Бүгүнкү каарманым менен болгон маек эмоцияга бай болду. Бул жолу ырчы Асел Кадырбекованы такыр башка тараптан таанууга жол ачылды. Себеби ырчы биз менен жан адамга айтпаган сырлары, максаттары жана уйгу-туйгу сезимдери менен бөлүштү.
– Жакында Баястан менен «Сен» аттуу ырды аткарып, клибинин бет ачарын өткөрдүӊөр. Дуэт ырдап чыгуу кимдин идеясы?
– Репертуарымды башкача ыр менен толуктоону чечип «Экарекордс» студиясына ыр жаздырайын деп баргам. Продюсер Эрнест Уметалиев «кел, репертуарыӊа жаӊылык киргизели» деп сунуштап калды. Анан дуэт жаздырууну туура көрүп, ким менен жаздырса болот деп ойлонуп көрсөк, Баястан жакшы талапкер болчудай. Ал сунушубузду четке какпай, чогуу ырдап чыктык. Клиптин бет ачарына атактуу инсандар келишти. Жакшы пикирлер менен кошо сындар да айтылды. Алардын ичинен «вокалдан сабак алышыӊ керек» деген кеп-кеӊештерин бергендер болду. Буюрса, бул мүчүлүштүктү жоюуга аракет кылам.
– Чыгармачылыкка жаӊы эргүү менен киришкендей сезилип жатасыӊ...
– Мурда ушундай иштегенге шарт болбой келген. Шайлоодон кийин жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү (күлүп). Мурдагыга караганда тааныш-билиш, тажрыйба топтодум. Ошондон улам чыгармачылыкка билек түрө кириштим.
– Шайлоого карата жүргүзүлгөн үгүт иштеринде айрым партиялардын концерт уюштуруучулары ырчылардын гонорарынан үлүш талап кылышып,
кээ бир атактуулар алар менен чыр-чатакка чейин барышканын уктук. Бул тууралуу сенин оюӊду уксак...
– Жеке өзүм тууралуу айтсам, мен иштеген партияда ортомчулар болгон жок. Андыктан бул тууралуу кабарым жок экен.
– Кеп нугун жеке жашооӊо бурсак. Социалдык баракчаӊа башыӊдан бактысыз сүйүү өткөндөй билдирүү жазганыӊды окуп калдым...
– Мен бирөөнүн эмес, өзүмдүн каталарымдан сабак алат экенмин. Бактысыз сүйүүгө кабылдым деп айта албайм. Баарын жеӊсе болот. Мурда, балким, сүйүүгө берилгендирмин. Азыр баары жайында.
– Баары салыштыруудан билинет.Жакшы адамды кезиктирүү үчүн көп жигиттер менен мамиле куруу керек деген көз карашка кандай карайсыӊ?
– Менин чөйрөмдө жигиттер көп. Анткени ырчы кыздарды көп мырзалар курчап турат. Эркекке карата кандай ушактар айтылбасын аларга жараша берет, кыздарга болсо бул уят. Кыз деген кыздай болуп, намысын сактап жүрүшү керек. Андыктан бул ойду колдобойм.
– Нурлан Насип экөөӊөр кыз-жигит болуп сүйлөшүп, эки жолго түшкөнүӊөрдү айткан. Мамиле кандай себептерден улам үйлөнүү тойго жетпей
калды?
– Биз 4 жарым жыл кыз-жигит катары сүйлөштүк. Коомчулукка мамилебиз тууралуу менин суранычым боюнча жарыялачу эмеспиз. Себеби кыз-жигиттин мамилеси туруксуз деп ойлойм. Ортодогу мамилени кызга сөйкө салгандан кийин же үйлөнүү тойго 1 ай калганда жарыяласа болот. Нурландын мамилебизге чекит коюлгандан кийин «Асел экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшпөй калдык» деп интервью бергени мени таӊ калтырды. Анткени экөөбүздүн сүйлөшпөй калганыбызга 1 ай эмес, 9 айдын жүзү болгон. Нурлан экөөбүз анын аты чыга электе, унаасы, үйү жок батирде жашап жүргөн кезде сүйлөшө баштаганбыз. Ал мага жолугушууга келгенде кичинекей «Сникерс» алып келер эле, арзан ашканалардан тамактанчубуз. Бара-бара адамдар өзгөрөт экен. Аны абдан сыйлайм. Экөөбүздүн бири-бирибизге кошкон салымыбыз зор. Нурланга мен муза болсом, ал мага шоу чөйрөгө жол көрсөтүп берди. «Нурланды ыр жаздырыш үчүн колдоносуӊ» деген сөздөр айтылчу. Эч кандай андай эмес. Бири-бирибизге чын дилибизден мамиле кылчубуз. Бирок экөөбүздүн дүйнөгө болгон көз карашыбыз эки башка экен. Келечекте бирге жүргөнүбүздү көрө алган жокпуз. Ошондуктан мамилебизге чекит коюп, дос бойдон калдык.
– Көп жыл чачыӊды кара түскө боёп келгенсиӊ. Психологияда чач жасалгасын өзгөрткөн айым өзгөрүүнү каалап жатканынан кабар берет деп айтылат. Сен дагы жашооӊду өзгөрткүӊ келдиби?
– 2 жылдан бери кара түстүү чачымдан тажап, өӊүн өзгөрткүм келип жүргөн. Бирок чечкиндүүлүк жетишпей жаткан. Деги эле бир чечим кабыл алуу мен үчүн оор. Бул деген чач эле, кайра боёсо болот деп көзүмдү жумуп өӊүн өзгөрттүм.
– Келбетиӊди бир калыпта алып жүрүү үчүн диета кармайсыӊбы?
– Буга чейин 45 килограмм болчумун. Менин 170 сантиметр боюма бул салмак туура келбейт. Азыр 52 килограмм болуп сүйүнүп жатам. Анан каяктагы диета (күлүп)? Мурда кийимдер мага кийим илгичке илип койгондой көрүнсө, азыр жарашыктуу болуп калды. Бирок семирип кетким келбейт.
– Азыр жеке жашооӊдо абал кандай?
– Азыр жеке жашоом тынч. Чыгармачылык менен катуу алектене баштадым.
– Бул убакка чейин жигиттер менен мамиле куруп көрдүӊ да. Эркектин мүнөзүн билгенден кийин сага кандай адам керектигин түшүндүӊ?
– «Сүткө оозу күйгөн адам айранды үйлөп ичет» дейт. Мурун келбетине карап, билимине маани берчү эмесмин. Жыл өткөн сайын адамды тереӊдеп изилдей баштайт экенсиӊ. Эӊ башкысы, жөнөкөй, байлыкты, бийликти, кыйынчылыкты көтөрө алган, жашоого олуттуу караган туруктуу адамга жолуксам дейм. Анан сөзсүз түрдө билимдүү, интеллекти бийик болушу керек. Аны менен түбөлүктүү жашагым келет. 70ке чыкканда да байбичем деп сыйлап турган адамга жолугуу башкы максатым.
– Учурда үй-бүлөдө аялдар, балдар зордук-зомбулукка кабылып жатканы коомдогу көйгөйлүү маселелердин бири болууда. Бул жат көрүнүштү
кантип чектесе болот деп ойлойсуӊ?
– Биз, аялзаты, бир сөздөн эле сынып калышыбыз мүмкүн. Эркектин аялзатына, балдарга кол көтөрүшү анын алсыз экенинен, акылынын аздыгынан кабар берет. Менин оюмча, бул көрүнүштү сөз менен түшүндүрүп жойсо болот. Ушундай кылыктарды кылган эркектерди түшүнбөйм, түшүнгүм да келбейт. Алар психологиялык жактан жабыркагандар болсо керек.
– Маегиӊе рахмат!
Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg