Кыш – автомобиль үчүн чыныгы сыноо. Анткени суук, нымдуулук жана жолго чачылган кум, туз машинанын абалына терс таасир тийгизет. Андыктан кышкысын ага өзгөчө камкордук керек.
Катуу суукта кыймылдаткычты батыраак ишке киргизүүчү аэрозолдор бар. Алар машиналардын маркаларына карата карбюраторго же инжектордун куюучу коллекторуна же унаанын абаны чогултуп, кайра аны колдонууга ички системге, агрегатка багыттап берүүчү конструкциясына (воздухозаборник) чачылат. Өрт чыкпашы үчүн колдонуу көрсөтмөсүнө карап, абайлап пайдаланыӊыз.
Салон өтө булганбашы үчүн стандарттуу резина килемчелерди жазы жана четтери бийик көтөрүлгөнүнө алмаштырыӊыз. Килемченин алдына кийиз салып койсоӊуз, килемче нары-бери сүрүлүп кеткенде бут кийимден аккан ылай, кир сууну сиӊирип турат.
· Канчалык суук болсо да, машинаӊыз от алып турсун үчүн свечаларын ар бир 15 миӊ чакырым жүргөн сайын алмаштырыӊыз.
· Машинанын кыймылдаткычы калыптагыдай иштеши үчүн свечалар май, ыш-көө болуп булганган сайын тазалоо зарыл. Ал үчүн металл щётканы колдонуӊуз.
Кышкысын бензобакты жок дегенде 60-70 пайыз толтуруп жүрүү керек. Бакта бензин аз болгондо бактын капталдарында нымдуулуктан улам суу тамчылары жаралып, алар акырындап бактын түбүнө чөгө баштайт (суу бензинден оор). Суунун айынан бензобакты дат басат. Көбүрөөк дат баскандан кийин бензобакты алмаштырууга туура келет. Ал эми суунун көлөмү көбөйүп кетсе, кыймылдаткычтын иштеши да кыйындаарын эске алыӊыз.
Бактагы суу май куюучу жайларда бензинге суу кошуп жибергенден да болот. Андыктан бензинди ишенимдүү жерден куюӊуз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg