Кара-Кулжа районунан Ош шаарындагы таежесиникине барып келе жатып ушундай окуяга туш болгонун айтып көрсөтмө берген:
– 20-октябрда апам Оштогу таежемдикине андан карызга алган акчаны жеткиргенче учураша кел деп жиберген. Ошто 2 күн турган соӊ 22-октябрь күнү үйгө кетүүгө камындым. Таежем Оштон Кара-Кулжага каттаган таксиге салып жиберди. Ош шаарынан чыга бериш жерге келгенде белгисиз унаа келип, мен кетип бара жаткан таксинин жолун тороп токтотту. Ал унаанын ичинен мага тааныш эмес белгисиз жигиттер түшүп келип, мени ой-боюма койбой унаадан сүйрөп түшүштү. Арачыга түшкөн таксистке бирөөсү «бул менин карындашым болот. Сиз аралашпаӊыз, карындашым үйдөн качып бараткан, өзүбүз чечебиз» деп кыйкырганыма карабай түшүрүп калышты. Колумдагы кийим-кече салган баштыгым ошол жерде калып калды.
Мени 8019 деген мамлекеттик номерлүү унаага салып алып жөнөштү. Ичинде 3 жигит бар экен. Алар жолдон бир дүкөндүн жанына келип токтошуп, арак-шарап алып ичишти. Андан соӊ Ноокат району тарапка кетип бара жаткан жолдо жайгашкан Алмалык айылына келишти. Ал айылдагы киши жашабаган ээн тамга алып киришкенде мен каршылык көрсөттүм. Үчөөнүн бири колдорумду байлап, бири тургузуп алып буттарыма темир түтүк менен чапкылашты. Кийин улам бири кезекке туруп зордукташты. Бул 22-октябрдан 23үнө караган түнү болгон окуя болчу. Түнү менен кыйнашты.
Эртеси жарык кирип калганда мени буту-колум байланган боюнча таштап кетип калышты. Кечки саат 6лар чамасында үчөө кайра келишти. Жанына бир бейтааныш кызды ээрчитип алышыптыр. Андан жардам болобу деп үмүттөнгөнүм менен ал дагы тигилердин таламын талашып, «айткандарын кылып койбойт белеӊ!» деп урушту. Ал менин ич кийимдеримди бербей алып койду. Колумду бошотушту, кийиндим. Үчөө мени алып чыгып унаага салып Ош-Ноокат жолундагы талаага алып барып дагы зордукташты. Андан кийин Жапалак айылына жакындап калганда жолго таштап коюшту. Мен ары-бери өткөн унаанын баарын тосо бердим. Караӊгы болуп калгандыктан унаалардын бири токтоп, абалымды байкап үйүнө алып барды. Эртеси буттарым баспай калыптыр. Үй ээлери «Тез жардам» чакыртып, мени ооруканага алып кетишти.
«ЖАБЫРЛАНУУЧУ ӨЗҮ МАКУЛ БОЛГОН»
Айгеримдин абалын көргөн оорукана кызматкерлери укук коргоо кызматкерлерине маалымдашкан. Бул боюнча издөө-иликтөө иштери жүргүзүлүп, 27-октябрда Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Папан айылынын 3 тургуну колго түшүрүлгөн. Алардын экөө 19 жашта болсо, бирөө 22 жашта. Кылмышка шектелип кармалгандар бардыгы жабырлануучунун өз каалоосу менен болгон дешүүдө:
– Биз ал кыз менен 23-октябрда Ош шаарындагы «Келечек» базарынан таанышканбыз. «Каякка барасыӊ, жеткирип коёлу» десек, «каякка алып барсаӊар, ошол жакка бара берем» деп унаага өзү отуруп алды. Чогуу Жапалак айылынын чыга бериш жерине бардык. Ал биздин сунушубузга макул болуп, анын өз каалоосу менен жыныстык катнашта болгонбуз. Анан ошол жерге таштап кетип калганбыз. Биз кызды бир эле жолу көргөнбүз, башка кезиктирген эмеспиз.
«ДЕНЕСИНДЕ ЗАПКЫ ЖЕГЕНДЕН КАЛГАН ТАКТАР БАР»
Бул кылмышты тергеп жаткан Ош ШИИБинин тергөөчүсү Нургазы Дыйкановго кайрылып, окуя тууралуу төмөнкүдөй маалымат алдык.
– Бул кылмыш боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Колго түшкөн үчөө Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. Жабырлануучу менен кылмышка шектүүлөрдүн көрсөтмөлөрүндө карама-каршы жагдайлар көп. Мунун баары тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат. Тиешелүү экспертизалар дайындалган, жыйынтыгы азырынча чыга элек. Бирок жабырлануучунун денесинде запкы жегенден калган тактар байкалып турат. Жабырлануучу жашы жете элек, ошондой эле ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам катары каттоодо тургандыгы белгилүү болду. Алгач кыздын туугандары табылгыча андан болгон окуя тууралуу социалдык кызматкерлердин катышуусу менен көрсөтмө алганбыз. Ал учурда кыз буттарынан алган жаракаттан баса албай жаткан. Азыр абалы жакшырып калганын медицина кызматкерлери кабарлашты.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg