ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

КООМДО
Ньюсмейкер – атайын же болбосо кокустан массалык маалымат каражаттарынын көӊүлүн буруп, өзү тууралуу маалыматтарды элге жарыялап турган адам. Мындай адамдардын коомдогу орду, жеке жашоосу журналисттердин көз алдында болуп, кандайдыр бир жаӊылык, өзгөрүү болсо, ошол замат гезит-журналдарга, телевидение, интернет сайттарына жарыяланып турат. Ньюсмейкерлер экиге бөлүнөт. 1) кызмат ордуна байланыштуу ньюсмейкерлер: саясатчылар, жеке ишкерлер, жетекчилер жана башкалар. 2) Талантына, келбетине байланыштуу ньюсмейкерлер: ырчы-чоорчу, актёр-актриса, алып баруучу, бийчи, диктор, куудул жана башкалар.

АШКАНАДА
Абес – ашпозчулардын арасында колдонулган бул термин abaisse француз тилинен которгондо «кабык» дегенди түшүндүрөт. Абес – азыктардын сыртынан оролгон камыр. Камырдын ичинде эт же болбосо кондитердик азыктар болушу мүмкүн. Кызыгы, абес ичиндеги тамак менен кошо берилбейт, жөн гана форма берүүчү кабыктын ролун аткарат. Камырга оролгон азыкты электр мешине бышырып алган соӊ «кабыгын» алып салышат.

КОСМЕТОЛОГИЯДА
Эйрбрашинг Бетке спрей түрүндөгү тоналдык крем сүйкөө ыкмасы эйрбрашинг (airbrushing- аэрография) деп аталат. Алгач эйрбрашинг актёрлорду, алып баруучуларды гримдөө үчүн колдонулган. Акыркы убакта косметологдор бул ыкманы модага киргизишүүдө. Спрей-тоналдык крем бетке тегиз сүйкөлөт, ошону менен катар кол, губка жана башка каражаттар колдонулбагандыктан гигиеналык жактан да артыкчылыгы жогору.




Асыл Орозбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 680, 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан