МАЙРАМ БҮТТҮ, ЭМИ ИШТЕЙЛИ

Майрамдын да эртеси болот дегендей шайлоо өтүп, мандатка ээ болгон эл өкүлдөрү өлкө үчүн жан аябай иштөөгө ант да беришти. Эми буга чейинки парламент аягына чыгарбай кеткен иштерди жаӊы келгендер дароо колго алып билек түрө киришүүсү керек. Чечилбей келген көйгөйлөр чачтан көп. Алсак, эӊ оболу келерки жылга өлкө казынасын толтурууга багытталган мыйзамдарды карап, кабыл алуу зарыл.

«ПОПУЛИСТТИК МЫЙЗАМДАР КАБЫЛ АЛЫНБАШЫ КЕРЕК»
Бул тууралуу өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев да 6-ноябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө белгилеп өттү. Депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүнө кайрылган өлкө башчысы жакынкы эки жылда чет өлкөдөн грант күтпөй, өз алдынча оокат кылууга жетишүү керектигин айтып, «Мындан ары парламенттеги саясий оюндардан улам бүтүндөй өлкө экономикасын толкуткан же өлкө казынасын жырткан популисттик мыйзамдар кабыл алынган көрүнүштөр болбошу керек. Мына, коӊшу Өзбекстан менен Тажикстанды карагыла. Алардын жарандары биздикинен жакшы жашап жатат деп айта албайм. Бирок эки өлкө теӊ бүгүнкү күндө өз каражаттарына темир жол жана ГЭСтерди кура башташты» деди.
Экономика тууралуу сөзүн улаган өлкө башчысы «Кумтөр» кенине да токтолуп, депутаттарды саясий оюндарга азгырылбай туура чечимдерди кабыл алууга чакырды. Анткени аталган ишкана мамлекеттин казынасын толтуруучу көзгө басар ишканалардын сап башында турат. Мындан сырткары Жер-Үй, Талды-Булак Левобережный кендерин да толук кубатта иштешин камсыздап, мыйзамдуу ишкерчиликке бут тоскондорду эл душманы катары саноо керектигин баса белгиледи.
Ооба, президенттин айткан кебинде чындык бар. Айрым саясатчылар упай топтоо үчүн канаты жок «өрдөктөрдү» ракетадай ылдамдык менен учурушат. Алар
өлкөнүн өнүгүүсүнө бир тыйынчалык салым кошпогон, болгону элге жагынып саясатта ордун сактап калууга жандалбастап ач айкырык салган куу сүрөөнчүлөр.
Мына ушул жерден эске салсак, бүгүнкү күнгө чейин өкмөт «Кумтөр» кенинин тоо кен иштери боюнча жаӊы планын беките элек. Анын башкы себеби өткөн чакырылыштагы парламенттин өкмөттүн Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу экинчи окууда колдоо таап, бирок үчүнчү окууда жактырылбай калган. Анткени кодекстеги өзгөртүүлөр мөӊгүлөрдү бузууга жол ачат деген кээ бир куу сүрөөнчүлөр коомду дүрбөттү. Анын кесепетинен алтын кен ишканасынын кыргыз өкмөтү тарабынан уруксат берүүчү жылдык планы бекитилбей, иш үзгүлтүккө учурап калуу коркунучунда калган. Бирок өкмөт өз убагында чара көрүп, жыл соӊуна чейин кендеги ишти улантууга уруксат берген.

КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮНӨН УЛАМ МӨӉГҮЛӨР АЗАЮУДА
Эми жогорудагы мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөргө келсек, ал аркылуу өкмөт тескерисинче, мөӊгүлөрдүн жанындагы өндүрүш ишканаларынын иши көзөмөлгө алынарын айтууда. Ошондой эле мамлекеттик бюджетти түзүүчү ишканаларга гана мөӊгүлөрдүн жанында иштөөгө уруксат берилери маалымдалган.
Аталган мыйзамдагы өзгөртүүлөр боюнча окумуштуулар жана эксперттер да өз ойлорун билдиришкен. Алсак, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Суу маселелери институтунун окумуштуу-изилдөөчүлөрүнүн маалыматында Кыргызстандын аймагында өткөн кылымдын 60-70-жылдары 8 208 мөӊгү болсо, учурда алардын 5 237и гана калган. Башкача айтканда, «Кумтөр» сыяктуу ишканалар жок кезде деле мөӊгүлөр эрип келген жана эрий берет. Себеби дүйнөдө абанын температурасы орточо 0,7 пайызга көтөрүлүп, климаттын өзгөрүүсүнөн улам жер жүзүндөгү мөӊгүлөр дээрлик 22 пайызга кыскарган.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин экологиялык экспертиза бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Арсен Рыспековдун «Маселени чечүү үчүн дүйнөдөгү ири державалар биригип, атмосферага зыяндуу калдыктарды чыгарууну азайтуу боюнча чараларды көрүшү керек» деп айтканы бар.
Парламенттен колдоо таппаган өкмөт аталган кендеги ишти үзгүлтүккө учуратпоо үчүн июль айында жыл соӊуна чейин кенди убактылуу иштетүүгө уруксат берген. Мамлекеттик казынаны толтуруучу ишкананын ишин орто жолдо кармап туруу сөз менен оӊой. Өлкөбүздөгү өндүрүштүн 23,1 пайызын мына ушул «Кумтөр» кени түзөт. Эми иш токтосо, кыргыз экономикасы канча жоготууга тушугарын элестетип көрүӊүз.
Көз ачып жумгуча ноябрь да ортолоп калды. «Кумтөр» жыл сайын Кыргызстандын өкмөтү бекиткен план боюнча иштейт. Андыктан депутаттар эртелеп мыйзамдарды оӊ жолго салып, маселени чечип бербесе, иш токтоп, өлкө бюджети куру жалак калышы мүмкүн…

Абай Алыкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
marik10
2015-11-20 16:09:57
негизи депутаттарга коп ишениш жок, бугун меморандумга кол коет, эртеси бизди кудай сактады деп шылтоо табышат
+1
jaazira13
2015-12-02 15:18:15
бц маселени жазга чейин чечилиши керек
+1
№ 680, 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан