ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (16-ноябрдан 22-ноябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Дүйшөмбүдө толгон-токой жумуштун баары бир убакта чыгып, кайсынысынан баштаарын билбей башыӊыз катат. Кабатыр болбоӊуз, аптанын ортосунда жумушуӊуз бир калыпка түшөт. Түгөйүӊүздү түпөйүл ойго сала бербей, мамиледеги түшүнбөстүктөрдү жөнгө салыӊыз. Акча жаатында киреше түшчү апта.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бул аптада туугандардын арасында өткөн-кеткенди эстеп маектешип отурууга шарт түзүлөт. Сөз арасында чечилбей жаткан маселелериӊизди ортого салып кеӊеш алыӊыз. Жумуш жаатында ийгилик күтүлбөйт, андыктан пландарыӊызды артка жылдыра туруӊуз. Дем алышты үй-чарба жумуштарына арнаӊыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Билим тармагында жүргөндөр үчүн ийгиликтүү убак. Сынак тапшырам же болбосо курска жазылам дегендер ойлонбостон кирише беришсе болот. Акчаӊызды керексиз нерсеге жумшасаӊыз, айдын аягында карыз сурап калышыӊыз мүмкүн, андыктан сарамжалдуу болуӊуз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жаӊы идеялар, жакшы маанай бөйөндөрдү апта бою коштоп жүрөт. Убакыттан пайдаланып жумушта да, жеке жашоодо да ийгиликтерге жетишсеӊиз болот. Бирок ашыкча активдүүлүгүӊүз менен жакындарыӊызды басынтып, таарынтып алышыӊыз ыктымал, өзүӊүздү көзөмөлдөй билиӊиз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада жумушуӊузда өзгөрүү күтүлбөйт. Жашооӊузга жаӊылык киргизем десеӊиз, керексиз, колдонуудан чыгып калган буюм-тайымдарды, кийим-кечелерди ыргытыӊыз. Жаӊы тааныш күтүп, барам деп чыгына албай жүргөн жерлерди кыдырыӊыз. Болбосо стресске кабылуу коркунучу бар.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Шашмалыгыӊызды көзөмөлдөй алсаӊыз, бул апта жумушуӊузда жетекчиликтин мактоосуна арзый турган иш бүтүрөсүз. Үй-бүлөӊүзгө да убакыт бөлүп, көӊүл алганды унутпаӊыз. Дем алышта достордун чакырууларынан баш тартып, үйдө тынч эс алганыӊыз оӊ.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта жеӊил өтөт, өзгөчө жеке жашоого байланыштуу. Бойдоктор жаӊы тааныш күтүп, романтикалык маанайда жүрүшөт. Апта ортосунда үйүӊүзгө алыстан коноктор келиши күтүлөт, чакырылбагандарды шыпырылбаган жерге отургузуп койбой, жакшы кабыл алып узатып жибериӊиз. Бир күнү сиз да алардын жардамына муктаж болуп каласыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Колумдан келбейт экен деп баштаган ишиӊизди таштап салбаӊыз. Ишиӊиздин үзүрүн аптанын аягында көрөсүз. Жакын адамыӊыз жиниӊизге тийип, сиздин принциптен тышкаркы кадамга барышы ыктымал. Сизден сабырдуулук талап кылынат. Дем алыш күндөрү алыс жолго чыгышыӊыз мүмкүн.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
«Өсөр өзүн мактайт» демекчи, бул аптада анча-мынча жерден жасаган жумушуӊузду элдин көзүнчө баса белгилеп коюу ашыкча болбойт. Карьералык тепкичтен көтөрүлүшүӊүзгө жардам болот. Жеке жашоодо таарынычтар орун алышы мүмкүн. Андыктан эмоцияга алдырбай, жыйынтык чечимди чыгарбай туруӊуз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада жаӊы таанышуунун аягы сүйүүгө алып келиши мүмкүн. Сезимге баш-отуӊуз менен берилип кетпеӊиз, ал адамды сынап көрүү ашыкча болбойт. Жумушта бир катар маселелерди чече албай кыйналасыз. Тажрыйбалуу адамдын кеӊешине кайрылыӊыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Тажатма, бир калыптагы күндөр бул аптада да уланат. Жашооӊузга өзгөртүү киргизүү өзүӊүздөн көз каранды. Ден соолугуӊузду өкмөттүкүндөй эмес, өзүӊүздүкүндөй кабыл алып, врачтын айткандарын так аткарыӊыз. Дем алышта достор менен активдүү эс алуу күтүлөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жаӊы долбоорлорду ишке ашырууга ылайыктуу апта. Негизгиси документ иштеринде так болуӊуз. Апта аягында күтүлбөгөн киреше булагы чыгып, чөнтөгүӊүз калыӊдашы мүмкүн. Дем алышта үйдө камалып отурбай, үй-бүлөӊүз менен эс алуунун планын иштеп чыгыӊыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 680, 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан