28-31-октябрь аралыгында Сербияда кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугу болуп, анда кыргыз спортчулары 1 алтын жана 2 күмүш медаль тагынышты. 54 килограмм салмак категориясында Уланбек Касымбеков бардык атаандаштарынан мыкты болуп, Дүйнө чемпиону аталды.
КАСЫМБЕКОВ УЛАНБЕК ТОКТОРАЛИЕВИЧ
Жашы – 25
Жетишкендиктери – Эки жолку Азия чемпиону (2012-2015-жылдар), Дүйнө Кубогунун 2 жолку ээси, Азия оюндарында коло медаль (Инчхон, 2013-жыл), Дүйнө чемпиондугунда коло байге (Анталья, 2013-жыл). Дүйнө чемпиону (Белград, 2015-жыл).
Машыктыруучусу – Алтай Өмүрбаев
2 КҮМҮШ, БИР АЛТЫН
Октябрь айынын соӊунда Сербиянын борбору Белград калаасы кикбокс боюнча дүйнөнүн эӊ мыкты мушкерлерин чогултту. Анда беделдүү WAKO версиясынын лоу кик, кик-лайт жана К1 түрлөрү боюнча мелдештер орун алды. Аталган мелдешке өлкөбүздүн желеги астында 15 спортчу катышты. Улуттук курамда Эрик Воинов, Алексей Федосеев жана башка спортчулар менен кыздар арасында жалгыз Айсулуу Эркинбек кызы бар эле.
57 килограмм салмакта финалда Авазбек Аманбеков орус мушкери Сергей Уржакка жеӊилип, 2-орунду алды. Ошондой эле К1 түрү боюнча Рустам Ибрагимов да финалда казак мушкери Чингис Тлемисовго жеӊишти алдырып жиберди. Ал эми 54 килограмм салмакта Уланбек Касымбеков намыска жарап, бардык атаандаштарынан мыкты болду. Мекендешибиз Дүйнө чемпиону!
«ЧЕМПИОН БОЛУУ ОӉОЙГО ТУРГАН ЖОК»
Мекендешибиз чемпиондуктан келген соӊ кубанычы менен бөлүшүп өттү.
– Жеӊишиӊиз менен куттуктайм! Алгач бул чемпиондук тууралуу кыскача айта кетсеӊиз?
– Чоӊ рахмат! Бул Дүйнөлүк чемпиондук WAKO деген версия боюнча эки жылда бир жолу өткөрүлөт. Аталган мелдеш кикбокс боюнча эӊ олуттуу мелдештердин катарында. Бул жылы өткөн чемпиондукка 60ка жакын өлкөнүн спортчулары катышышты. Мындай беттештерге жөнөкөй спортчу катышпайт, эӊ күчтүү делген спортчулар гана катышууга укук алышат. WAKO версиясы боюнча акыркы жолу кыргыз спортчуларынан ыраматылык Руслан Абасов 2003-жылы уткандан бери эч ким ута элек.
– Чемпиондукка карай жол кандай болду?
– Мен 54 килограмм салмакта лоу кик түрү боюнча беттеш өткөрдүм. Ар бир мушкер жалпы 4 айлампада 3 раунддук беттештерди өткөрмөк. Менин биринчи беттешим чүчү кулак боюнча бош болуп, дароо 3-айлампага өттүм. Алгач италиялык Иван Скиолл аттуу мушкерди жеӊип алдым. Андан соӊ Мавритания өлкөсүнүн мушкерин утуп, финалда Марокконун спортчусу Иссам Бугадир менен беттештим.
– Бул мелдешке кандай даярдык көрдүӊүз? Башында эле чемпион болуу максат менен бардыӊыз беле?
– Чындыгында, ар бир спортчу биринчи болгусу келет. Өз өлкөсүнүн гимни жаӊырышын каалайт. Тилекке каршы, алтын медаль бир эле адамга буюрат. Андыктан өткөргөн беттештердин ар бири татаал болду. Алардын арасынан финалдагы марокколук менен болгон беттешти өзгөчө деп айтсам болот. Ал башында эле эӊ күчтүү спортчу саналган, бул чемпиондуктун талашсыз фаворити болгон орусиялык мушкерди утуп алды. Андан соӊ Бразилия, АКШ, Азербайжандын спортчуларын утуп, финалга чыккан.
– Финалдык беттеш кандай өттү?
– Финалда толкундоолор болбой койгон жок. Башында бир аз катачылык кетирип, бара-бара өзүмө келдим. Мен рингде уруш темпин башкарып иштейм, башкача айтканда, беттешти көзөмөлдөөгө аракет кылам. Алгач утулумуш болуп атаандашты чарчатасыӊ. Беттеш соӊунда чечүүчү чабуулга өтмөй.
Иссам экөөбүз теӊ бири-бирибизге утулгубуз келген жок. Ал 1-раундда утса, мен экинчисин жеӊдим. Чечүүчү раундду мен активдүү өткөрүп, калыстар жеӊишти мага ыйгарышты. Беттештен соӊ атаандашым жашын тыя албай, шолоктоп ыйлап жиберди.
– Спорт менен качантан бери доссуз?
– Спортко кичинемден тарта эле кызыгып, буга чейин каратэ, эркин күрөш менен машыгып келгем. Кикбокско бир досум аркылуу келип калгам.
– Уруш спортун эмес, олимпиадага кирген спорт түрүн тандабапмын деген ойлор жаралабы?
– Билбейм. Мен кичинемден эле спортко жакын болчумун, эркин күрөш менен машыгып жүрүп кикбокско келдим. Анын да себеби бар. Бир жолу көчөдөн балдар көптөп сабап кетишкен. Ошондон улам досум «күрөш эч жардам бере алган жок. Андан көрө эрежесиз урушка катышалы» деп «Алыш» спорт клубундагы Алтай Өмүрбаев аттуу агай менен тааныштырган. Башында вале-тудо, эрежесиз уруш менен машыгып жүрдүм. Алтай агай өзү кикбокс боюнча машыктыруучу, кийинчерээк бул спорт менен тааныштырды. Агай мени өз баласындай тарбиялап, ушул даражага жеткизип отурат. Кикбокс менен олуттуу машыгып, көчөдө да көп баспай калдым, тентектигим да азайды.
– Уруш спорт түрлөрү менен машыгууга көпчүлүк ата-энелер каршы болушчу эле...
– Ооба, көпчүлүк ата-энелер балдары уруш спорту менен машыкса эле бейбаш, тентек бала чыгат деп ойлошот. Бирок чындыгында андай эмес. Спорт менен алектенгенде бош убакыт деген жок. Машыктыруучулар да ар тараптан көзөмөлдөп, туура жолго салып турушат. Апам башында каршы болчу, бирок азыр көк ала шишиктериме көнүп калды.
– Жеке жашооӊуз тууралуу айта кетсеӊиз?
– Өзүм Жалал-Абад облусунун Кербен шаарчасынан болом. 7 жылдан бери Бишкекте жашап, машыгып келем. Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайдын музыка факультетин бүтүргөм. Бойдокмун.
– Маегиӊизге чоӊ рахмат!
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg