Алмаз Үсөнов, президенттик аппараттын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы: «ӨЛКӨБҮЗДӨГҮ СӨЗ ЭРКИНДИГИНИН БААЛУУЛУГУН АР КИМИБИЗ БААЛАЙ БИЛСЕК...»

Күн-саат эмес, мүнөт-секунд сайын жаӊыланып турган маалымат ааламында, бир клик аркылуу окуялар дүйнөнүн туш тарабына тараган интернетке киндиктеш заманда медиа чөйрө менен иш алып баруу оӊой оокаттардан эмес. Журналисттер эмнени чагылдырып жатышат, ал маалымат чынбы-калппы, бул тууралуу мамлекет башчыга жеткирүү керекпи-жокпу – бул суроолор каарманымдын ичип жаткан ашын коё туруп аткарчу иштеринин чети гана...

– «Ким маалыматка ээ болсо, ал дүйнөнү башкарат» дешет. Катардагы конторанын эмес, мамлекет башчынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси өлкөдө кыбыр эткен окуядан өйдө кабардарбы?
– Аша чапкандык эмес, бирок 24 саат бою бардык маалыматтан кабардар болуп туруу – бул менин ишим. Өлкөбүздө эле эмес, дүйнөдө, айрыкча кошуна республикаларда Кыргызстанга тиешелүү кандай жаӊылыктар болду, кайсы саясатчы эмне деп айтты, ушунун баарын башкалардан озунуп билүүгө тийишмин. Ошондуктан иш графигим түн же күн, эс алуу күндөрү, эмгек өргүүсү деп бөлүнбөйт. Жумушка келе жатып эртеӊ менен 1-2 радиостанциянын жаӊылыктарын угам, кабинетиме кирерим менен иш столумда гезиттер күтүп турган болот. Аларды окуп чыгам, андан ары кечке дейре интернетти казмай башталат. Маалымат агенттиктери, социалдык тармактар жана башка сайттар көз жаздымдан калбашы керек. Үйгө келип, башкы телеканалдардын жаӊылыктарын көрөм. Жок, ишим дагы деле бүтө элек (жылмайып). Тамак ичип жатканда, жатарда чөнтөк телефонумдан «абал тынч элеби?» деп кайрадан интернетке баш багам.
– Жаӊылыктарды кууп жазган кабарчыдан айырмаӊыз жок турбайбы...
– Баарынан кабардар болмоюнча жанды жай алдыруу жок. Маалыматтарды ошол замат талдап, айрымдарына ыкчам реакция кылуу керек. Кайсы бир материалда туура эмес маалымат кетсе, аны төгүндөп, же тактап, комментарий берүү зарыл болот. Күн сайын бөлүмдө жалпы маалымат айдыӊына мониторинг жүргүзүп, негизги тенденцияларды аныктап, ошого жараша аракеттерибиздин багыттарын тактайбыз. Өзүӊүз байкагандай, жаӊылыктарды кууганды мындай кой, биз ошолордон 1-2 кадам алдыда болууга умтулабыз. Ансыз маалымат саясатын жүргүзүү мүмкүн эмес.
– Ошол топтолгон маалыматтар чыныгы өӊ-түсүндө эле мамлекет башчыга жеткирилеби? Мурдагы качкын президенттердин бийликтен куулушун өлкөдөгү чыныгы абалдан кабарсыз калганы менен да байланыштырышат...
– Алмазбек Шаршенович күн сайын убактысын бөлүп, негизги интернет сайттарды өзү окуп чыгат. Кээде президент биз маани бербей калган, же өткөрүп жиберген маалыматка көӊүлүбүздү буруп, тапшырма берип калат. Бул жагынан өтө тыкыр киши. Мурдагы качкын президенттердин эӊ чоӊ жаӊылыштыгы – бул алардын кайсы бир окуя тууралуу бир эмес, түрдүү булактан билүү аракети болбогондугу болсо керек. Кандай жаӊылык болбосун ал биринчи интернетте тарайт. Мындайда сөз эркиндиги да чоӊ роль ойнойт. Биздин өлкөдөгүдөй сөз эркиндиги башка мамлекеттерде жокко эсе. Муну биз баалап жүрсөк. Ошол эле учурда сөз эркиндиги берген мүмкүнчүлүктөр менен бирге чоӊ жоопкерчиликти да унутпасак. Мамлекет башчыга маалыматтардын топтомун биздин бөлүмдөн тышкары президенттик аппарат, башка мамлекеттик органдар да беришет. Алмазбек Шаршенович бир канча булактан топтолгон маалымат менен таанышып, анализ кылып, анан бир жыйынтык чыгарат.
– Алмазбек Атамбаев журналисттер менен жыл аягында маалымат жыйын өткөрүп, дээрлик суроолордун баарына жооп берет. Ушундай эле форматты эл менен түз байланышта өткөрүү пландары барбы?
– Журналисттер менен өткөн маалымат жыйында «андай суроо бер, мындайын бербе» дегендей чектөө жок, аны өзүӊөр жакшы билесиӊер, дайыма катышасыӊар да. Баары ачык жана айкын. Бул көрүнүш көнүмүш деле болуп калды. Эл менен президенттин ортосунда онлайн режимде түз байланыш уюштуруу планыбыз бар, эмдиги жылы болуп калышы мүмкүн. Ошол эле убакта президент аймактарга барганда жолугушууга келген адамдар менен бетме-бет көрүшүп, эл берген бардык соболдорго жооп берет.
– Президенттик аппаратта жаштар басымдуу. Команданы жаштардан куроодо кимдин салымы чоӊ?
– Бул президенттин демилгеси. «Билимдүү, акылдуу жаштар кызматка келиши керек, муун жаӊыланышы зарыл» деп көп айтылат. Мына ошол кептердин сөздөн ишке өткөндүгү. Башкы прокурор Индира Жолдубаева, Коргоо кеӊешинин катчысы Темир Жумакадыров, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев, бир катар жетекчилер, министрлердин орун басарлары... Жогорку Кеӊештин жаӊы чакырылышын карагыла, ошол эле Жанар Акаев. Баш-аягы 50дөн ашык адам. Биздин бөлүмдө эле иштеген кызматкерлердин 80 пайызы менден кичүү жигиттер жана кыздар.
– Президенттик администрацияга кантип келип калгансыз?
– Мындан 12 жыл мурда, анда мен 4-курста окучумун. Журналист эмес, инженер-программист болуп чыгам деген кез. Кафедра башчысы биздин окуу жайда окуган 5 баланы президенттик администрациянын чакыруусу менен жөнөттү. Ак үйгө келип, баарлашуудан мен эле өттүм. Бизде окугандарды чакыруунун себеби президенттик басма сөз кызматы жаӊы технологиялар менен иштөөгө өтүп жаткандыгы, президенттик сайтты иштеп чыгуу, маалыматтарды интернет аркылуу таратуу башталгандыгында болгон.
– 1990-жылдары компьютер, интернет дегенди көпчүлүк билбейт деле болчу. Сизге ким багыт берген?
– Атам. Ал өзү инженер-куруучу болгон, бир топ чоӊ объекттерде иштеген. Кесип тандоого келгенде энергетика тармагын, атүгүл өзүм жактырган сүрөтчүлүктү тандайын деген ойлорум болгон. Бирок Кыргызстанда жаӊы технологиялар 1998-жылы өнүгө элек болсо да, атамдын түрткүсү менен ушул окууга тапшырдым. Группада 3 кыргыз балабыз, калганынын баары орустар. Окуу болсо оор, саат 8ден баштап кечки 5ке чейин лекция жазмай, бармактарыбыз шишип кетчү. Супсулуу болгон кол жазмам азыр врачтардыкынан эч айырмаланбаганы да ошондон. Биз Политехтин инженер-программист кесибин алып чыккан биринчи бүтүрүүчүлөрүнө киребиз.
– Журналистика боюнча окууга тапшыргыӊыз келбейби?
– Мен көп жылдан бери маалымат чөйрөсүндө иштеп жүрүп, журналистика боюнча бир университетти бүткөндөй эле болдум. Анын үстүнө мамлекет башчысынын басма сөз кызматын ар дайым өлкөдөгү эӊ мыкты деген адамдар жетектеп, алардын таалим-тарбиясын алып, практикалык жактан такшалдым. Бирок теория жагынан да даярдыгымды бекемдөө үчүн буга чейин Япония менен Кытайда медиа чөйрөсүнө байланыштуу кыска мөөнөттүү курстарда окуп келгем. Жакынкы келечекте чет жердеги ЖОЖдордун биринде журналистика, же саясат таануучулук боюнча жогорку билим алайын деген пландарым бар.
– Дагы кандай пландарыӊыз бар? Саясатта өзүӊүздү сынагыӊыз келеби?
– Менде андай деле саясий амбиция жок. Ушул тапта мага ишенип тапшырылган азыркы кызматты абийирдүүлүк менен аткаруу – менин негизги максатым. Иш процессинде өйдө-ылдый боло берет, бирок кийин аткарган жумушумду айтып сыймыктансам керек. 2012-жылы азыркы ишке чакырышканда мага болгон ишенимди, үмүттү актоо керектигин түшүнгөм жана канчалык пафос сыяктуу угулбасын, өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымымды кошкум келет.
Апрель окуясына чейинки жана кийинки мезгилдин айырмасы асман менен жердей. Бул мен үчүн чоӊ сабак жана чоӊ тажрыйба. 10 жылдан ашуун бир тармакта иш алып барсаӊ, көнүп да калат экенсиӊ. Ошол үчүнбү, ушул сферада кала берем, иштей берем. Калганы Кудайдын буйруганы.
– Иш, иш жана иш деген адам экениӊиз ар бир сөзүӊүздөн жаӊырып турат... Үй бүлөӊүз мындан жапа чекпейби?
– Келинчегим өзүмдүн группалашым. Анын да эки жогорку билими бар. Азыр балдарды карап үйдө. Бири мектепте, экинчиси бала бакчага барган кыздарым, 1 жарым жашка чыккан уулум бар. Келинчегим мага бекем тыл, чоӊ жардамчы. Үй маселелеринен көӊүлүм ток. Мен ага ыраазымын.
Жекшемби күндөрү балдарымды эс алуу жайларына алпарып, ойнотом. Өзүм иштен чарчап, эс алгым келгенде кышында лыжа, жайында велосипед тебем. Бирок мен баары бир иш менен ооруган адаммын.

МЕНИН ИШИМ – 24 СААТ БОЮ БАРДЫГЫНАН КАБАРДАР БОЛУП ТУРУУ

  • Үсөнов Алмаз Туратбекович 1981-жылдын 21-декабрында Ысык-Көл облусуна караштуу Тоӊ районунун Бөкөнбаев айылында туулган.
  • 2003-жылы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган.
  • 2008-жылы Юридикалык академияда юристтик кесип боюнча билим алып чыккан.
  • Эмгек жолун 2002-жылы Кыргыз техникалык университетинде системдик администратор болуп иштеп баштаган.
  • 2003-2010-жылдары президенттик администрациянын басма сөз кызматында референт, эксперт болуп иштеген.
  • 2010-2012-жылдары PR-агенттикте, партиялардын штабдарында иш алып барган.
  • 2012-жылдын октябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин президенттик аппараттын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчылыгын аркалап келет.
  • Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
"Балдарым үчүн жекшемби күндү арнайм. Чоӊ жардамчым, бекем тылым болгон келинчегиме ыраазымын".

"Эс алгым келгенде кышында лыжа, жайында велосипед тебем".

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 681, 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан