Шайлоонун шарданы аяктаган соӊ жаӊы өкмөт мамлекеттик кадрларды дайындоолор менен алек. Бул аптада өкмөт башчынын буйругу менен бир катар кызматтык алмашуулар орун алды. Алсак, мурунку биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кызматына дайындалды. Темир Сариев жаӊы жетекчини МККнын эмгек жамааты менен тааныштырып, ага биометрикалык маалыматтарды топтоону аягына чейин чыгаруу милдетин тапшырды. Ошондой эле Дүйшөнбек Зилалиев Өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Замирбек Осмонов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, Адамкул Жунусов Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси ордуларында калышты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nur.88
2015-11-17 12:34:36
Ошондо биометрикадан отуу уланабы же токтотулабы отпогондор эмне болот? 2016жаны паспорт алайын дегем.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.