Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёру Анвар Осмоналиев венгриялык режиссёр Марта Месароштун «Түндүк жаркыроосу» («Северное сияние») аттуу тасмасына тартылды. Бир жума Венгрияда жүрүп ата мекендик согушту чагылдырган тасмада эпизоддук роль жаратып кайткан актёр: «Бул тасмага кастинг аркылуу кабыл алындым. Мен катышкан эпизоддор 2 күндө тартылды. Тартуу иштерине катышкан күндөрүнө 400 доллардан, суткасына 30 евродон төлөп беришти. Мен Советтер союзунун аскеринин ролун ойнодум. Фильмдин сюжети чыныгы жашоодон алыныптыр. Анда согуш жылдарынын аягы чагылдырылат. Венгрияда жашаган Франческа деген аял сүйгөнү менен чек араны кесип өтүп качып бара жатышканда Советтер союзунун аскерлерине кармалып калышат. Ошол маалда америкалык менен союздун аскерлери кагылышып калат да, Франческа учурдан пайдаланып качып кетет. Кыз качып кеткен жеринде кадрга кирбешим керек эле. Мен болсо аялды кайтарып турган монгол актёрго «Тиги аял кана?! Жакшы карап тур дебедим беле?!» деп ачууланып кыйкырып жибердим. Муну атайын кылган жокмун, иш жүзүндө өзүнөн-өзү болуп кетти. Ал жактан «Стоп!» командасы берилгенде баары келип «Супер!» деп колумду кысышты. Мына ушул жери сценарийге кошулуп 3 дубль менен тарттык. Ошол жерден өзүмдү көрсөтүп кеттим»,- деди.