12-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеӊештин экс-спикери Ахматбек Келдибековго карата өкүм чыгарды. Келдибеков салык кызматын жетектеп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деген айып боюнча акталса, Жогорку Кеӊештин спикери болуп турганда Москвада өкүлчүлүк ачуу чечимине байланыштуу күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом айып пул төлөмөй болду.
Келдибековдун жактоочусу Азимбек Бекназаров кийинки инстанцияга апелляциялык арыз берерин билдирди.
Эске салсак, Ахматбек Келдибековго коррупциялык иштерди жасаган деген айып тагылып, 2013-жылы анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, камалган. Кийин ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Мамлекеттик айыптоочу судьядан Келдибековду мүлкүнөн ажыратуу менен 10 жылга эркинен ажыратууну суранган эле.
Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg