КУТУРМАНЫ ДАРЫГЕРЛЕР ЖАНА ТАБЫПТАР КАНТИП АЙЫКТЫРАТ?

СТАТИСТИКА
Кыргызстанда 2015-жылдын 9 айында 105 адам кутурмага кабылганы аныкталып, бирөөсү көз жумган.

«Ошто кутурган ит 5 адамды тиштеп алды»
1-ноябрда Кара-Суу районундагы Учар айылынын 3, ал эми Ош шаарынын 2 тургунун кутурган ит тиштеп алган. Алардын азыркы абалын билүү үчүн Республикалык карантиндик жана кооптуу жугуштуу оорулар борборунун врач-эпидемиолог Элмира Масымбаевага кайрылдык.
– Учар айылы менен Ош шаарынын ортосунда чоӊ жол бар. Анын берки тарабы Учар айылына, аркы тарабы Ош шаарына таандык. Учардагы кутурган ит ошол чоӊ жол менен өтүп, алдынан чыккан 5 адамды тиштеген. Ош шаарындагы 2 жашар кыздын бети тиштелгендиктен абалы оор болуп, ооруканага жаткырылган. Калган 4 адам амбулатордук түрдө дарыланышууда (үчөөнүн колу, бирөөнүн жамбашы тиштелген). Баары дароо медициналык жардамга кайрылып, кутурмага каршы эмдөө жана иммуноглобулин дарысын алышкан. Азыр абалдары жакшы. 90 күнгө чейин врачтардын көзөмөлүндө болуп, баш-аягы 6 ирет ооруга каршы эмдөө алышат.
Учар айылында 4 ири жана 11 майда мүйүздүү мал, 16 ит-мышык кутурмага каршы эмделди. Ошол эле аймактан 34 жолбун ит атылды.

КУТУРМА
!Кутурма кайдан пайда болот?
Кутурма
– кутурма вирусу пайда кыла турган жугуштуу оору. Вирус шилекей, көз жаш жана зааранын курамында камтылат. Кутурган жаныбар тиштегенде анын шилекейи аркылуу жугат. Вирус нерв аркылуу барып алгач жүлүндү, анан мээни сезгентет.

Кутурманын негизги таркатуучулары
Жапайы жаныбарлар

• Түлкү
• Карышкыр
• Кашкулак
• Чөө
• Жарганат

Үй жаныбарлары

• Ит
• Мышык

Оорунун башкы белгилери

Баштын оорусу
• Тамак ооруп, эч нерсе жута албай калуу
• Суудан, жарыктан, ызы-чуудан коркуу
• Шилекейдин агышы
• Үндүн бүтүшү, тер басуу
• Элирүү, агрессивдүү болуу, колуна тийгенди талкалоо
• Шалга айлануу
• Жүрөктүн согушунун бузулушу, жүрөктүн токтошу

Тиштесе эмне кылуу керек?

Тиштегенден кийин 10 мүнөт ичинде жаракатты самындап жуу
• Йод же спирт менен сүртүү
• Ооруканага тез кайрылып, кутурмага каршы эмдөө алуу

Эскертүү: Ооруканага кеч кайрылганда эмдөө да жардам бербей, адам каза табат.
Сизди тиштеген жаныбар тууралуу дарыгерлерге дароо кабар бериӊиз.

БҮРКҮТТҮН ЖАНА БӨРҮНҮН ӨТҮ, УУ КОРГОШУН КУТУРМАГА ДАБАБЫ?
Кутурманы элдик медицинада түрдүү ыкмаларды колдонуп айыктырат делет. Алар жөө жомокпу же чындыкпы? Азыр да колдонулабы? Бул жаатта табыптардан сураштырсак, бирөөсү гана кутурманы айыктыруу жолдорун билерин айтты.

«БҮРКҮТТҮН ӨТҮ ЭРТЕСИ ЖАКШЫ КЫЛАТ»
«Бүркүттүн кургатылган өтүн эзип ичирсе, оору каксыз айыгат» дешет...
Баян Нуралиева, Баткен облусунун Баткен району, Кара-Бак айылы, табып:
– Менин таенем табып болгон. Ал кутурган адамды бүркүттүн өтү менен дарылачу.
Бүркүттүн өтүн шыргыйдын башына сайып, салаӊдатып коёт. Ооруган адамды абдан ачка кылып, анан баягы салаӊдаган өттү көрсөтөт. Кутурган адам элирип, жиндеп кеткен сымал болот эмеспи. Ачка, анан элирип турган ал салаӊдаган өттү алып, жутуп жиберет. Бир аздан соӊ уйкуга кетет. Түшүндө бүркүт өзүн көтөрүп учуп баратканын көрөт. Көтөрүп учпаса да, бүркүт көрүнөт. Ойгонгондо абалы жакшырып калган болот. Анан туугандары очокко өрүктүн жыгачын жагып, чок кылат. Очоктун ичи ысыган кезде чокту чыгарып, очоктун үстүнө төшөнчү жабат. Кутурган адамды жаткырып, 2 бутун очок ичине салып, жылуулап жабат. Кутурмадан баспай калган буту да ошентип басып калат. Бул дарт чанда кезиккендиктен 75 жашка чыккычакты бирөө жарымды дарылоо буйруй элек. Бүркүттүн өтү базарда 8000 сом турат дешет.

«АЙЫКТЫРУУГА БӨРҮНҮН 2 ӨТҮ КЕРЕКТЕЛЕТ»
«Карышкырдын кургатылган өтүн эзип ичирсе, кутурган адамда дарт калбайт» деген чындыкпы?
Нурлан Мамыров, Талас облусунун Талас району, Таш-Арык айылы, табып:
– Кутурманы айыктыруу үчүн 2 бөрүнүн өтү керектелет. Бир ирет мага Казакстандын Жамбыл районунун Гродеково айылынан 13 жашар кызды алып келишти. Оорукана кабыл албай коюптур. 9 күн бөрүнүн өтүн эзип ичирип, айыктырдым. Бөрүнүн 1,5 өтү кетти. Дары чөптөрдү да кайнатып берип жаттым. Бөрүнүн өтүн 3000 сомго сатып алса болот. Ошол кыздан башка кутурган адам мага келе элек.

«УУ КОРГОШУН 10-15 КҮН ИЧИРИЛЕТ»
«Уу коргошун, меӊдубана ичирсе, оору сен көр, мен көр жок болот» дегенге сиздин оюӊуз?
Саадабүбү Өмүркулова, Бишкек шаары, табып:
– Уу коргошундун тамыры менен 10-15 күн дарылоо керек. 3 тамырды алып, аны жай отто 6 саат кайнатасыӊ. Андан күндө 2 маал аздан ичирип, катуу тердей тургандай кылып ороп-чулгайбыз. Дарт тер жана заара менен 1 аптада сыртка чыгып, бейтап оӊоло баштайт. Дары түгөнгөндө кайра жасоо керектелет. Мурун тааныш табыпка барып тажрыйба топтоп жүргөнүмдө анын ушинтип айыктырганын көрүп, дарылоого өзүм да жардам берген элем.
Меӊдубананын уругун сүткө кайнатып, 7-9 күн ичирсе да болот.

Эскертүү: Уу коргошун менен меңдубана уулуу болгондуктан өз алдынча колдонууга болбойт!

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Ledi89
2015-11-17 19:13:40
Коркунучту экен .
0
Ledi89
2015-11-17 19:15:44
Админ писиоряз оорусун кантип айыктыруу жонун до да жазгылачы сураныч. Элдик медицина боюнча кобуроок . Алдын ала рахмат .
0
admin_superstan
2015-11-18 10:27:29
Ledi89, саламатсызбы!
Псориаз тууралуу макала: http://www.super.kg/article/show/1237
0
gulnara2014
2015-11-20 15:18:16
буркуттун оту керек болуп жатат. кайсы жактан тапсам болот айтып коюнуздарчы
Буркуттун оту чач тушконго даба деген туурубы
0
moskyrsat
2017-02-28 17:02:50
gulnara2014,таптынарбы
0
ayko24
2015-11-21 17:57:02
Урматтуу админ энурезди кантип элдик медицина менен дарыласа болоору тууралуу жазыныздарчы. Алдын ала рахмат
0
admin_superstan
2015-11-23 11:56:23
ayko24, саламатсызбы!
Энурез тууралуу жазылган: http://www.super.kg/article/show/33563
0
№ 680, 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан