ТАЛАСТЫК ЖИГИТТЕР 10 ЖЫЛДЫК КЕЧЕНИН ОРДУНА ЖАЛГЫЗ БОЙ ЭНЕГЕ ҮЙ САЛЫП БЕРИШТИ

Жакшы кабар менен бөлүшүү биз үчүн жагымдуу. Таласта 7 баланы тарбиялаган жалгыз бой эне айыл азаматтары тарабынан үйлүү болду. Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылындагы мектепти 2003-жылы бүтүргөндөр жесир аялга 4 бөлмөлүү үй тургузуп беришти.

«КЫЗЫМДЫН КЛАССТАШТАРЫ МЕНИ КУБАНТТЫ»
Жаӊы үйлүү болгон 54 жаштагы Гүлбара Курманалиева 4-октябрда болгон чакан уясынын ачылышына кубанып, аны биз менен бөлүштү:
– Айылдын азаматтары келип үйдүн ачкычын тапшырып, ачылышын жасап кетишти. Аябай кубанып жатам. Алдыда кыш кылычын камдап турганда бөлмөлөрү тар, эски үйдө жашоо кооптуу болуп жаткан.
Абышкам экөөбүз 6 кыз, 1 уулду тарбияладык. Жолдошум айыл элине акыл кебин айтып, ыйманынан жазбаган мечиттин имамы болчу, 2009-жылы 75 жашында каза болгон. Кыздарымдын алды турмушка чыкса, айрымдары студент, шаарда окушат. Колумда мектеп жашындагы кызым жана кичинекей уулум бар.
Ж.Тойчубеков атындагы мектептин 2003-жылкы бүтүрүүчүлөрү мектепти аяктаганынын 10 жылдыгын белгилөөнүн ордуна бизге үй салып беришти. Алгач жигиттер чогулуп келишип ушундай сунушун айтышканда өзүӊөр билгиле, кыйналып калбагыла дегеним менен, анча ишенген эмесмин. Бирок көп өтпөй короого келип пайдубал куя башташты. Үй 1 жылда бүттү. Улуу кызым ушул жигиттер менен 1 класста чогуу окуган. Балдарга батамды берип, бассам-турсам өмүрлөрүн тилеп жатам.

«ТИРҮҮСҮНДӨ КЫЛА АЛБАЙ КЕТКЕНИН БИЗ БҮТҮРДҮК»
Жардам берген жигиттердин бири Нуркан Сооронбеков үйгө кеткен жалпы чыгымды жана идеянын жаралышы тууралуу кеп козгоду:
– 20дай жигит салтка айланган 10 жылдык мааракени өткөрүү тууралуу сүйлөшүү үчүн чогулдук. Башкалардын деле мындай саамалыкты өткөргөндөрүн көрүп эле жүрөбүз. Бодо мал союп, башкалардан кем калбай дүркүрөтө той беребиз деп карыздап акча таап, эмдигиче карыздарын бере албай жүргөндөр да бар. Классташтар кеӊешип, андан көрө айылга пайдасы тийип сый-урматка ээ болгон, бирок үй салам деген тилегине жетпей калган аксакалдын үй-бүлөсүн кубантууга бел байладык. Алар эски, дубалдары жарылган 3 бөлмөлүү тамда жашашчу. Үй ээси көзү тирүүсүндө чатырга деп материал алып койгон экен. Башка каражаттарын өзүбүз көтөрдүк. Пайдубалынан баштап чатырына чейин өзүбүз салдык. Колубуздан келбеген жерлерине уста жалдадык. Чет өлкөдө жүргөн классташтарыбыз да сыртта калбай, колдон келген жардамдарын беришти. Жалпысынан кара жумуштан сырткары 300 миӊ сомдой акча кетти.

«ОКУУЧУЛАРЫБЫЗ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНЫП ЖАТАБЫЗ»
Негизинен 10 жылдык мааракени белгилеген бүтүрүүчүлөр мектеп мугалимдерин белекке марытып, бодо мал союп этке тойгузуп же өз алдынча майрамдап тарап кетишет эмеспи. Аталган жигиттердин мындай марттыгын мектеп мугалимдери да колдоп, өз окуучулары менен сыймыктанарын айтышты. Мектеп босогосун аттагандан тарта «А» тамгасын тааныткан мугалимдеринин бири Гүлмира Нусубалиева буларга токтолду:
– 10 жыл мурун мектепти бүткөн окуучуларыбызга айыл эли ыраазы. Негизи биздин мектептин бүтүрүүчүлөрү дайыма айылга пайдалуу иштерди жасап келишет. 1981-жылы төрөлгөн жигиттер мындан мурун айылга мечит курушкан. Кийинки муун анын айланасын курчап беришкен. Андан кийин айылдын мүрзөсүнүн чегин белгилеп, айланасын курчап тосуп бергендер да болду.
Мугалимдерге бир аз белегин берип, өздөрү майрамдап кетип калгандарды көрүп эле жүрөбүз. Ага караганда бир үй-бүлөнүн же бүтүндөй айылдын маселесин чечип берген кыйла пайдалуу. Аларды окутканбыз деген биздей мугалимдер үчүн сыймыктануу эле канча турат. Кудайга шүгүр, окуучуларыбыз эмгегибизди актап жатышат.
10 жылдык мааракени өткөрүп, утурумдук жыргалчылыкты ойлоонун ордуна жалгыз бой энеге көп жылдар бою кызмат кылчу үй салып берген жогорудагы кыргыздын уулдары башка замандаштарыбызга үлгү болчудай. Жаӊы үйгө ээ болгон Гүлбара Курманалиева айтмакчы, ушундай иш-чаралар салтка айланып, көптөгөн жетим-жесирлер кубанычка бөлөнө берсин демекчибиз.

«Колумда мектеп жашындагы кызым жана кичинекей уулум бар».

Кыргызстан айылындагы мектепти 2003-жылы бүтүргөн классташтар.

«Супердин» сурак бурчу
ТОЙ-АШКА ДЕГЕН КАРАЖАТЫӊЫЗДЫ КАЙРЫМДУУЛУККА ЖУМШООГО ДАЯРСЫЗБЫ?
Жапар Нурдинов, 50 жашта:
– Той берип элден бата алганга эмне жетсин? Бирок көп чыгым болуп той бергенге каршымын. Багар-көрөрү жокторго, ден соолугунан азап тартып, кайсы бир органын алмаштырууга муктаж болгон адамдарга колдон келген жардамымды берип келем.

  Чынара Өмүралиева, 32 жашта:
– Ар ким шартына карайт го дейм. Эгер менин үй-бүлөмдөн ашып турса, зарыгып тургандарга ажат ачмакмын. Ал кырдаалга ар бирибиз туш болуп калышыбыз мүмкүн. Той эмес, ырымдап кан чыгарганга да шарты жоктор көп.

Зарылбек Дооронбеков, 26 жашта:
– Мен үйлөнгөндө катардагы жаштардай эле унаа жалдап тойканада той бергем. Бирок ошол маалда кайрымдуулук тууралуу ойлонгон эмесмин. Сиздин сурооӊуздан кийин эмне үчүн кайрымдуулук кылса болбосун деп ойлонуп калдым.

Улан Эшимов, 51 жашта:
– Адам болгондон кийин сөзсүз кайрымдуулук кылуу парз. Дүркүрөтүп той бергендин ордуна карылар же балдар үйүнө жардам берүү сооп иш. Тойдо акчаӊды чачасыӊ, бирок элге ошентсеӊ деле жакпайсыӊ. Кайрымдуулук кылууну туура көрөм.

Кален Асанов, 57 жашта:
– Кайрымдуулук жасаган адамдын жүрөгүндө ыйман ойгонуп, жан дүйнөсү тазарып калат. Тойдо сенин ашыӊа тоюп алып мындай чыгып сынаган адамга караганда сенден жардам алган адамдын мээрими жылуураак болот. Мен кайрымдуулукту колдойм.

Базаргүл Жаратова, 47 жашта:
– Байкашымча, кайрымдуулук иштерин байларга караганда карапайым адамдар көп кылышат. Ал эми той кыргыздар үчүн маанилүү нерсе эмеспи. Мен да балдарыма элден кем эмес той кылып, элден бата алгым келет.

Нарбек Темирбаев, 34 жашта:
– Ойлонуп көрмөкмүн. Өзүӊдөн ашса, эмнеге кайрымдуулукка жумшоого болбосун? Мисалы, 1 тойго 300 миӊ сомдон кем эмес акча кетет. Анын 100 миӊин зарыккан адамдарга жумшап сооп алган жакшы да.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Zarema94
2015-11-16 19:56:12
Жакшы идея!
+2
sterva
2015-11-16 21:59:14
Депутаттар кылбаган ишти,жонокой адамдар кылыптыр,негизи жогоруда айтылгандай,байларга,чондорго караганда карапайым эл кайрымдуулук жумуштарын коп кылышат.Алла ыраазы болсун!!!
+5
perichte
2015-11-17 13:02:50
Азаматсынар жигиттер!!! Силерге таазим этебиз!!! Силердей чыныгы патриот жигиттер коп болсун!!! Кудайга жаккан иш кылыпсынар Аллах ыраазы болсун.Бекем ден соолукта аман болгула!!!
+2
Jamalym
2015-11-17 23:08:34
Азаматтар!Жараткан колдосун силерди!
+1
jon.as
2015-11-18 09:43:10
Патриот- деп ушу жигиттерди айтса болот. Азаматсынар Кудай ыраазы болсун!
+1
ORION-93
2015-11-18 11:16:57
Сонун иш болуптур. Азаматсынар! Бул жигиттер бир эле уй-булонун эмес бутундой элдин алкышына арзышыптыр. Мындай идеяны ойлоп чыккан жигитти анан да анын ою туура коруп, аны менен бирге болгондорды Жараткан колдосун!
+1
ORION-93
2015-11-18 11:17:55
Суроттогу кичинекей баланын коздорундо да бактылуулуктун белгиси корунуп тургандай...
+1
ayushka
2015-11-18 23:34:02
Азаматтар тапканынарга береке уй булонордо тынчылык токчулук болсун
+1
Senuchunzhashaim
2015-11-19 15:06:47
Молодцы жигиттер.
+1
Shat.88
2015-11-19 20:58:15
негизи ушул айылдын эли журту жаштары бир башкача кыйын калк болушат,спортсмендер бул айылдан коп чыгат айрыкча кыргыз курошунон.курошпогон жигити жок тан калам,кут даарыган айыл,азаматсынар!
+1
Serenada
2015-11-20 12:07:48
Азаматтар ушундай жаштарыбыз коп болсун мугалимдерге эле былчылдатып жегизе бербей ушундай иштерди жасаса болот экенго
+1
Taalaibek.
2015-11-20 12:35:46
Мындай азамат жигиттер Кыргызстанда коп-коп боло беришсин. Бул жигиттерге Аллах таалам ден-соолук, ыйман берсин, омурлору узуун болсун, эч нерседен кем болбосун. Берген дубаларымды Аллах таалам кабыл кылса экен.
+1
zzz---zzz
2015-11-20 19:53:59
Чон рахмат инилерим алла талаага жага турган сооп иштерди кылдынар кудайым эмне тилесенер ошону берсин, силерди остургон ата-эненерге да рахмат бар болгула.
+1
mikana
2015-11-20 22:01:51
Кыргызда ушундай азаматтар коп болсо олкобуз онолмок,азаматсынар.бул нерсе башталышы гана болуп,башкаларга таасир калтырсын. чача пача кылганчабул деген сооп нерсе да туурабы достор
+1
Shaa-82
2015-12-03 12:03:44
Ой азаматтар. Ото жакшы иш болуптур. Ушундай эр азаматтар кобое берсин олкобуздо. Туура иш кафелеп ресторандап акчасын чачып он жыйырма жылдык откоргондон коро сооп иш болуптур.
0
№ 680, 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан