#PRAYFORPARIS: СҮЙҮҮ ШААРЫН КҮЙҮТ КАПТАДЫ

13-ноябрь, жума күнү Франция кайгыга чөмүлдү. Париждин бир катар жеринде террордук акттар ишке ашып, ал 132 адамдын өмүрүн алып кетти.

БУЛ БИРИНЧИСИ ЭМЕС
Бул жылы Францияда көптөгөн теракттар катталууда. Анын алгачкысы жаӊы жылдын 7-күнүндө башталган. Дал ушул күнү «Шарль Эбдо» журналынын Париждеги редакциясына бир канча кылмышкерлер ок чыгарышып, жыйынтыгында 12 адам каза болгон. Кылмышкерлер 2 күн өтпөй кармалып, алар «Аль-Каида» уюмунун мүчөлөрү экени тастыкталган.
9-январда Париждин дүкөндөрүнүн биринен кылмышкер 4 адамды өлтүрүп, 15 жаранды барымтага алган. Атайын операцияда «Ислам мамлекети» тобунун мүчөсү жок кылынган.
Ал эми 13-ноябрь күнү Франциянын тарыхында эӊ ири теракт катталды. Бул күнү Парижде дээрлик бир убакыттын ичинде бир канча террордук чабуул жасалды. Бейпил шаар чаӊ-тополоӊго түштү. Алгач борбордук көчөлөрдөгү кафелерде ок атылып, Франция – Германия футболдук беттеши болуп жаткан «Стад де Франс» стадионунун жанында жардыруу болду. Футболду өлкө президенти Франсуа Олланд да көрүп жаткан, аны оюн бүтөрдөн мурун алып чыгып кетишкен.
Мындан тышкары террорчулар «Батаклан» концерттик залына кирип барып, көрүүчүлөргө карай ок чыгарышкан. Бул чабуулдардын жыйынтыгында акыркы маалыматтар боюнча (18-ноябрга карата) 132 адам каза болсо, 350дөй жаран ар кандай жаракаттарды алышты. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги каза болгондор жана жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандары жок экенин маалымдады.

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ КИРГИЗИЛДИ
Франциянын президенти ошол күнү эле өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизип, 3 күндүк аза күтүү белгиледи. Парижге бул күндөрү 1,5 миӊ аскер жиберилип, 3 миӊден ашуун полиция кызматкерлери көчөлөрдү көзөмөлгө алышты. Ошондой эле Франциянын Париж шаарынын чет жактарында, Тулуза, Гренобль, Кале шаарларында антитеррордук рейддер дагы деле жүргүзүлүүдө.
18-ноябрга карата полиция тарабынан 10 террорчу жок кылынып, кылмышка шектүү 6 адам кармалган. Ал эми теракттардын негизги уюштуруучусу «Ислам мамлекетинин» активдүү мүчөсү, Бельгиянын жараны Абделхамед Абауд экендигин Франциянын ММКлары айтып чыгышты.
Теракттар орун алгандын эртеси Франциянын Кале шаарында судандык качкындар лагеринен өрт чыгып, аны француздар өч алуу үчүн жооп иретинде кылышы мүмкүн экени айтылганы менен, маалымат такталган жок. Кырсыктан жабыркагандар болгон эмес.

«ИСЛАМ МАМЛЕКЕТИНИН» ЖООП КАЙТАРУУСУ
Бул теракттарды «Ислам мамлекети» террордук уюму «биз жасадык» деп сайттарында билдиришти. Белгилүү болгондой, Франция АКШ менен биргеликте аталган уюмдун мүчөлөрүнө каршы күрөшүп келет. Ушул жылдын 30-сентябрынан тарта Сириядагы «Ислам мамлекети» көзөмөлдөгөн жерлерди АКШ менен Франциянын куралдуу күчтөрү бомбалай баштаган. Бул теракттар Францияга «Ислам мамлекетинен» жооп катары жасалышы мүмкүн. Окуянын күбөлөрү «Бул Сирия үчүн!» деген ураандарды угушканын айтышууда.
Дүйнө жүзүнүн үшүн алган террордук топ акыркы убактагы үрөй учурган окуяларды уюштурган деп айтылып жатат. Алсак, 2-апрелде Кенияда окуу жайдагы теракт (147 адам каза болгон) 10-октябрда Анкарадагы жардырууга (80ден ашуун адам каза тапкан) түздөн-түз катыштыгы бар делүүдө. Ошондой эле Египеттен Орусияга сапар алып, Синай жарым аралына кулап түшкөн учакты (224 адам каза болгон) 17-ноябрда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы расмий түрдө теракт экендигин билдирди.

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНҮН РЕАКЦИЯСЫ
Бул күндөрү дүйнө жүзү Франция элинин кайгысын теӊ бөлүшүп, көпчүлүк өлкөлөрдүн башчылары «Терроризмдин чеги жок, бул чакырык Францияга гана эмес, дүйнө жүзүнө ташталды» деген ойду билдиришти.
Ал эми Сириянын президенти Башар Асад: «Парижде болуп өткөн теракт Сирияда 5 жылдан бери күндө кайталанат. Франция элине көӊүл айтам»,- деди.
Социалдык тармактарда #Prayforparis теги менен колдоо популярдуу болууда. Ал эми интернет колдонуучулардын кээ бирлери дүйнө жүзүнүн маалымат каражат өкүлдөрүн эки жүздүүлүккө айыптап чыгышты. Алсак, Жакынкы Чыгышта болуп жаткан согуштарда, Кениядагы терактта мындай колдоо көрсөтүлбөй, жылуу сөз айтылбагандыгын билдиришти.
Ошондой эле 13-ноябрда Facebook социалдык тармагында «коопсуздукту текшерүү» деген функция ишке киргизилди. Ал аталган социалдык тармагынын колдонуучусу масштабдуу кырсыктын зонасында болуп калса, жакындарына маалымат берүүгө жардам берет. Бул функциянын бир күн мурун 40тан ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен Бейруттагы теракттан кийин эмес, Париж окуясынан кийин ишке киргендиги сынга кабылды. Facebook`тун негиздөөчүсү Марк Цукерберг: «Тармактагы коопсуздук белгиси эми дүйнө жүзүндөгү бардык адамдардын өмүрүнө коркунуч туулганда активдештирилет»,- деп жазып чыкты.

ПАРИЖ ЭМИ МУРДАГЫДАЙ ЭМЕС
Өлкөгө өзгөчө режим киргенден тарта чек араларга катуу көзөмөл коюлду. Кээ бир жолдор жабылып, полициянын көзөмөлү күчөдү. Ошондой эле качкындар боюнча жүргүзүлгөн саясат кайрадан каралмакчы (быйыл Францияда 65 миӊ адам качкын статусун алышкан).
Европанын эӊ кооз жана демократиялык баалуулуктарды туу туткан шаарларынын биринде болуп өткөн каргашалуу окуя «Ислам мамлекетине» каршы күрөшкөн мамлекеттерди бириктирип, чогуу иш алып барганга түрткү болот. Кандай болгон күндө да, бул согушка катышкан өлкөлөр ар тараптан коопсуздукту күчөтөрү шексиз.
Париждеги жашоо экиге бөлүндү. 13-ноябрга чейин жана кийин. Париж эми мурдагыдай эмес...

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
gulnur.narmatova
2015-11-24 15:22:17
Оо жараткан эмнеге бири бири менен согушат мен ошого тушунбойм жон эле тынч жашай берсе эмне болот буларга эмне жетишпейт.озун сактай кор Аллахым.ушундайларды окуп алып коркуп кетем
0
№ 681, 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан