«КЫЗЫМ АПАСЫН, СИӉДИЛЕРИН СУРАП ЗЭЭНДИ КЕЙИТЕТ»

«Ушул үйгө келгенде жээндеримдин кыткылыктаган күлкүсү угулуп, «таякем келди» деп алдымдан чуркап чыгышчу. Караӊызчы, бүгүн бир чоӊ үйдө жарык күйгүзөр адам жок, капкараӊгы бойдон турат. Карындашымды сүзгөн жигит бир үйдүн шамын өчүрдү» деп карындашынан жана карачечекей жээндеринен ажыраган Залкарбек Акалов каӊырыгы түтөп, бизге жакында эле болуп өткөн каргашалуу окуянын күнөөкөрүн кечирбестигин айтып жатты. Эмесе сөз башынан болсун.

КАН ЖОЛДО КАТТАЛГАН КЫРСЫК
Ушул жылдын 25-октябрь күнү кечки саат 11лер чамасында Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Петропавловка айылында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 4 адам каза таап, бир киши оор жаракат алган. Аларды Кара-Балта шаарында 1992-жылы туулган Абулазиз Турдиев аттуу адам Тойота Эстима үлгүсүндөгү жеӊил унаасы менен сүзүп кеткен.

Каза тапкандар жана жабыркагандар:

1. Канайым Ибраимова, 1969-жылкы (окуя болгон жерден каза тапкан).
2. Бүүмалика Акалова, 1982-жылкы (окуя болгон жерден каза тапкан).
3. Айназик Маматбекова, 2009-жылкы (окуя болгон жерден каза тапкан).
4. Жаӊылай Маматбекова, 2011-жылкы (окуя болгон жерден каза тапкан).
5. Таӊсыры Маматбекова, 2007-жылкы (жаракат алган).

«АЙДООЧУ ЖОЛДУН ЧЕТИНЕ ЧЫГЫП КЕТКЕН»
Биз жол кырсыгы катталган айылга барып, каза болгондордун жакындарына жолугуп, окуяны өз ооздорунан угуп кайттык. Алгач окуянын күбөсү Аскарбек Абжалиев көзүнө жаш ала буларды айтып берди:
– Биз Ош облусунун Кара-Кулжа районунан болобуз, бирок көп жылдан бери ушул айылда жашап келебиз. Ошол күнү иним Алтынбек Ошко кеткен. Туугандарыбыздын бири той берип, келиним 3 кызы менен ошол жакта болчу. Инимдин үйү биздикине жакын, бирок жолдун аркы өйүзүндө. Мен да тойдон жаӊы келип үйдө отургам. Аӊгыча эле кошуналардын бири чуркап келип, келиним Бүүмаликаны кыздары менен унаа сүзүп кеткенин айтты. Ошол замат эшикке чуркап чыгып, жолдо келинимдин кыздары менен жансыз жатканын көрүп өзүмдү жоготуп койдум. Келинимдин жанында дагы бирөө өлүп жатканынан алгач тааныган эмесмин, кийин анын той берген тууганыбыздын эжеси Канайым экенин билдим. Ал байкуш келинимди узатып чыкканбы же биздикине келе жатканбы, белгисиз. «Айдоочу ким?» десем, эч нерсе болбогондой машинага жөлөнүп алып телефондон сүйлөшүп жаткан жаш бала «мен» деди. Ачуум менен аны бир чабайын деп дареметим жетпеди. Бир маалда ошол жерде жүргөндөр инимдин Таӊсыры деген кызын «мунун жаны бар экен» дешип жол боюндагы бактардын арасынан таап чыгышты, ошол замат ооруканага алып жөнөдүм. Ал унаа сүзгөндө учуп барып даракка илинип, бутактар башына сайылып, кайра жерге кулап түшкөн экен. Учурда акыреги жана буту эки жеринен сынып, башы шишип ооруканада жатат. Окуяны ошол жерден бир коӊшубуз көрүптүр. Сүзгөн бала Кара-Балта тараптан катуу ылдамдыкта келе жатып бир унаадан ашам деп жолдун каршылаш тилкесине чыгып, алдынан КамАЗ чыга калганынан андан качып барып жол жээгинде турган инимдин үй-бүлөсүн сүзүптүр. Ушинтип биздин үйдө чоӊ жоготуу болуп, 20 күндөн бери кайгыда жүрөбүз. Ал эми сүзгөн айдоочу же анын туугандары бир басып келип кечирим сурап, маркумдарга бата кылууга жарашкан жок. Милиция кызматкерлери айдоочуну камашкан соӊ гана туугандары келишип кечирим сурашты эле «кечирбейбиз» дедик.

«КЕЛИНЧЕГИМ ЭГИЗ ТӨРӨМӨК»
Бир заматта келинчегинен жана 2 кызынан ажырап калган Алтынбек Абжалиев тирүү калган кызын карап учурда ооруканада. Ага барып жолугуп, кызынын абалын сурап кайттык:
– Ошол күнү Ошко ата-энеме жолугууга бараткам. Бир убакта келинчегим телефон чалып «жакшы эле кетип баратасыӊбы?» деп абалымды сураган. Арадан жарым саат өтпөй агам телефон чалып «үй-бүлөӊдү машина уруп кетти, кайт жолдон!» деди. «Арасында тирүүсү барбы?» десем, «билбейм, баары эле жолдо жатат» дегенин угуп эсим ооп кулап калыптырмын. Жанымдагы шеригим жарым сааттан соӊ өзүмө келтириптир. Кайра такси жалдап артка кайттым.
Бир гана 2-класста окуган Таӊсыры деген кызым тирүү калды. Кичинекейлерим бала бакчага барчу. Учурда Таӊсырынын абалы оор, жандандыруу бөлүмүнөн жаӊы чыкты. Дарыгерлер операция жасашмак, бирок кызымдын каны аз болгондуктан убактылуу токтотушту. Ал күнүгө апасын, сиӊдилерин сурап, аларга барам деп ыйлап зээнимди кейитет. Мындан аркы жашоом кандай болорун элестете да албайм. 20 күндүн ичинде ар нерсени ойлоно берип чачым агарып кетти. Келинчегим кош бойлуу эле, УЗИге түшсө, дарыгерлер «Эгиз төрөйт экенсиз, бир уул, бир кыз!» деп сүйүнчүлөшүп, келинчегим сүйүнүп, чөнтөгүнөн 200 сом алып чыгып «буга балмуздак жеӊиздер» деп тигилерге берген. Буюрса, 2-3 айдан кийин төрөйт деп күтүп жүргөнбүз. Тилекке каршы, бир акмактын айынан каран түнгө түшүп, сүйүнүчтүү күнгө жетпей калдык. Үй-бүлөмдү сүзгөн айдоочу камалганын уккам, милиция кызматкерлерине арыз да жазган жокмун, мыйзам чегинде адилеттүү жазасын алса болду. Азыр ушул кызым менен алышып жүрөм, болгон үмүтүм ушул кызымда эле калды, эми бешенеме бар болсун!

«АЙДООЧУ УБАКТЫЛУУ КАМАЛДЫ»
Бул окуя боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын кызматкери Асылбек Токтомушевге кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– 5 кишини сүзүп кеткенге шектелген айдоочу ошол эле күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаасы айып аянтчасына жеткирилген. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмү (транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу, бир нече адамдын өлүмүнө алып келсе) боюнча кылмыш иши козголду. Окуя боюнча иликтөөлөр жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Алардын жыйынтыгы азырынча чыга элек.
Адатта жол кырсыгы катталганда эки жак элдешип алып, күнөөлүү айдоочу жазаланбай калат. Бул көрүнүш, жаза албай калуу жол кырсыктарынын көбөйүшүнүн олуттуу себеби болушу мүмкүн.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жол кырсыгынан кош бойлуу жубайымдан, эки кызымдан ажырадым"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (48)
perichte
2015-11-18 10:28:07
Кырсыктан кудайым озу сактасын!Жакындарына сабырдуулук тилейм!!!
+1
Gulshan_kf
2015-11-18 11:49:22
Жаткан жерлери жайлуу болсун! Дагы деле ишене албайм, кечээ эле кубанып аттык эле, уч кыздан кийин уул торойт экенсиз деп! !!!
0
peri-jan
2015-11-18 12:59:51
Бакырып ыйлагым келип жатат (((
0
alconi100
2015-11-18 15:50:57
Чыдай албай козумо жаш алды .сабыр кылыныз алланын иши экен да.Тансырыга омур берин .
0
SERG
2015-11-19 03:14:37
Сабыр кылыныз байке жаткан жерлери жайлуу болсун. Тиги акмакты камап турмодо чиритуу керек акырын айдаса болмок.
+1
Talantchik
2015-11-19 09:35:37
Байкуштар :-( :-(
0
aliya22
2015-11-19 16:20:14
Аябай окунучтуу,ыйладым.
0
aliya22
2015-11-19 16:22:11
Тансырынын атасы менен кандай байланышса болот,админ.
0
Take_men
2015-11-21 16:50:10
aliya22,Атасы менен байланыша алдынарбы?
0
nurbaKG
2015-11-19 18:32:08
Менин колума салып берсе ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2015-11-20 09:38:45
nurbaKG, провокация жаратуучу билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз! Эскертүү!
0
Akyikatbala
2015-11-20 11:15:04
козумон жаш айланып кетти.
0
gulaza
2015-11-20 11:32:45
Жаткан жери жайлуу болсун
+2
Nasyrkg
2015-11-20 23:02:10
Машинага жолонуп алып тел.менен суйлошуп жаткан жеринен олтуруп салса болмок эшекти населенный пункттанда авгонго чыгабы айбан
+3
aylin.kg
2015-11-21 23:17:30
Аллахым ар бирибизге ыйман, сыбыр берсин экен эн биринчи.
+1
Ainuuurka
2015-11-22 00:40:55
Ото оор жоготууга учураптырсыз.Аллахым сизге сабыр берсин,кызынызга шыпаа берсин.
+1
muslimka14
2016-02-02 15:44:27
Сабыр...
0
№ 680, 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан