КАЙРАТ НУРТАС МАЙЫП КЫЗГА БЕЛЕК БЕРИП, НУРЛАН НАСИП АПАСЫНЫН БУТУНА ЧӨГӨЛӨДҮ

Аталышы – Нурлан менен Кайраттын «Достук» концерти
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Өткөн күндөрү – 16-17-ноябрь
Башталышы – 19:55, 19:35 (билетте 18:30)
Көрүүчүлөр – Залдын 110 пайызы (туруп көргөндөр да болду)
Билет баасы – 300-1500 сом
Алып баруучулар – Тамашоучулар Самат Эркинбеков, Эмил Эсеналиев
Мыкты номер – Кайрат Нуртастын «Байка» аттуу ыры, Нурлан Насиптин комуздун коштоосунда ырдаган ырлары.

Отурмак түгүл туруп бут коёрго жер калбай калган 2200 орундуу Спорт Сарайынын чоӊ залында концертте отуруп 2010-жылды эстедим. Анда Нурлан Насип «Супер-Инфонун» жыл мыктыларын тандоосунда «супер дебютка» талапкер, сахнаны багындырууга жаӊыдан аттанган, аты жаштардын арасына эми тарай баштаган жаш ырчы эле. «Унута албай келем мен өзүӊдү, балбылдап жанган кара көзүӊдү...» деген ыр саптары эсиӊизде да, окурман. Мына ошол ыр көӊүлүмдү буруп, 2010-жылы, ноябрь айында Спорт Сарайында боло турган Нурлан Насиптин алгачкы чоӊ концертине бармакчы болгом. Тилекке каршы, ошол маалда Апрель окуясы боюнча сот башталып, сотко катышуучулардын баарын батыра ала турган имарат жок деп, баягы сот Спорт Сарайында өтүп, концерт болот имиш, болбойт имиш деп жатып барбай калгам. Эмнеге бул окуяны эскерип жатам? Ырчы катары бул жигит «Супер-Инфонун», концерттерге барып, таасирлер менен бөлүшүүнү адат кылып алган менин көз алдымда чоӊойду.
Эмесе, окурман, эки күндүк концертти ысыгы тарагыча баяндап берейин. 16-ноябрь күнү биринчилерден болуп концерт болчу залга кирдим. Эки капталда, сахнанын ортосунда, ылдыйында экрандар, түркүн жарыктар... Сахна мыкты жасалгаланыптыр. Аздан соӊ залга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызын жетелеп бир мырза келип мага катарлаш орун алышты. (Бул кызды баса белгилегенимдин да жөнү бар окурманым. Аны баяндоонун жүрүшүндө айтып берем).
Концерттин башталышын күтүп отура берип тажаганымдан сырткы эшикке барсам, билет калбай, акчага киргизүүнү суранып жүргөндөр көп экен. Көрүүчүлөр концерттин башталышын салт болуп калгандай эки күн теӊ бир сааттан ашык күтүштү. Алып баруучулук милдетти аркалаган тамашоучулар Самат менен Эмил куйкум сөздөрү менен элдин маанайын көтөрүп, дүркүрөгөн кол чабуулардын коштоосунда сахнага Нурлан Насипти чакырышты.
Кулагына илип чыккан микрофону Нурлан кайсы маалда фонограмма менен, кайсы маалда жандуу үн менен ырдап жатканын даана байкатып турду. Бул кечеде төрт жигиттен турган бийчилер сахнага да, Нурланга да жарашып көрк гана берип жатышты. Адатта, концерттерде топурап сахнага чыгып алып, бири колун көтөрсө, бири түшүрүп, бири оӊго кетсе, адашып бири солго кетчү бийчилер көӊүлдү алагды кылып, кыжырды келтирчү. Жанымдагы кыз-жигиттер бул жигиттердин ыргагында чайпалып, кошо бийлеп кеткенге жер тар болуп эле кармалып жатышты окшойт.
Нурлан элден эле гүл ала бербейин дегенби, айтор, кыпкызыл роза гүлдөрүн көтөрө чыгып, көрүүчүлөргө берейин деп элди аралады. Жанында кайтарып жүргөн жигиттер болбосо аны кыздар баса жыгылышмак экен. Гүлдү кыздардан озунуп талашкан эркектерди көрүп, Кайрат Нуртас элди араласа эмне болор экен деп чочуладым.
Кайрат да чыкты, сахнага. Зал дуу боло түштү. Кыздар телефондорун ылдый түшүрбөй сүрөт-видеого тарта башташты. Айрым кыздар өзүн кармай албай телефонун көтөрүп сахнага карай жүгүрүп, күзөтүп турган жигиттер менен урушканга чейин барышты. Ашынган күйөрмандардын арасында гүлү сынып, сабагы калган букети менен сахнага чыгып, 2200 адамды бушайман кыла күттүрүп коюп Кайрат менен сүрөткө түшкөндөр болду.
Мен билгенден Кайрат Нуртас арык болчу. Бул жигит азыр баралына келип, өӊ-келбети өзүнө куп жарашып турган кези экен, «ушунча алыс жерден келип, мындай келбетти көрсөтпөй кетиш кылмыш» дедиби, айтор, эки күн теӊ үстүндөгү костюмун чечип залга ыргытып ийип, ой-да жыргап бийледи. Костюмдан тышкары да белегим бар деген казак жылдызы алдыӊкы орундукта отурган көрүүчүлөргө журнал, дисктерди тарата баштады. Арткы катарда отургандар, мага-мага дешип биринчи катарда койкоюп кырка тизилип отурушкан Нурлан Насиптин сахналаш досторун тебелеп, төө басты кылып коюшуна аз эле калды. Башы менен жерге сайылганча жан талашкан кыздардын акылы тайкыбы, же мен алардын түшүнүгүнө жете элекминби, азыр да башым маӊ болуп турат.
Башында сөз кылган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз Нурлан менен Кайраттын чыныгы күйөрманы болду. Баштан аяк телефонуна (башкалардыкындай смартфон эмес, кадимки Нокиасына) видеого тартып, ырчылардан көзүн албай отурду. Кайрат Нуртас ыр жыйнагын таратардан мурун «концерт башталарда ушул жерден бир кызды көрдүм эле» деп аны залдан издеп таап, ал кызга белегин берип, «ден соолугуӊуз чыӊ болсун, оорубаӊыз» деген жылуу сөзүн айтканда «баракелде!» дедим, ичим жылып.
Күйөрман кыздардын колдоосунан эргип чыккан казак жылдызы көл-шал терге түшкүчө ырдады. Анан Нурлан экөө сахнада эл менен кошо казак туугандарга Инстаграм аркылуу салам айтып, ыраазы болуп кетти. Ал эми кыргыз жылдызы Нурлан көрүүчүлөр менен коштошордон мурун «Апакемдин маанайы» аттуу жаӊы ырын аткарып, апасын сахнага алып чыгып, гүл берип чөгөлөп таазим кылды. Окуяларга бай болгон достук концерти эки күн теӊ аншлаг менен өттү. Эки ырчынын күйөрмандары концерттен маанайлары көтөрүӊкү чыгып, кудуӊдай үйлөрүнө тарашты.

Толик Сынчы

 Кыстарылган видео 
Нурлан Насипти чөгөлөткөн, Кайрат Нуртасты чечинткен достук концерт
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
tairermatov
2015-11-23 09:51:44
Кыздар бир аз озун кармаса, намыстуураак болуп.
+10
Eli75
2015-11-23 14:24:30
Концерт жакшы болгону жогорудагы сюжеттен корунуп турат. Супер инфонун концерт залынан коробуз деген умуттомун.
0
aliya22
2015-11-23 16:13:45
концертин эртерек жуктогулочу сураныч супер инфо.
0
bema19.86
2015-11-23 18:15:36
eldar87 Эн туура айтасыз Ильяз басып откон доорду Нурлан коро элек анын дооруна жетпесе дагы керек андай болуу учун жонокой эмгекчил ж.б коп нерсени талап кылат. Жоодарбешим тоже жакшы ырчы Кайрат экоонун стили голосу озгочо кансе да баардык ырчыларыбызга ийгилик
+1
Tnarbek
2015-11-23 18:32:25
Нурландын үстүндөгү пиджак Чынгыз Турдубековдукуго
+3
tin-tina
2015-11-24 00:05:04
Кайрат Нуртасдын чыгармачылыгын баалаймын Ильязга жетпейтго Нурлан Насип аракет кылат
+1
Sandrana
2015-11-24 15:56:00
Кайрат жакпаган Эскираак кастюмун кийип келгенби дейм Эл жака карап ыргытканына караганда ))
+1
aijamal001
2015-11-25 14:44:47
Ар адамдын оз оорду бар сахнада. Ооба Ильяз абдан талантту жонокой ырчы мага да жагат. Бирок Нурлан Насиптин деле озунун достоинствасы бар. Антип бирин жаман деп бирин жакшы деген туура эмес го. Эгер жакпаса пусть, силерди уккула деп эч ким доставлять этпейт.
0
begai93
2015-11-25 18:56:35
Ой соонун концерт болуптур! Молодец экообу тен мыкты адамдар таланттар. Мындан да бийиктике жете бергиле
0
nurka92
2015-11-27 11:55:54
Ее сонун нурланда илязга тен еле ырдайтго.ийгилик баарына тен
0
Ledi89
2015-11-29 20:15:40
Бир кыз отурду деди ал ким эле? Кыз жонундо кийин айтам деп айтпай коюптур админ.
0
admin_superstan
2015-11-30 16:44:51
Ledi89, саламатсызбы!
Макаланын аяк жагында жазылган: Башында сөз кылган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз Нурлан менен Кайраттын чыныгы күйөрманы болду. Баштан аяк телефонуна (башкалардыкындай смартфон эмес, кадимки Нокиасына) видеого тартып, ырчылардан көзүн албай отурду.
0
admin_superstan
2015-11-30 16:45:22
Кайрат Нуртас ыр жыйнагын таратардан мурун «концерт башталарда ушул жерден бир кызды көрдүм эле» деп аны залдан издеп таап, ал кызга белегин берип, «ден соолугуӊуз чыӊ болсун, оорубаӊыз» деген жылуу сөзүн айтканда «баракелде!» дедим, ичим жылып.
0
№ 681, 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан