ЧЫГЫШ УНИВЕРСИТЕТИНИН ЧЫГААНДАРЫ

17-ноябрь студенттердин эл аралык күнүнө карата Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин чыгаан, таланттуу студенттери кызыктуу окуялары, жетишкендиктери туурасында маек куруп беришти.

«ДӨӨ-ШААЛАРДАН ТААЛИМ АЛГАНЫМ ЭӉ ЧОӉ БАЙЛЫГЫМ»
Элчоро Болотбек, журналистика кафедрасынын 4-курсунун студенти, КТРКнын «Замана» студиясында алып баруучу:
– Ачык айтып коюшум керек, университеттин босогосун аттаган күндөн тарта КТРКнын отличниги, алып баруучу Алмаз Касымалиев, филология илимдеринин кандидаты, КТРКнын отличниги диктор Кыял Шаршеева, Кыргыз маданиятына эмгек сиӊирген ишмерлер Мыктыбек Арстанбек, Кайрат Иманалиев жана Кыргыз Эл артисти, профессор, кыргыз телевидениесинин алгачкы профессионал диктору Тамара Жаманбаева сыяктуу эжей-агайлардан сабак алдым. Мына ушундай кыргыз журналистикасынын «патриархтарынын» таалим-тарбиясын алганым менин жашоомдогу эӊ чоӊ кенчим, байлыгым болду деп эсептейм.
КТРКнын «Замана» студиясына алып баруучуларга кастинг жарыяланып, аны уккан студенттер жөн турабы, жөнөйт да. Курсташтар баарыбыз барганбыз. Буйрук экен, мен өтүп кеттим. Ушу күнгө чейин «Замана» студиясында эмгектенип келе жатам. Ушундай тагдыр берген Кудайга ыраазымын.

«КУБАНЫЧЫБЫЗДЫ ЫРДАП ЧЫГАРГАНБЫЗ»
Азим Олжобаев, 4-курстун студенти. Дубайда, Азербайжанда өткөн эл аралык сынактарда жеӊүүчү болгон.
– Студенттик жашоо күлкүлүү да, кайгылуу да көз ирмемдерге бай. 2013- жылы эл аралык «Юнивизион» студенттер арасында ырларга сынак жарыяланып, ага катышууга университеттен мени жана дагы бир студентти жиберишти. Жуманын аягы болгондуктан экөөбүздө теӊ акча калбай калган болчу. Жөө барууну чечтик. Ырдатып, үнүбүздү текшерет деп ойлоп жол бою ырдап, даярданып бардык. Жөө барганга энтигип, ачка бойдон сынакка кирдик. Сынак аяктап, конкурсанттар жообун күтүп турдук. Бир кезде менин, Миӊжашар байкенин жана дагы эки кыздын атын атап, Баку шаарына 1-Эл аралык студенттер арасындагы «Юнивизион» сынагына жибергенге чечим чыгарышты. Ал жерден кубанычыбызды ичибизге катып, эшикке чыкканда бардык кубанычыбызды ырдап чыгарганыбыз эсимден кетпейт. Ачка болгонубуз, жөө келгенибиз, бардыгы эстен чыгып, даярданууга киришкенбиз. Натыйжада 20 өлкө арасында 6-орунду ээлеп, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келдик. Бул сынактан таанышкан кээ бир достор менен азыр да байланышты үзбөй келебиз.

«АПАМ БИРИНЧИ КУРСТА ОКУП ЖАТАТ»
Амина Абуева, 4-курстун студенти. Казак, кыргыз, орус, англис жана араб тилдеринде эркин сүйлөйт. Казакстандан келген.
– Мен Чыгыш университетинде билим алып жатканыма абдан сыймыктанам. Анткени мен үчүн бул жакта көптөгөн ийгиликтердин эшиги ачылды. 3-курста окуп жүргөнүмдө Катар өлкөсүнө Кыргызстандан барган өкүлдөргө араб тилинен англис тилине, англис тилинен орус тилине котормочу болуп барып келдим. Ал өлкөнүн эл-жерин көрүп, маданияты менен тааныштым.
Мен Чыгыш университетине алгач келгенимде араб тилинде окуганды гана билчүмүн. Кийинчерээк башка тилдерде сүйлөгөндү да бат эле өздөштүрүп кеттим. Катарга барып келгенден кийин апам биздин университетке кызыга баштады. Ал Казакстанда орус тили жана адабияты филологиясын аяктаган. Жашы 58де. Апам билим алууга ынтызар болгондуктан азыр мен окуган Чыгыш университетинде 1-курста араб тили филологиясында окуп жатат. Күн сайын «Амина, мен бүгүн араб тилинен «5» деген баа алдым» деп сүйүнүп келет.

«УШУЛ ОКУУ ЖАЙДА ОКУП КАЛГАНЫМА СҮЙҮНӨМ»
Эрболот Касымов, 4-курстун студенти. Ыр, сынактарынын жеӊүүчүсү, жаш калемгер. Учурда «Манас жаӊырыгы» радиосунун «Каухар» студиясында алып баруучу.
– Чынын айтсам, мен окуу жайыбыздан билимге караганда турмуштук сабактарды көбүрөөк алдым. Андагы адамдардын мамилеси, окуу жайыбыздагы студенттердин адеп-ахлагы мага өтө чоӊ таасир калтырган. Ушул окуу жайга келип, окуп калганыма шарт түзүп берген ата-энем менен бир туугандарыма абдан ыраазымын. Билбейм, эгерде мен ушул студенттик күндөрүмдү баштан өткөрбөй турмуш жолум башка нукта кеткенде, таптакыр башка адам болуп калар белем...

«БИЗДЕ ТАРТИП КАТУУ»
Нурлан Муктарбеков, 5-курстун студенти. Студенттик кеӊеш мажилистин төрагасы.
– Чыгыш университети менин көптөгөн ийгиликтерге жетишиме түрткү болду. Кесибим экономист болгондуктан экономикалык маселелерге абдан кызыгам. Өткөн жылы Москвага барып «Бажы союзу жана анын оӊ, терс жактары» эл аралык конференциясына катышып келдим.
Окуу жайыбызда мугалимдер абдан катуу тартипте билим беришет, көп кыйынчылыктар болду. Бирок кийин практикада жүргөнүмдө мугалимдердин эмнеге көп тапшырмаларды берип кыйнагандыгын түшүндүм. Биринчи жолу мамлекеттик салык кызматына практикага чыккан жылы эле мага ошол тармакта иштеп калуумду сунушташкан.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 681, 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан