13-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн кызматкерлери чатакташа кетип, жетекчиси кол алдындагы кызматкерин тапанча менен бир нече жолу атып жиберген деген маалымат желдей тарады. Кызматкерин аткан Эмилбек Тарыхчиев «мен аткан эмесмин» деп жаткан менен, укук коргоо кызматкерлери ага күнөө коюп жатышат. Кызыгы, кылмышка шектүү камалган эмес болсо, жабырлануучу арыз жазбай жатат.
«АТКАН КИШИГЕ ДООБУЗ ЖОК»
Бул окуя боюнча жабырлануучу Таалай Исаевдин уулу Нурсултан Сайпидиновго байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– 13-ноябрда атам менен анын жетекчиси Эмилбек Тарыхчиевдин ортосунда келишпестик болуп кетиптир. Эмилбек ава биздин айылдан. Жаӊжал эмнеден чыкканын билбейм. Ал өзүнө тиешелүү травматикалык тапанчасы менен атамды башка жана колго атып жибериптир. Башына тийген октор, бактыга жараша, тереӊ кирген эмес. Азыр жакшы болуп калды. Башка маалымат булактарына тарап кеткендей атам эсин жоготуп же комага түшкөн эмес, басып эле жүрөт. Маселе мыйзам чегинде чечилиш керек экенине карабай укук коргоо кызматкерлерине арыз жазуудан баш тарттык. «Бир айыл, бир жерде тургандан кийин чатакташпагыла» деп айылдын аксакалдары кийлигишип, жараштырып коюшту. Ошентсе да маалымат укук коргоо кызматкерлерине жеткен соӊ алар иликтөө жүргүзүп жатышат.
«ӨЗ АРА КЕЛИШИП АЛАБЫЗ»
Эмилбек Тарыхчиевдин жеӊеси Мавлюда айымга байланышканыбызда өз оюн төмөнкүчө билдирди:
– Кеӊсенин ичинде болбогондон кийин жаӊжал чыкты же кокустук болду деп жоромол айтуу кыйын. Бирок ал жерде күбөлөр болгон. Эл арасында «колун үзө атып салыптыр» десе, кээ бири кайним аны эшиктен кирип келе жатканда эле атыптыр деген кептер тарап жатат. Ал жерде күбө болуп турбагандан кийин эл эмес, туугандары биз да эч нерсе дей албайбыз. Балким, иш боюнча чатакташкандыр. Күбөлөрдүн айтымында, чатакты басуу үчүн асманга атуу болгон. Башка эч нерсе билбейм.
Мыйзам деген мыйзам, териштирүү болот. Ал эми биз бир эл, бир жер болгондон кийин өз ара келишип алабыз.
«КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ»
Бул иш боюнча Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматкери Мыктыбек Турдубеков төмөнкүлөрдү билдирди.
– Окуя 13-ноябрь күнү болгон. Мамлекеттик каттоо кызматынын Базар-Коргон району боюнча жетекчиси менен бөлүм башчысынын ортосунда жаӊжал чыгып, курал колдонулган. Жабырлануучу Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылынын тургуну 1964-жылы туулган Таалай Исаев 3 жолу баш сөөгүнөн жана 1 жолу оӊ колунан октон жаракат алган. Ал райондук Мамкаттоонун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет.
Эмилбек Тарыхчиевдин куралды алып жүрүүгө мыйзам чегинде укугу бар экени анык болду. Териштирүүнүн негизинде соттук медициналык, соттук биологиялык жана баллистикалык экспертизалар дайындалып, иш прокуратурага өткөрүлүп берилди.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, бул окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 28-97-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Окуя боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы ыкчам иликтөө тобун түзүп иликтөө жүргүзүп жаткан маал.
Учурда Эмилбек Тарыхчиев ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg