СУПЕРДИН ОКУРМАНЫНЫН ӨТҮНҮЧҮ ЖОГОРКУ КЕӉЕШТЕ КАРАЛДЫ

Super.kg порталынын «Элдик кабар» рубрикасындагы сынактын биринчи жеӊүүчүсү бөлүшкөн кабар эсиӊизде чыгар? Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну, 10-класстын окуучусу Чынберди Жанышов өзү билим алган Шамши Базарбаев атындагы мектептин кейиштүү абалын жарыялаган болчу. Ал дубалы урайын деп араӊ турган мектептин ашканасында окуп жатышканын айткан. 
12-ноябрь күнү Жогорку Кеӊештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Тазабек Икрамов: «Багыш айыл округунун Сафаровка айылында жайгашкан Шамши Базарбаев атындагы мектеп көп жылдардан бери оӊдоо иштери жүргүзүлбөй, азыр авариялык абалда. Ошого байланыштуу өкмөттүн 2016-жылга карата 100 мектеп куруу, 100 мектепти оӊдоп-түзөөдөн өткөрүү иш планына жогорудагы мектептерди да киргизүүнү сурайм»,- деди.
Аталган фракция өздөрүнө бөлүнгөн тармактар жана кылган иштери боюнча жоопкерчиликти өз моюнуна алышарын билдирди.

Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
eliza5566
2015-11-16 12:00:12
бул мектеп эмес эле мал сарайга ошкшош экен
+7
eduardali
2015-11-16 12:34:44
Мал сарай да мындан жакшыраак уят эле биздин тоболдор каякты карап журушот.
+3
STAN_KG
2015-11-16 14:32:21
Мен Кыргызстандагы сапаты жактан эң мыкты курулган мектепте окуганымды жана ал жердеги билим берүүчү мугалимдердин билим деңгээлинин жогору экенин ЖОЖ тапшырганда байкадым. Жогорудагы сүрөттөгүдөй мектептер бизде бар экенине өтө таң калып жатам! Уят! бул эмне деген мектеп!
+2
Umnitsa
2015-11-16 19:30:46
оой тообо. бул мектеппи эмне? ичи жылуу, партасы бутун, сырты кооз мектепте окуганыма Кудайга мин ирет шугур...
+2
Ledi89
2015-11-17 18:42:52
2016 жылы депутаттар айткан создоруно туруп жаны мектеп курулат деген умуттомун . Жоноткон кабары балага рахмат.
0
Nurzat1
2015-11-18 10:32:26
ана депутат соройлор ушуларды карабайбы
0
tabyshmak
2015-11-19 11:17:32
Мындай маселени кароо - депутаттардын милдетине кирбейт. Алардын милдетине - бири-бири менен тытышуу, эл эсебинен, мамлекеттик боюджеттин эсебинен жеп, ичип анан тиги жакка баруу кирет.
0
№ 680, 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан