БИР БҮРКҮМ

  • Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы 1-ноябрга карата эӊ көп талап кылынган бош орундардын рейтингин жарыялады.
    196 ВАКАНСИЯ менен мугалимдер биринчи орунда болсо, экинчи орунду кассирлер, үчүнчү орунду дарыгерлер ээлеген.
  • 2015-жылдын 10 айында өлкө аймагында 3384 ӨРТ КЫРСЫГЫ катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, былтыркыга салыштырмалуу быйыл өрт кырсыктарынын саны 10 пайызга азыраак.
  • ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН жарым жылдык баяндамасында айтылгандай, Борбор Азия аймагындагы экономикалык олку-солкулукка карабай, кыргыз экономикасынын өсүү темпи 7 пайызга жакын көрсөткүчтү түзгөн.
  • Жыл башынан бери арак өндүрүмүнөн түшкөн акциздик салыктын көлөмү 55 ПАЙЫЗГА гана аткарылды. Бул тууралуу 12-ноябрда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замир Осмонов билдирди.
  • 17-ноябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуучу Кыргызстан жана Иордания курама командаларынын ФУТБОЛ боюнча беттешине билеттер сатыла баштады.
  • Кыргызстан дүйнөдөгү ЭӉ БЕРЕШЕН, эӊ кайрымдуу өлкөлөрдүн тизмесинде 18-орунду алды. Рейтинг Улуу Британиянын «Charities Aid Foundation» фонду тарабынан түзүлгөн.
  • Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын директорунун милдетин аткаруучу болуп Айнура Шакиралиева дайындалды. Ал 1995-2006-жылдары Бишкек шаарынын №38-МЕКТЕБИНДЕ завуч болуп иштеген.
  • Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын айтымында, Сирияда ИСЛАМ МАМЛЕКЕТИНИН катарында согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргыз жарандарынын саны 500 кишиге жетти. Анын 122син аялдар түзөт.
  • Өлкөдө ЖАШТАР САЯСАТЫ менен мындан ары Билим берүү жана илим министрлиги алектенет. Жакында Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жоюлуп, ордуна Мамлекеттик миграция кызматы түзүлгөн. Ал эми эмгек жана иш менен камсыздоо функциясы Социалдык өнүктүрүү министрлигине берилген.
  • Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2015-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда 6 МИЛЛИОНУНЧУ атуулдун төрөлүшү күтүлүүдө. Бул дата болжол менен 26-ноябрь деп белгиленүүдө.

Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 680, 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан