БАБАНОВГО УБАДАСЫНА ТУРБАЙ КОЮУГА ЖАКШЫ ШАРТ ТҮЗҮЛДҮ

Өткөн жумада парламент өкмөт мүчөлөрүн аныктап, комитет жетекчилери да шайланды. Жогорку Кеӊеште премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине өлкө башчы Алмазбек Атамбаев да катышып, жаӊыдан шайланып келген депутаттык корпуска каалоо-тилегин айтып, алардан эмнени күтүп жатканын билдирди.

«АР БИР ДОБУШ МОЮНУӉАРГА ИЛИНГЕН АМАНАТ ЭКЕНИН УНУТПАГЫЛА!»
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеӊештин VI чакырылышына шайланып келген депутаттарга карата кайрылуусунда өз байкоосун мындайча билдирди: «Өтө көп ишкерлер шайлоого катышты. Өлкөнүн дээрлик бардык бай адамдары кайсы бир партиянын курамы менен депутаттыкка аттанышты. Өнүккөн өлкөлөрдө деле бай адамдар шайлоого катышат, бирок кайсы бир партиялардын демөөрчүсү катарында. А бизде болсо миллионерлер өздөрү парламентке келүүгө жулунушту. Мында эки себеп бар. Биринчиден, парламенттин регламенти депутаттарга жылына 2-3 жолу эле жыйынга катышып, ага карабай депутаттар өз убагында айлык алып, бардык жеӊилдиктерге, кабинет менен кызматтык унаага да ээ болууга жол берет. Мындайча айтканда, депутат катары айлыкка, бардык жеӊилдиктерге ээ болуп, иш жүзүндө өз иштери менен алек болуп жүрө беришет. Экинчи себебин болсо биздин өлкөдө бизнес дагы деле өзүн корголбогондой сезеринен көрүп жатам... Жөн эле «оппозициябыз» деп кыйкыра бергенди токтоткула. Андан көрө өкмөткө, мамлекетке жардам бергиле. Ар бир шайлоочунун силерге берген добушу моюнуӊарга илинген аманат экенин унутпагыла!»

«ПРЕЗИДЕНТТИН УКУКТАРЫН АЗАЙТПАСАК, ЭЛДИН ШОРУНА КАЛАБЫЗ»
Президент өз сөзүндө келе жаткан президенттик шайлоо жана өлкөнүн парламенттик башкарууга өтүүсү тууралуу ойлорун айтты. «Өткөн 5 жылда көп улуттуу кыргыз эли парламенттик башкаруу өлкөбүзгө туура келерине ынанды. Бирок, ачык айтсак, иш жүзүндө биз дагы эле бир бутубуз менен парламенттик, экинчи бутубуз менен президенттик башкарууда турабыз. Ошондуктан, менимче, биз бара-бара Европа өлкөлөрүндөй эле толук парламенттик башкарууга өткөнүбүз туура болчудай. Өткөн парламенттик шайлоодо көрдүӊөр. Айрым партиялар формалдуу түрдө мыйзам менен Конституцияны бузбаганы менен, иш жүзүндө партиялык шайлоону мажоритардык жол менен өткөрдү. Демек, азыркы Конституциядан жылчык таап, мыйзамды буйтап өтө турган «тыӊ» жигиттер бизде аз эмес. Ал эми 2017-жылы кайран элибиз адаттагыдай бал сөздөргө, акчага алданып, ошондой бир өтө «тыӊ» президентти шайласа, өлкөнүн башына Максим Бакиевге окшогон, Кыргызстанды күркө катары, кыргыз элин кой катары көргөн, бизнесмендерди тоногон, Кудайдан коркпогон мамлекет башчы келиши толук мүмкүн болуп турат. Андай «тыӊдарга» азыркы Конституция туруштук бере албайт. Анткени Баш мыйзамдын өзүндө бир топ карама-каршылыктар бар. Президенттин укугун азайтып, накта парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Болбосо элдин шоруна калабыз. Жогорку Кеӊеш бул маселени абдан кылдаттык менен изилдеп, жакшылап карап, анан элдин талкуусуна коюш керек. Эгер элибиз ынанса, анда колдоп берет. Унутпагыла! Президенттик шайлоого болгону 1,5 жыл калды»,- деп билдирди.

БАБАНОВ БААРЫНАН КУРУ ЖАЛАК КАЛДЫ
Парламент президенттин кайрылуусунан улам Максим Бакиевге окшогон «тыӊ» жигиттердин бири Өмүрбек Бабанов деп кабыл алып, азыртадан эле анын алдыга жулунуп чыгуусуна бөгөт койгусу келдиби, айтор, «Республика-Ата Журт» фракциясы Жогорку Кеӊештин спикеринин орун басарлыгынан да, оппозицияга бөлүнгөн комитеттердин башчылыгынан да куру жалак калды. 28 депутаты бар Бабановдун фракциясынан коюлган талапкерлер депутаттардын колдоосун ала алышпады. Мындай жыйынтыкка макул болбой, аталган фракциянын депутаттары каршылык билдиришип, жыйындар залынан чыгып кетишти. Өмүрбек Бабанов: «Биздин фракцияга бир да комитетти ыраа көрбөй койдуӊар. Демек, парламенттеги жалгыз оппозициялык фракция деп саналууга укугубуз бар. Мындан аркы кадамдарыбыз башкача болот. Силерге чын жүрөктөн рахмат»,- деп кетти.
Ошентип Социал-демократтар фракциясы Жогорку Кеӊештеги үч комитетке, «Кыргызстан» менен оппозициядагы «Бир бол» фракциясы экиден комитетке, «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары бирден комитетке жетекчилик кылмай болушту.
Бир чети мындай абал Бабановго аябай ыӊгайлуу. «Республика-Ата Журт» эч бир креслого ээ болбой калганына шылтап, эми шайлоо алдында элге берген убадасын аткарбай, бийликти сындап жүрүп алат. Эгер убадаларына турууну каалабаса.

Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
admin_superstan
2015-11-17 10:48:08
jazmel, AK-47., сын-пикирлерди admin@super.kg электрондук дарекке жөнөтүңүз!
jazmel, кимдир бирөөнү мазактоого, жалаа жабууга тыюу салынган! 15 күн БАН!
AK-47., 10 күн БАН!
0
basyz-kaman.
2015-11-17 12:07:49
Бабанов деле байлык менен бийлике жутунган неме, сокур сезим менен Бабанов деп курулай кыйкыра бербегиле! Бабановдун кандай озгочолугу бар башкалардан? Ушул убака чейин кандай иш кылды кыргыз эли учун? Жакшылап талдап корсонуздор? Убагында Ташиев деп кыйкырдынар эле забордон секирем деп денгээли томон экендигин корсотуп койду... Бул жерде отуруп алып, тигилердин таламын талашып, бири-бирибизге жаман соз айтышпай эле койолучу туугандар! Алар бул нерсеге арзыбайт.
-4
Mongol1155
2015-11-17 12:15:03
Иштейм деген адамды коро албагандар коп экен.Куру жалак калтырганы менен,башкалары иштесе жакшы го.
+1
ulara-2010
2015-11-17 12:21:03
келээрки ПРЕЗИДЕНТ коросунор кудай буйруса,ошондо баарына корсот Омурбек аке
0
admin_superstan
2015-11-17 15:04:53
avazbek._92, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Эскертүү!
0
Alexus
2015-11-17 18:47:52
Бабанов бийлике келсе Ташиевди тартат 2017 президент болуп келсе пример Ташиев болуп калышы толук ыктымал.азыркы бийликтегилер болсо темир тордун астында калышат андай болсо,азыртан каралап элге жаман корсотуш керек.эсин барда этегини жап деп кыргыздын макалында канчалык терен маани бар э.?
+3
bopos
2015-11-17 21:40:41
депутаттарды шайлаганда кыргыз элим корушту,ким кандай экенин.эми президент шайлоо убагында 2 козду 4 кылып жакшы акыл калчап "Кыргыз"деген адамды шайлайлы,акча десе эле бир мешок унга алданбай.келечекти ойлойлу,озубуз болбосок да кийинки осуп келаткан муундарыбыз бизге окшоп кыйналбай турган болгудай.тынч болсун кантсе да мамлекетибиз!
+1
guju_90
2015-11-17 23:33:25
Бабанов тоону комторот болчу дебесекда башкаларга салыштырмалуу аракети бар болчу деген умут менен добуш бердик эле.Анткени жакшы соз бар эмеспи 'суйлогон созун канчалык кооз болбосун жасаган ишине карап баа берет' -деп.Билген адам билет анын кандай фактический жасаган иштери бар экенин.Окунучтуу бул жагы эскичилик болуп кетиптир.Бул ситуацияданда чыгып кетет.
+5
besha
2015-11-18 04:20:12
Адилетсиздик куч алыптыр! Азыр бирдеме деп айтыш кыйын, убакыт корсотот.Ак ийилет, бирок сынбайт!
+2
lepestok
2015-11-18 12:18:02
Баарыбир Бабановду колдойбуз!!!
+6
edik.toloikon
2015-11-18 21:14:10
Бабанов делай
+5
Aizi92
2015-11-19 14:07:22
Бийликтегилердин эч кимисине ишенбейм.Бир умутум Бабановдо калды эле.Аны дагы жегичтер бийликтен алыстатыптыр.Эми олкобуз Индиянын жашоосундай болуп калбаса болду...Акырындап ошол жашоого отуп баратабыз...
+1
Ledi89
2015-11-19 20:48:38
Баш айланатко саясатын сасык оюну на. Биринда элди ойлонбой сугар, элдин акчасын жеп убагында айлык алып, жыргап журошот. Эл шорду тиричилигин эптеп откоруп жатышат таалалап ,чек араларда олуп,жерин коргоп. Аллахым элдин пейлин он до , ыймандуу президенти бизге насип кылчы , Алладан коркуп турган президент келсин ! Амиинь.
+1
kanykeim
2015-11-22 14:50:54
Байкем ушакчы болуп кетиптир.мактаган адамы калбады окшойт
0
aktivist0707
2015-11-22 23:06:36
бирин олуп бирин кал Депутат эч качан элге пайдасы тийген эмес тийбейт дагы
0
№ 680, 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан