Индия
КАШМИРДЕ МАЖҮРҮМ ТАЛДЫН БУТАКТАРЫН КУРГАТУУ СЕЗОНУ
Индиялыктар учурда кыштын камын көрүп, себет токуу үчүн мажүрүм талдын бутактарын кургатуу менен алек. Себет ичине чопо идишти салышат. Чопо идиштин ичине болсо кышкысын жылынуу үчүн чокту салып коюшат. Чоподогу чок жылуулугун узакка кармагандыктан кышында эл идишти төшөктүн алдына салып алышат. Кышкысын аталган өлкөдө электр жарыгы көп өчкөндүктөн жана анын тарифинин баасы кымбат болгондуктан эл ушундай амалдарга барууда.
Иордания
ИОРДАНИЯНЫ СИРИЯЛЫК КАЧКЫНДАР КАПТООДО
Иорданиянын падышасы Абдалла II ибн Хусейн: «Биздин өлкө кабыл алган сириялык качкындардын саны болжол менен 1 миллион 400 миӊдин тегерегинде. Башкача айтканда, кабыл алуу жагынан жетер чекке жеттик, мындан ашыгын батыра албайбыз. Качкындар калктын жалпы санынын 20 пайызын түзүп калууда»,- деп билдирет.
Эскерте кетсек, качкындардын 10 пайызы атайын лагерлерде жашаса, калгандары Иорданиянын ар аймагына отурукташкан.
Науру
КАРООСУЗ, ТАШТАНДЫГА АЙЛАНГАН ӨЛКӨ
Науру аралында жайгашкан аталышы уйкаш өлкө мындан 30 жыл мурун дүйнөдөгү эӊ бай мамлекет эле. Анткени анда фосфат өндүрүлүп, аны сатуудан өлкө абдан байыган. Ар бир үйдө машина болуп, эл салык төлөөдөн толук кутулган. Бирок өлкөнүн ишенген фосфат кени акыры түгөнүп, өлкө кризистин кучагында калган. Учурда элдин 90 пайызы жумушсуз. Аралдан эскирген машиналар менен тамтыгы чыга баштаган үйлөрдү, кылар иши жок ары-бери баскан адамдарды көрүүгө болот.
Индонезия
ӨЛГӨНДӨРДҮН СӨӨКТӨРҮН ТАЗАЛОО ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ
Индонезиянын Сулавеси аралында өлгөндөрдүн сөөктөрүн тазалоо фестивалы өттү. Андай фестиваль ар бир 3 жылда бир өтөт. Аралдын тургундары көзү өткөн жакындарынын сөөктөрүн коюлган жеринен алып чыгып, тазалашат. Анан тирүү кезинде кандай кийимдерди кийүүнү жактырса, ошондой кийимдерди кийгизишип, кайра көмүшөт.
Мындай салт көп кылымдан бери келе жатат. Фестивалдын жаралышына бир уламыш себеп делет. Илгери бир аӊчы дарактын түбүнөн өзүнө бейтааныш адамдын жарым чириген сөөгүн таап алат. Ал сөөккө өзүнүн үстүндөгү кийимдерин кийгизип, ырым-жырымы менен жерге берет. Өлгөн кишинин арбагы тигил адамды колдоп, жакшылыктарга жеткизген имиш.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg