Таштанды тазалоочу: «Мугалимдин айлыгы аз болгондуктан таштанды тазалагыч болуп кеттим»

«Ар бир кесип ардактуу» деген кеп бар эмеспи. Ден соолугуӊ чыӊ болсо, ак эмгегиӊ менен нан таап жегенге эмне жетсин? Бүгүнкү каармандарыбыздын урааны – «Биз – таза шаар үчүн!» Тагыраак айтканда, борбор калаабыздан кай бирде таштанды ташыган унаага жабышып же үстүнө отуруп алган таштанды тазалоочулардын кесибинин күнгөй-тескейи менен тааныштырабыз.



Маалымат үчүн:

Борбор калаабызды 153 таштанды тазалоочу кызматкер жана 135 айдоочу таштандыдан арылтат.
Бишкек шаарынын аймагынан жылына 2 миллиондон ашуун метр куб, күнүнө 7 миӊ метр куб таштанды тазаланат.
Таштанды ташуучу 130 унаа бар, анын 75тейи гана иштейт. Көпчүлүгү союздан калгандыктан «пенсияга» чыккан.
Бишкек шаарында 6 миӊдей таштанды салуучу челек бар, бирок калктын санына ылайык алардын саны 2 эсеге көп болушу керек.

«КЭЭДЕ ТАШТАНДЫ ТАЗАЛООЧУ ЭКЕНДИГИМЕ СЫЙМЫКТАНАМ»
«Тазалык» муниципалдык ишканасында Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында таштанды тазалап эмгектенген Садырбек Кырбашов өзүнүн кесиби тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 4 жылдан бери таштанды тазалоочу болуп иштейм. Өзүмдүн кесибим тракторист болчу, айдоочулук күбөлүгүмдү жоготуп алып бул жакта иштей баштадым. Мурда 10-12 миӊ сом айлык акы алчубуз, 2 айдан бери 18-20 миӊ сом болуп көтөрүлдү. Курулуш иштеринде иштеп, айлыгын ала албай жүргөндөр да бар. Мага жумушумдун жаккан жагы – айлык убагында тиет. 2 кыз, 1 уулум бар, аларды багууга тапкан акчам жетиштүү. Иштеген ишимден уялбайм, жамандык кылган жокмун, ак эмгек, маӊдай терим менен акча табам. Жумасына бир күндөн кезектешип эс алабыз, калган күндөрү иш. Негизи жумушка эртеӊ менен 7де келип, кечки 6да кетишибиз керек. Өзүбүзгө бөлүнгөн аймакты эртерээк тазаласак, жумуш күнүбүз да эрте аяктайт, ал эми кеч тазаласак, кээ бирде түн ортосуна чейин иштемей. Кышкысын суук, бирок унаанын жылыткычы бар, ошого жылынабыз. Тамак өзүбүздөн. Кечке иштеп кийимдерибиз кирдеп, сасып кетет. Жумуштан соӊ ишканадагы душка түшүп, таза кийимдерибизди кийип үйгө кетебиз.
Жаӊы эле таштандыны тазалап кетсек, кайра эле чыгарып салышат. Унаа менен кетип баратып таштанды салынуучу челекке жеткирбей ыргытып кеткендер да бар. Негизи эл курулуш материалдарын бул челекке таштабаш керек, бирок таштай беришет. Иттин, мышыктын да өлүктөрүн таштап салышат. 2-3 жолу жапжаӊы уюлдук телефон таап алган күндөрүм болду. Аларды чогуу иштешкен балдарга берип салгам, бирөөнүн телефонун көтөрүү коркунучтуу да. Кээде капчык таап алабыз. Бир ирет бир баштык толо тыйын таап алгам.
Кээ бирөөлөр контейнердин жанына чейин басып келишет да, акыр-чикирин ичине таштабай, жанына чачып басып кетишет. Айтсаӊ кээ бирөөсү уялып калса, кээ бирөөсү «сен ушул үчүн айлык алып жатасыӊ, тазалоо сенин милдетиӊ» деп жаман көрүшөт. Айрымдар жакшы сөздөрүн айтышса ичибизден бул жумушта иштеп жатканыбызга кубанып калабыз. Кай бири кечинде жеп жаткан тамагынын калдыктарын баштыкка салып алып мурдун жаап жийиркенип көтөрүп келишет. Аларга «муну жеп жатканда жийиркенбей, эми жийиркенесиӊби?» деп айтам.
Мурда айлык аз кезде таштанды ташуучу унаанын артына чоӊ каптарды илип алып бирине коробка, бирине желим бөтөлкөлөрдү чогултуп сатчубуз. Азыр айлык көбөйгөнү жетекчилик ага тыюу салды. Себебин «шаарга чет өлкөдөн келген коноктор көрсө уят» деп түшүндүрүштү. Кээде жолдо кетип баратканда каптар айрылып кетип бөтөлкөлөр көчөгө чачылып, айдоочуларга ыӊгайсыздык жаратчу. Жаӊы жумушка орношкондо бет кап кийип алчумун. Тердеп, дем ала албай калат экенсиӊ. Азыр бет капсыз эле иштейм, оору жугуп калуудан Кудай сактасын.

«АДАМДАРДЫН ӨЛҮГҮН ТАШТАП КЕТКЕНДЕР БОЛОТ»
Ал эми 13 жылдан бери таштанды ташуучу унаанын айдоочусу болуп эмгектенген Нурлан Базарбаев бул кесип тууралуу билгендерин кошумчалады:
– Таштанды тазалоочулардын арасында көп жылдан бери иштегендер, жаӊы иштей баштаган жаш жигиттер, жогорку билимдүүлөрү да бар. Мен бул жумуштун уяты жок деп эсептейм, өзүбүздүн шаарды өзүбүз тазалабасак башка ким тазалап берет? Биздин жумуш деле оор. Күндүн ысык-суугуна карабай иштейбиз. Шаар тургундары таштандыны чачып таштап кетишет же азыр тазаласаӊ деле артыӊдан келип кайра таштандыга толтуруп салышат. Анан ким жаман, биз жаман. Кээде кызыктар болот. Кээ бир кызматкерлер уюлдук телефон таап алышат. Ээлерине кайтарып бергендери да бар. Кээде маршруткадан чөнтөкчүлөр бирөөнүн капчыгын уурдап, акчасын алып капчыгын, документин таштандыга таштап кетишкенде биздин балдар табышат.
Бир жолу Бакыт деген жигит Манас проспектиси менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен контейнерден алтын чынжырча таап алган. Таштанды жүктөгөн балдар контейнерди тазалап жатышса селсаяктар келип «бул жердеги коробка, желим бөтөлкөлөрдүн бардыгы бизге карайт. Силер эмне алып кетип жатасыӊар?» деп уруш чыгарган күндөр болгон. Мындан 5 жыл мурун бир кызды өлтүрүп, жылаӊачтап таштанды салган челектин ичине таштап кетишиптир. Аны кызматкерлерибиз байкабай, челекти унаанын ичине көӊтөрүп салышат. Айдоочу болсо унааны шаар четиндеги таштанды төгүүчү жайга алып барып төккөндө гана көрүптүр. Ушул сыяктуу түркүн окуялар кездешет. Өзүмдүн 4 кызым бар. Музыка мугалими болуп иштечүмүн, айлыгы аз болгондуктан бул жакка келгем. Азыр тапканым үй-бүлөмдү багууга жетет. Негизги маселебиз – таштанды ташыган унаалар жетишсиз, эскилиги жетип, бат-баттан бузулат.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Таштанды тазалоочу: "Адамдардын өлүгүн таштап кеткендер болот"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Sayragul
2015-11-16 09:43:34
Ооба, кээ бирлер барктабастан ыргытып, чачып, кетишет. Эмгегин баалап, тазалыкты сактасак жакшы болот.
+1
kobra86
2015-11-16 10:57:12
Алла ыразы болсун!
+1
joni040494
2015-11-16 16:30:57
Рахмаат силерге
0
balzak
2015-11-16 16:40:27
рахмат Сиздерге, "тазалык-тазалаган жерде эмес,таза сактаган жерде", тазалыкты сактай билели!
0
AFFANCULO
2015-11-17 05:05:22
,жолго таштанды таштаган адамдар маданиятсыз чочколор да!!
0
Sagidko88
2015-11-17 10:56:48
агаларыбыздын мээнетин тушунуп, мусор токкондо маданиятты сактагыла. урнага салалычы) рахмат сиздерге!
0
Shahrizaada
2015-11-18 00:15:12
ХХХ ХХХ депуттардын аялында, баласында, кызында бирден машына. Оздору мамлекеттин машынасы айдоочусу менен, ээк ХХХ ХХХ, тешип чыгаар кун бар бекен ушу элди ХХХ ХХХ ХХХ. Шаардын тазалыгы учун авто унаа берип коюшса эмне?
+2
admin_superstan
2015-11-18 10:24:31
Shahrizaada, этика нормаларын сактап, кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз!
0
aikarus8384
2015-11-18 01:06:45
Негизи бизде тезжардам машиналары, ушуга окшогон элге кызмат кылган техникалар аябай начар ал эми депутаттарды ташыган машиналар болсо тез тез жаныланып турут.
0
jon.as
2015-11-18 10:05:50
Адам баласы мандай теери менен таап жеген оокатыгана синимдуу, жугумдуу болот. Ишинерге ийгилик жигиттер, ден соолукта болгула. Эл учун кылган кызматынарга терен раазычылык.
0
Nurzat1
2015-11-18 10:27:51
азаматсыздар сиздерге ден соолук
0
gulaza
2015-11-20 11:24:09
Таза коом таза шаар
0
Taalaibek.
2015-11-20 12:49:52
Урматтуу "Супер-инфо!" Мен айдоочу болуп иштейин дедим эле. Кимге кайрылсам болот? Унаанын тетиктеринин баардыгын ондой алам. Тетик алып беришсе, убагы отуп кеткен унааны деле ондоп айдай берем.
0
arsenal
2015-12-03 20:32:52
"Ар бир кесип ардактуу" ишинерге ийгилик!!!
0
№ 680, 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан