АВСТРАЛИЯДАН МАСТЕР-КЛАСС

Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондукка тандап алуу оюндарынын алкагында 12-ноябрь күнү Канберрада Австралия Кыргызстан курама командасын тосуп алды. Бул оюндун жыйынтыгы менен тайпадагы экинчи орундун суроосу чечилгендей болду.

НЕГИЗГИ ОЮНЧУЛАР КАТЫШКАН ЖОК
Аталган беттеш Азия чөлкөмүндөгү «В» тайпасындагы чечүүчү оюндардын бири эле. Себеби Австралия 4 оюнда 9 упай менен экинчи орунда болсо, 5 оюнда 8 упай чогулткан Кыргызстан үчүнчүдө келе жаткан. Ал эми 5 оюн өткөргөн Иордания 13 упай менен алдыӊкы орунда. Бул оюнда кайсы команда ийгиликке жетсе, тайпадан чыгууга ири мүмкүнчүлүктөргө ээ болмок. Эске салсак, ушул жылдын июнь айында Бишкекте Австралия араӊдан зорго жеӊишти илип кеткен. Анда 1-2 эсеби катталган.
Бул оюнга учурдагы Азия чемпиондору Австралия күчтүү оюнчуларын чыгарса, «Ак шумкар» бир канча негизги оюнчуларын чыгара алган жок. Алсак, жаракаттарына байланыштуу Антон Землянухин, Даниель Тего катыша албаса, Мирлан Мурзаев документтеринен улам Австралияга бара алган жок. Жылдын эӊ маанилүү оюнуна күчтүү курамабыз катыша албаганы күйөрмандарды түйшөлтүп койду. Бирок алардын ордун толуктоого Александр Крестинин башка футболчулар даяр экендигин билдирди: «Бизде керектүү жана керексиз оюнчу деген түшүнүк жок. Улуттук курамда бардык оюнчунун өз орду, милдети бар. Бул оюнда бардык күчүбүздү жумшап, күйөрмандарды нааразы кылбайбыз. Оюн жогорку деӊгээлде өтүп, кызыктуу болот». Жыйынтыгында алардын ордуна Талант Самсалиев, Ислам Шамшиев жана Ильдар Амиров чыкса, Виталий Люкстун ордуна Иван Филатов алгачкы мүнөттөн тарта оюнга чыкты.

ПАВЕЛ МАТЯШТЫН ЭРДИКТЕРИ ЖАРДАМ БЕРБЕДИ
Канберранын 25 миӊ күйөрман батырган «GIO Canberra» стадионунда Австралия убактысы боюнча 20:00дө (Бишкек убактысы боюнча 15:00дө) башкы калыстын ышкырыгы угулду. Стадиондо 25 миӊ күйөрман жана талаадагы 22 футболчу. Бардыгына ээ болуу же баарын жоготуу. Жеӊиш же жеӊилүү... Азамат Байматов Тим Кехиллге каршы. Майл Единак менен Бахтияр Дүйшөбековдун тиреши.
Алгачкы мүнөттөр «Соккеруздун» чабуулдары менен башталды. «Ак шумкар» ийилди, бирок сынган жок. Бир канча ирет биздин дарбазачы Павел Матяш олуттуу соккуларды тосуп, голдон сактап калды. Коргонууда мыкты болгону менен контрчабуул уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү жок болуп жатты. Оюндун 39-мүнөтүндө Ислам Шамшиев айып аянтчасында эреже бузуп, башкы калыс Ким Санг Ву 11 метрлик айып белги белгиледи. Майл Единактын соккусу оӊ бурчка таамай болду. Матяштын секириги эч жардам берген жок.
Экинчи бөлүктө да биздин оюнчуларга ийгилик жылмайбады. Атаандаштын лидери Тим Кехилл 50-мүнөттө айырмаланса, үчүнчү гол күйөрмандарыбыздын шаабайын суутту. Чабуулчубуз Ильдар Амиров 69-мүнөттө өз дарбазасына гол киргизип алды. Жыйынтыгында эсеп 3:0. Австралиянын ишенимдүү жеӊиши.

АЗИЯ ЧЕМПИОНДУГУНА ЧЫГУУГА АТ САЛЫШАБЫЗ
Бул оюн биздин футболчулар үчүн опол тоодой тажрыйба болуп берери бышык. Буга чейин Кыргызстан курама командасы Азия чемпиондору сыяктуу атаандаштар менен ойноп көргөн эмес. Александр Крестинин баштаган футболчулар бул жылы Австралия менен бир эмес, эки жолу ойноо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул оюнда утулганы менен, Кыргызстан өз тайпасында 3-орун үчүн күрөшүп, 2019-жылы Азия чемпиондугуна катышууга укук алууга алдыда дагы 2 оюн өткөрөт. Эми кезектеги беттеш 17-ноябрда. Бишкекте «Ак шумкар» Иорданияны тосуп алат. Бул беттеш өз үйүбүздөгү жыл ичиндеги акыркы оюн болуп, футболчуларыбыз күйөрмандар алдында жеӊиш үчүн гана ойноосу керек. Ал эми тайпа ичиндеги акыркы оюн 2016-жылдын 26-мартында Тажикстан менен конокто болмокчу.

17-катар санындагы чабуулчубуз Ильдар Амиров өз дарбазасына гол киргизип алды.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Asadulla
2015-11-16 11:09:04
Сатылып кетсе керек да ))) тамаша )))
-5
kama_future_millioner
2015-11-16 11:26:36
Эмнеси болсо да ийгилик мындан ары жакшы жетишкендиктериди багындыргылаа
0
ali74
2015-11-21 22:42:54
алга
-1
№ 680, 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан