БЕНЗИН.KG: КАЙДАН, КАНЧАДАН, ЭМНЕ ҮЧҮН?

Күн сайын миӊдеген автоунаа ээлери көтөрүлүп бараткан бааларга даттануу менен унааларына бензин жана күйүүчү май куюшат. Чынында эле ошондойбу? Дегеле, Кыргызстанга күйүүчү май кайдан келет? Эмне үчүн дүйнөдө мунай арзандап, бензиндин баасы болсо көтөрүлүп жатат?

КҮЙҮҮЧҮ-МАЙЛООЧУ МАТЕРИАЛДАРДЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда мунай сырьёсун камдоо жокко эсе. Учурда өлкөбүздүн аймагында мунайды кайра иштеп чыгаруучу 4 завод иштетилүүдө – «Чайна Петроль Компани Жунда», «Кыргыз Петролеум Компани», «Токмок нефтини кайра иштетүүчү заводу», «Таш-Көмүр нефтини кайра иштетүүчү заводу». Бирок сырьёнун аздыгынан улам алар калктын күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон муктаждыгын толугу менен камсыз кыла албайт. Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон жылдык муктаждыгы 1 миллион 100 миӊ тоннадан ашуун болсо, айлык муктаждыгы – 100 миӊ тонна. Өлкөбүздө күйүүчү майды жеткирүү жана аны сатуу менен 20га жакын ишкана алектенет. Алардын арасынан эӊ ирилерине – «Газпром нефть Азия» ЖЧКсы («Газпромнефть» АЗСтер тармагы), «Кыргызнефтетрейдинг» ЖЧКсы, «Биорг Ойл» ЖЧКсы («Petroleum» АЗСтер тармагы), «ШНОС» ЖЧКсы («BishkekPetroleum» АЗСтер тармагы), «Кыргыз Мунай» ЖЧКсы («Кыргыз Мунай» АЗСтер тармагы) жана «Бишкек нефть компаниясы» («Роснефть» АЗСтер тармагы) кирет. Жалпы Кыргызстан боюнча автомай коюучу бекеттердин саны 600гө жакын.
Жогоруда көрсөтүлгөн жана башка ишканалар күйүүчү-майлоочу материалдарды орусиялык Омск, Орск, Астрахань, Салават, Нижнекамск, Нижневартовск мунай иштеп чыгаруучу заводдорунан сатып алышат. Мунай иштеп чыгаруучу заводдордун өткөрүлө турган баалары Санкт-Петербургдагы эл аралык товар-сырьёлук биржасында болгон соодалашуунун негизинде түзүлөт. Көӊүлүбүздү төмөнкү фактка буруубуз зарыл, орусиялык өндүрүүчүнүн астында, эӊ биринчиден, өзүнүн базарын камсыз кылуу максаты турат, ал эми, экспорт маселеси экинчи орунга жылып калат. Бул нерсени биз орусиялык мунай иштеп чыгаруучу заводдордо кандайдыр бир чукул абал болсо же оӊдоо иштери боюнча жабылып калса жана Орусияда күйүүчү-майлоочу материалга болгон суроо-талап чукул көтөрүлгөн убакта байкасак болот. Ушундан улам, Кыргызстанда да мунай өндүрүмдөрүнүн жетишпегендиги билинип же бензин менен дизелге болгон баалар көтөрүлүп баштайт.

ЭМНЕ ҮЧҮН КАЗАКСТАНДЫН КҮЙҮҮЧҮ МАЙЫ ЭМЕС?
Көпчүлүк айдоочулар «кошуна Казакстанда бензиндин баасы бизге караганда алда канча төмөн» дешет. Күйүүчү майды ыӊгайлуу баада алардан эле сатып алуу оӊ эмеспи? Бул суроого жооп коӊшу мамлекеттин ички саясатында камтылат. Казакстанда күйүүчү-майлоочу материалдардын экспорттолушуна чектөө коюлган. Мунай өндүрүүчү жана мунайды кайра иштеп чыгаруучу тармак казак өкмөтүнүн катаал карамагында туруп, мунайга болгон баалар да мамлекет тарабынан бекитилет. Казакстандагы мунайды кайра иштетип чыгаруучу заводдордун кубаттуулугу өзүлөрүнүн күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон муктаждыгынын 70 пайызын гана жабат, калган 30 пайызын мамлекет Орусиядан импорттоого аргасыз. Казакстандык аткаминерлердин билдирүүсүнө караганда, өз мунай кайра иштеп чыгаруучу заводдорун жаӊылоону жүзөгө ашыруу жана өлкөдөгү муктаждыгын 100 пайызга чейин камсыз кылуу 2018-жылга гана пландаштырылган. Ошондуктан Казакстандагы авто май бекеттеринде күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон чубалган кезектерди байкоого болот. Ошондой эле бир сатып алуучуга күйүүчү майды сатууда чектөө киргизилген.
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директорунун милдетин аткаруучусу Улан Кулов: «Кыргызстан Орусиядан 100 пайызга жакын күйүүчү-майлоочу материалдарды алып келет. Анткени Казакстандан күйүүчү майды импорттоо үчүн мамлекет аралык атайын келишим түзүү керек. Ал эми Кара-Балта менен Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетип чыгаруучу заводдор сырьёнун аздыгынан күйүүчү майды өтө эле аз чыгарып, мамлекеттин муктаждыгын камсыз кылууга ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кудурети жетпей калып жатат»,- дейт.

БЕНЗИНГЕ БОЛГОН БАА КАНТИП АНЫКТАЛАТ?
Учурда ата мекендик авто май бекет станцияларында эӊ белгилүү АИ 92 бензин маркасынын баасы 1 литрине 42 сомдун тегерегин түзөт, ал эми АИ 95 – 45 сом, АИ 98 – 47 сом. Атайын тармак ассоциациясынын маалыматы боюнча, бензин менен дизелдик майдын баасы бир нече факторлордон улам аныкталат: Орусиялык заводдордун өткөрө турган баасынан (60%), күйүүчү майды Кыргызстанга жеткирүү чыгымдарынан (15%), жергиликтүү салыктарды төлөөдөн (19%), күйүүчү-майлоочу майдын Кыргыз Республикасы боюнча ташуудан (1%), кичине маржа менен айландыруунун сарпталышынан (5%га жакын).
Калк арасында бензин менен дизелдик майдын баасы жасалма түрдө көтөрүлгөндүгү тууралуу сөздөр жүрүүдө. Себеби дүйнөлүк рынокто мунайга болгон баа эки эсе төмөндөсө, ошол эле убакта күйүүчү-майлоочу майга болгон баанын көтөрүлүшү түшүнүксүз болуп турат. Чындыгында, мунайга болгон дүйнөлүк баа менен күйүүчү-майлоочу материалдардын баасынын түздөн-түз байланышы бар экени жаӊылыш ой. Бул тууралуу Улан Кулов «Мунай – бул сырьё, ал эми мунай өндүрүмдөрү бензин, дизелдик күйүүчү май жана башкалар – бул даяр өндүрүмдөр. Бул өндүрүмдөр мунайды узак жана кымбат кайра иштеп чыгаруунун натыйжасында келген. Биз автоунааларды мунай менен эмес, бензин менен толтурабыз да. Бул экөө таптакыр ар башка түшүнүктөр болуп саналгандыгы үчүн биз алардын бааларын салыштыра албайбыз. Эгерде мунайга болгон дүйнөлүк баа 50 пайызга чейин төмөндөсө да, күйүүчү-майлоочу майдын баасы көп болсо 5 пайызга чейин төмөндөйт» деген оюн айтты.
Мындан тышкары, биздин мамлекет күйүүчү майды сырттан ташууга аргасыз, буга болсо кошумча чыгымдар коройт. Авто май бекеттериндеги чекене бааларга күйүүчү-майлоочу материалдардын сатылып алынган баасы менен анын Орусиядан Кыргызстанга чейин ташылуусуна доллардын эсеби да өз таасирин тийгизет. Былтыркы жылдын октябрь айында АКШнын 1 доллары орточо эсеп менен 55,9 сомду түзсө, 2015-жылдын октябрь айында доллар 69,2 сомго жетти, башкача айтканда, бир жыл ичинде доллардын баасы 13 сомдон ашык жогорулады. Эми АИ 92 бензининин өткөн жылдын октябрь айындагы баасы менен бул жылкы баасын салыштыралы: өткөн жылы бензиндин литри 48-49 сомду же 0,88 долларды түзгөн, ал эми бул жылы болсо, бензиндин бир литри 42 сомду, же 0,61 долларды түзөт. Демек, азыр АИ 92 сериясындагы бензин 2014-жылга караганда 18 сомго, же 0,27 долларга арзан. Белгилеп кетчү жагдай, биздин өкмөт жергиликтүү нефтетрейдерлерге айдоочулардын чөнтөгү аркылуу ашыра киреше табууга мүмкүнчүлүк бербей, күйүүчү-майлоочу материалдардын баалык түзүмүнө активдүү катышып келет. Муну Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көзөмөлдөп турат.
2008-жылы аталган агенттик Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдардын эӊ ири көлөмдөрүн алып келген «Газпром нефть Азия» ЖЧКсын уруксат берилген монополисттердин реестрине киргизген. «Газпромнефттин» авто май куючу бекет тармактары 110 бекеттен туруп, Кыргызстан боюнча авто май куюучу бекеттеринин жалпы санынын 17 пайызын түзөт. Компания үчүн дүӊ жана чекене сатуу үчүн кирешелүүлүктүн чектүү деӊгээли коюлган. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги белгилегендей, «Газпром нефть Азия» ЖЧКсы бекитилген кирешелүүлүк деӊгээлинин чегинен эч качан чыккан эмес. Ушул эле базар шарттары менен жогору атаандаштыктан улам калган нефтетрейдерлер бааларын монополисттин деӊгээлинен жогору коё албайт. Натыйжада бардык компаниялар бензин менен дизелдик күйүүчү майга анык жана калыс баа коюшат.

ЭТИЯТ БОЛ: КОНТРАБАНДА!
Тилекке каршы, ата мекендик мунай өндүрүү рыногунда бардыгы жакшы эмес, себеби акыркы айларда Казакстандан келген күйүүчү-майлоочу материалдардын контрабандалык агымы жогорулады. Бензин менен дизелдик күйүүчү майдын мыйзамсыз ташылып келиши кыргыз-казак чек арасындагы бажы текшерүүсүнүн жоюлушунан жана Евразиялык экономикалык биримдиктеги мүчөлүк менен казак теӊгесинин расмий курсунун төмөндөшүнөн улам келип чыккан. Бул фактор Казакстандагы күйүүчү-майлоочу материалдардын Кыргызстанга салыштырмалуу кескин арзандашына алып келген. Бажы көзөмөлүнүн жокко чыгарылышы демилгелүү жарандарга Кыргызстанга казакстандык күйүүчү майды автоунаа менен эч бир текшерүүсүз киргизгенге мүмкүнчүлүк түздү.
Нефтетрейдерлердин ассоциациясынын маалыматына ылайык, Кыргызстанга болгон импорт бул жылдын сентябрь айында өткөн жылдын сентябрь айына караганда 36 миӊ тоннага аз. Нефтетрейдерлер бул айырманы контрабанданын айынан деп эсептешет. Тармактык ассоциация менен өкмөт өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, күйүүчү майдын контрабандалык жол менен киргизилүүсүнүн натыйжасында сентябрь айында 210 миллион сом салык түшпөй калган. Бул болсо мамлекеттик казынага жылдын аягына чейин 1 миллиарддан ашык сомдун келип түшпөөсүнө коркунуч туудурган.
Мамлекет мындай жоготууларга даяр эмес, себеби кыргызстандыктардын алдында болгон социалдык милдеттенмеде көйгөй жаралышы ыктымал. Атап айтканда жарандарды пенсия, жөлөк пул, мамлекеттик кызматта иштегендерге маяна менен камсыз кылуу маселеси жаралмак. Жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкүнү белгилей кетүү керек, нефтетрейдерлер юридикалык жакка таандык бардык салыктарды төлөп турат, ага кошумча нарк салыгы, киреше салыгы, акциздик жана жер салыгы, төлөөдөн түшкөн салык жана мүлккө болгон салыктар кирет. 2015-жылдын 9 айына карата ири нефтетрейдерлер өлкө казынасына 5 миллиард сомдон ашык салык жана бажы төлөмдөрдү төлөшкөн. Алардын ичинен «Газпром нефть Азия» ЖЧКсы – 3,2 миллиард сом, «Кыргызнефтетрейдинг» ЖЧКсы – 76, 2 миллион сом жана «Биорг Ойл» ЖЧКсы – 602 миллион сом, «ШНОС» ЖЧКсы – 445, 9 млн сом, «Кыргыз Мунай» ЖЧКсы – 109 миллион сом, «Бишкек мунай компаниясы» ЖАКы – 526, 2 миллион сом төлөшкөн. Маалыматтар budget.okmot.kg. сайтынан алынган.
Акыркы айларда укук коргоо жана салык органдары контрабанда менен болгон күрөштү күчөтүштү. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы Бактыбек Аширов билдиргендей, сентябрь, октябрь айларында 17 миллион сомго бааланган күйүүчү-майлоочу материалдардын контрабандалык 278 тоннасы кармалган. Бирок бул киргизилип жаткан көлөмдөгү контрабандага салыштырмалуу өтө аз көрсөткүч.
Контрабандага каршы күрөшүү үчүн ИИМ, ЭКККМК жана МСК Казакстан аркылуу чек арадан киргизилген күйүүчү-майлоочу материалдардын көлөмдөрүн каттоо үчүн атайын ылдам топторду түзүшкөн. Ошондой эле бүткүл өлкө боюнча 84 авто май куюучу бекеттеринде мыйзамсыз түрдө контрабандалык күйүүчү-майлоочу материалдарды куюуну текшерүүчү күнү-түнү иштеген рейддерди уюштурушкан.
Дагы бир чечимди нефтетрейдерлер ассоциациясы өкмөткө кайрылуу менен акцизге болгон ченди убактылуу 5 миӊ сомдон 3 миӊ сомго төмөндөтүүнү жана күйүүчү-майлоочу материалдын автоунаа менен импорттоого тыюу салуусун сунуштады. Бул өз учурунда Орусиялык мунай кайра иштетип чыгаруучу заводдордун төмөндөгөн мезгилдик бааларынын фонунда контрабандалык күйүүчү майдын учурдагы бааларынын айырмасын кескин түшүрмөк, бүгүнкү күнгө ал баа литрине 10 сомду түзөт.

ӨЗҮӉӨР ОЙЛОНГУЛА, ӨЗҮӉӨР ЧЕЧКИЛЕ
Контрабандалык өндүрүмдүн зыяны бир гана салык төлөбөөдөн улам эмес, ал өндүрүмдүн сапатында да жатат. Анын сапаты өтө эле шектүү, андан тышкары эч кандай документ менен тастыкталган эмес. Кыска мөөнөттөгү пайданын артынан кууп, сатып алуучу жакын арада автоунаасынын кыймылдаткычы менен күйүүчү май системин оӊдоо үчүн андан көп чыгашага туш келиши мүмкүн. Ар бир сатып алуудан чек талап кылуу менен, сиз өзүӊүздү контрафакттык өндүрүмдөн сактап кала аласыз. Ошондуктан тандоо ар бир сатып алуучуда – кыраакы болуп, өзүӊүздүн сатып алууӊуз менен мамлекет жана жумуш ордун түзүп мыйзам чегинде иш жүргүзгөн ишкерлерди колдойсузбу же контрабандисттердиби?

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
kana9151
2015-11-16 13:17:24
Бензин Россиядан ташылып келингендиктен доллардын кымбаттоосунун кандай тиешеси бар бул жерде. Же Россияда рубльдун ордуна доллар колдонуп калганбы? Кайдагы жомок менен элди алдабай эле койгулачы
+1
Akabai
2015-11-16 20:13:17
Контрабандисттерди колдойм
0
AK-47.
2015-11-17 10:22:00
Толонгон салык деле мамлекеттин казынасына тушпойтда. АШАнын чонтогуно же, болбосо дагы бир чиновниктин тамак ашына жумшап жиберишетда. Ошондуктан контрабанда жолу менен алынып келгени дуруско
0
alickjan
2015-11-18 10:28:14
Россия озу ЕАэсте рубль колдонобуз деп жатса кайдагы доллар,кайдагы курс.
0
jon.as
2015-11-19 11:06:59
Кыргызстан долларга коз каранды болуп буттукго, долларга шылтап эле бааны асмандатып. Россияга окшоп эле озубуздун сомду колдонсок кантип эле болбосун. Россияда уй, машине, эмнеси болсода сатсада, алсада оздорунун рубльин колдонушат.
0
№ 680, 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан