ҮЙ ЖЫЛЫТУУЧУ МЕШТЕР

Кыш жакындаганда жер тамдарда отун алуу, меш салуу, морун тазалоо сыяктуу маселелер жаралат. Учурда үйдү жылытуу үчүн кандай мештер ыӊгайлуу, үнөмдүү деген суроолорго Энергетикалык ресурсту эффективдүү пайдалануу технологиялары жана курулуш иштери боюнча ассоциациясынын мастери Талантбек Ниязалиев жана ширетүүчү Марсбек Ниязалиев жооп беришет.

КҮЛ ЧЫГАРБАГАН МЕШ
Отунга үнөмдүү мештин мындай түрүн орноткондон кийин жылуулук чыгарууну көзөмөлдөөчү автоматиканы бурап, каалаган температурага коюп алсаӊыз болот. Жылуулук сиз тандаган көрсөткүчкө жеткенде мештин жылытуу системи автоматтык түрдө өчүп, бөлмөдөгү температура бир нече саатка чейин сакталат.
Эгер мешке 2 чака көмүр салсаӊыз, ал 10 сааттай убакытта күйүп бүтөт. Мындан кийин кайра отун, көмүр же көӊ салбасаӊыз деле өзү автоматтык түрдө чокту кайрадан иштетип максималдуу жылуулукка жеткирип, үйдөгү температураны 7-8 саатка чейин сактап турат.
Бул мешти орнотуу менен кааласаӊыз мончо, күнөскана, времянка, чоӊ үйүӊүздү, жадакалса сарайыӊызды да жылыта аласыз. Ал үчүн бул жайларга мешке туташтырылган түтүктөр орнотулушу шарт. Эгер кайсы бир жайыӊызды жылытуу зарыл эмес болсо, анда ал жакка кетчү түтүктүн буроосун бекитип койсоӊуз болот.
Бул мештин артыкчылыгы – эмне жакпаӊыз баары күйө берет. Суу отун, көмүрдүн майдасын гана эмес, дөӊгөлөк жаксаӊыз да ышы, жыты жок күйгүзүп жылуулук берет. Жана да күнүгө боз ала чаӊ болуп күлүн чыгарбайсыз, чокту кайрадан иштеткендиктен аз өлчөмдө калдык чыгарат.
Кемчилиги – мештин үстүнө тамак-аш жасоого болбойт, бузулса атайын адистин жардамы керектелет.

ИЧИНДЕ ФЛЯГАСЫ БАР МЕШ
Азыр шаарда болбосо да айылдагы үйүӊүздө жок дегенде бирден фляга бар. Көп эле үй-бүлөнүн короосунан суу чыгарып алышканын көрүп жүрөбүз. Ошондо негизги милдетинен кутулуп, иштен чыгып калган флягаларды эми үй жылыткыч катары колдонсоӊуз болот.

ЫСЫКТЫ КӨПКӨ САКТАЙТ
Адамдан амал качып кутулбайт. Көп түйшүктү талап кылбаган, эгер үйдө эркек жок болсо аял деле жасап ала турган жылуулук берүүчү буюм. Ал үчүн чоподон жасалган карапа менен шам керек. Чопо ысыкка чыдамдуу, ысыкты өзүнө бат тартып алып, көпкө кармайт.
Негизи бул чопо карапалар чоӊ үйдү эмес, времянканы гана жылыта алат. Бир маал мешке от жагып коюп отунду үнөмдөө максатында ушундай ыкманы колдонсоӊуз да болот.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
admin_superstan
2015-11-17 12:58:28
Aiya-2012, талкуудан алыстабаңыз!
0
sharolli
2015-11-20 09:39:41
Ушундай пайдалуу кенештерди берип турсанар жакшы!
Суйун Кулматова сизге рахмат!!!
0
Baktyard_seksenbek-uulu
2015-11-22 12:32:11
Жакшы экен . Буйруса мен да ушундай меш алайын деп ойлонуп калдым . Баасы деле жакшы экен . Бир алып алсаң , көп жылдар бою ыңгайлу жакшы шарттуу болот да
0
perichte
2015-11-22 20:05:05
Мындай мештерди кайдан алса болот экен билгендер айтып койгулачы
+1
Bayanova
2016-04-05 12:50:01
Саламвтсыздарбы! Супер инфо сураныч, ушуга окшош мештин 3в 1 бар экен го, устундо тамак даярдап, духовкасы бар, ошолор боюнча маалымат алып жазыныздарчы. Жана кайсыл жерден сатып алууга болот
0
admin_superstan
2016-04-05 16:07:43
Bayanova, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилген. Улам кайталап жаза берүүдөн алыс болуңуз.
0
№ 680, 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан