ГОЛЛИВУДДУН ДӨӨ-ШАА РЕЖИССЁРЛОРУ

Адамдарды реалдуулуктан алыстатып, сыйкыр, табышмактуу дүйнөгө жетелеген – бул көркөм тасмалар. Ал эми тасмага жан киргизгендер – режиссёрлор. Тарткан тасмалары менен дүйнөлүк кинематографиянын өнүгүүсүнө ат көтөргүс салым кошуп, камера артында жүрсө да, аты дүйнөгө таанымал Голливуддун алп режиссёрлоруна токтолсок.

СТИВЕН СПИЛБЕРГ
Алган наамдары: «Оскар» – 3 жолу, «Алтын глобус» – 3 жолу жана башка

Тарткан атактуу тасмалары:
«Азуу тиштер»
1975-жылы тартылган.
Тартууга кеткен каражат – 7 миллион АКШ доллары. Түшкөн каражат – 470 миллиондон ашуун АКШ доллары.

«Индиана Жонс»
1981-жылы тартылган. Тартууга кеткен каражат – 18 миллион АКШ доллары.
Түшкөн каражат – 384 миллиондон ашуун АКШ доллары.

«Юра доорундагы парк»
1993-жылы тартылган.
Тартууга кеткен каражат – 63 миллион АКШ доллары. Түшкөн каражат – 1 миллиарддан ашуун АКШ доллары.
Ошондой эле «Шиндлердин тизмеси», «Катардагы жоокер Райанды куткаруу», «Терминал» жана башка тасмаларды тарткан.


Кези келгенде легендага айланарын билбеген Стивен 1946-жылы АКШнын Огайо штатындагы Цинциннати шаарында төрөлгөн. Атасы Арнольд инженер, апасы Леа Адлер болсо музыкант болчу. Бирок Леа уулу Стивен жана үч кызы үчүн пианинодон баш тарткан. Атасы ага 12 жашында кичинекей камера белек кылып, кино дүйнөсүнө байкабастан сүйрөп кирет. 1960-жылы өспүрүмдөр арасында өтчү сынакка катышып, актёрлордун ордуна үй-бүлө мүчөлөрүн тарткан согуш тууралуу 40 мүнөттүк «Туӊгуюкка качуу» тасмасы жеӊишке жетип, чыгармачылыкка чыйыр салынган.
Мектепти «3» деген баага бүтүргөн Стивен Түштүк Калифорния университетинин алдындагы киномектепке 2 жолу тапшырып, бирок экөөндө теӊ «такыр таланты жок» деген жооп алган. Ындыны өчкөн жигит техникалык колледжге тапшырып, каникул учурунда 26 мүнөттүк «Эмблин» тасмасын тартат. Бул тасма анын «чоӊ экранга» келүүсүнө эшик ачкан. Жаш режиссёрго «Universal» компаниясы кызыгып, аны менен 7 жылдык келишимге кол коюшкан.
Өзүнүн иши тууралуу режиссёр, сценарист, продюсер Спилберг: «Режиссёр тасмадагы ар бир каармандын ата-энесине айланат. Ата-эне балдарынын кыял-жоругун жатка билет эмеспи, мен дагы каармандарды ачып бериш үчүн көп изденем. Алар тууралуу илимий да, көркөм да китептерди окуп чыкканга аракет кылам. Ийгилигимдин бир сыры ушунда болсо керек...»
Жеке жашоосуна токтолсок, Стивен 1985-жылы актриса Эми Ирвинг менен баш кошот, бирок экөөнүн союзу 4 жылга гана созулган. Уулу менен калган режиссёр 1991-жылы тагдырын актриса Кейт Кэпшоу менен байлаган. Түгөйлөр 3 балалуу болуп, дагы 2өөнү багып алышкан. Жалпысынан Стивен менен Кейт 3 кыз, 3 уулду тарбиялап келишет.

ЖЕЙМС КЭМЕРОН
Алган наамдары: «Оскар» – 3 жолу, «Алтын глобус» – 4 жолу жана башка

Тарткан атактуу тасмалары:
«Терминатор»
1984-жылы тартылган. Тартууга кеткен каражат – 6 миллиондон ашуун АКШ доллары. Түшкөн каражат – 78 миллиондон ашуун АКШ доллары.

«Титаник»
1997-жылы тартылган. Тартууга кеткен каражат – 200 миллион АКШ доллары. Түшкөн каражат – 2 миллиарддан ашуун АКШ доллары.

«Аватар»
2009-жылы тартылган. Тартууга кеткен каражат – 237 миллион АКШ доллары. Түшкөн каражат – 3 миллиардга жакын АКШ доллары.
Ошондой эле «Толкун менен катарлаш», «Терминатор» (1-2-бөлүгү) жана башка тасмаларды тарткан.


Экшн жанрындагы тасмалардын «атасы», компьютердик графиканын жардамы менен укмуштуудай кооз картиналарды жаратып көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган Жеймс Кэмерон 1954-жылы Канаданын Капускасинг шаарында төрөлгөн. 5 бир туугандын улуусу, атасы электрик, апасы сүрөтчү. Үй-бүлөсү менен АКШнын Калифорния штатына көчүп барып, мектепти аяктаган соӊ Калифорния университетинин физика факультетине тапшырат. Бирок окуусун ара жолго калтырып, өзү кино ааламына сүӊгүп кеткен.
Ал эми 3D форматында «бум» жараткан, экинчиден авторго эӊ көп каражат алып келген тасмалары – «Аватар» жана «Титаник». Бул эки тасма тууралуу Жеймс мындай дейт: «Титаникти» тартып баштаганда мынчалык ийгилик жаратат деп ойлогон эмесмин. Фильмге көп каражат кеткенде «болду, өзүн актабайт» деп түӊүлүп калгам. Бирок прокаттан өзүн көп эсе актап койду. Көрсө, адамдарда сүйүү сезими эӊ бийик тура. Ошол учурда мен Кытай, Францияны кыдырып калдым, сүйүү үчүн өлүмгө даяр болгон Леонун чач жасалгасы модага айланып кетиптир».
«Мага күнүмдүк тажатма жашоону тасма кылып тарта берген жакпайт. Кино көрүп жатканда каармандар жүргөн жерге барып калсаӊ кандай сонун. Мисалы, «Аватардагы» Пандора планетасына... Кинодогу бул кереметти көрөрманга жеткизүүдө 3D форматы жакшы жардамчы. Ошон үчүн да «Аватарды» тартууну чечкем».
Кэмерон 5 ирет үйлөнгөн. Анын нике күбөлүктөрүндө официант Шэрон Уильямс, кинопродюсер Гейл Энн Хёрд, режиссёр Кэтрин Бигелоу, актриса Линда Хэмилтон жана азыркы жубайы актриса Сьюзи Эмистин ысымдары жазылган. 3 кыз, 1 уулу бар.

МАРТИН СКОРСЕЗЕ
Алган наамдары: «Оскар», «Алтын глобус» - 4 жолу, «Эмми» жана башка

Тарткан атактуу тасмалары:
«Каргышка калгандардын аралы»
2010-жылы тартылган.
Тартууга кеткен каражат – 80 миллион АКШ доллары.
Түшкөн каражат – 295 миллионго чукул АКШ доллары.

«Уолл-стриттен чыккан карышкыр»
2013-жылы тартылган.
Тартууга кеткен каражат – 100 миллион АКШ доллары. Түшкөн каражат – 392 миллион АКШ доллары.
Ошондой эле «Авиатор», «Казино» жана башка тасмаларды тарткан.


Америкалык кинорежиссёр Мартин Скорсезе актёр, актрисанын үй-бүлөсүндө 1942-жылы төрөлгөн. Астма оорусу менен жабыркагандыктан балалыгы көчөдөгү балдар менен оюн аянтчада эмес, үйдө ата-энесинин жанында өтөт. Кичинекейинде чиркөө кызматкери болууну каалачу, бирок мектепти аяктаган соӊ Нью-Йорктогу Илим жана искусство колледжине тапшырып, окуп жүргөндө кыска метраждуу тасмаларды тартуу менен чыгармачылыгын баштаган.
Режиссёрго түрткү болгон дагы бир жагдай, анын актёр Роберт Де Нирого жолугушу. 1978-жылы Скорсезе кокаинди ашыкча өлчөмдө колдонуп ооруканага түшүп калат. Мартинди эсине келтирип, мушкер тууралуу биографиялык «Каардуу бука» тасмасын тартууга көндүргөн Роберт болгон. Натыйжада тасма «Оскардын» 2 сыйлыгына татыган.
«Мартин көпчүлүк тасмаларын болгон окуянын негизинде тартат, ошондуктан да көрөрмандын оюн тереӊ ачып бере алат» дешет киносынчылар. Өзү «Казино» тасмасы тууралуу мындай дейт: «Мен бул кинону тартып жатканда Лас-Вегас шаарына аябай жиним келген. Балким, сизге бул шаар жагаттыр, бирок мен үчүн ал сараӊдыктын жайы. Лас-Вегас аркылуу көпчүлүк америкалык маданиятты, Голливудду көрөт. Бул менин тасмамда ачык көрүнөт».
Скорсезе да 5 ирет үйлөнгөн. Анын жашоосундагы айымдардын катарын Ларейн Мари, жазуучу Жулия Кэмерон, актриса Изабелла Росселлини, продюсер Барбара де Фина, азыркы жубайы продюсер Хелен Моррис жана өзүнүн 3 кызы толуктайт.

ЛЮК БЕССОН
Алган наамдары: «Сезар» жана башкалар

Тарткан атактуу тасмалары:
«Леон»
1994-жылы тартылган.
Тартууга кеткен каражат – 16 миллион АКШ доллары. Түшкөн каражат – 45 миллиондон ашуун АКШ доллары.

«Люси»
2014-жылы тартылган. Тартууга кеткен каражат – 40 миллион АКШ доллары. Түшкөн каражат – 459 миллионго чукул АКШ доллары. Ошондой эле «Бешинчи элемент», «Жанна д`Арк»жана башка тасмаларды тарткан.


Үйлөрдүн чатырларынан ары-бери секирген жигиттер, машинаны шамалдын ылдамдыгы менен айдаган таксист, мээси 100 пайызга чейин иштеген Люси... Кайсы кинолор жөнүндө сөз болуп жатканы эсиӊизге түштүбү? Дал ушул тасмаларга жан берген режиссёр, сценарист, продюсер Люк Бессон. Люк 1959-жылы Парижде сууда сүзүү боюнча инструкторлордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ата-энесинин кесибин улантып, дельфиндерди машыктыруучу болуп иштегиси келген анын кыялын таш каап, 17 жашында кырсыктап калат. Ошондон кийин өзүн башка жаатта сынагысы келип, кино талаасына келген.
Режиссёрдун ассистенти болуп иштеп жүрүп 24 жашында актёр Жан Ренонун катышуусунда эӊ алгачкы «Акыркы беттеш» көркөм тасмасын тартат. Чыгарма жакшы кабыл алынып, бир нече сыйлыктарга татыган. Люк өзүнө ийгилик алып келген Жан Ренону тумарым деп, аны андан кийинки бир катар тасмаларына да тарткан.
Өзүнүн тасма тартуудагы ойлорун режиссёр мындайча түшүндүрөт: «Мага кыймыл-аракетке бай кинолор жагат. Андыктан окуяларга жыш, кан басымды бирде көтөрүп, бирде түшүргөн тасмаларды тарткым келет...»
Бессонго алгач нике каамытын актриса Анн Парийо кийгизген. Бул союз көп узабай, режиссёр бактысын актрисалар Майвенн Ле Беско жана Милла Йовович менен да сынап көргөн. Бирок бул айымдар да аны токтото албай, азыркы учурда продюсер Вирджиния Силла менен өмүр сүрүп келет. 5 кызы бар.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Ailo
2015-11-16 10:06:20
Азамат Жеймс Кэмеронду сылайм..Кинолору аябай жагат.
0
Abdurahman
2015-11-16 10:09:02
ЖЕЙМС КЭМЕРОН-мужик!!!Риспект!
+1
bazarkyl
2015-11-16 11:53:18
МАРТИН СКОРСЕЗанын «Каргышка калгандардын аралы» "Остров проклятых" деген киносу аябай жаккан.
+3
mi-li-na
2015-11-16 17:34:51
Бизде деле бар, Нурбек Эген.
+4
Imagine
2015-11-17 15:33:39
Спилберг_Скорсезе супер!!!
0
Nadyrbek00000
2015-11-17 22:20:26
Мына керемет.
0
MuslimNur95
2015-11-18 17:59:04
Жеймс кемерон респект
0
akubeku
2015-11-19 10:12:28
жеймс камерондун фильмдери жагат
ал эми кыргызстандын режиссерлорунан эрнст абдыжапаровдун фильмдери жакшы
0
basyz-kaman.
2015-11-21 18:05:01
Фантастикалык кинолорду тартуу боюнча Люк Бессонго эч ким жетпейт.
+1
Samaganova
2016-01-17 01:18:57
"Титиникти"канча корсом да тажабайм!)))
0
Samaganova
2016-01-17 01:19:45
Оой "Титаникти" дегим келген
Sorry
0
№ 680, 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан