ЖААЧЫ МЕНЕН СУУ КУЯР ИДЕАЛДУУ ТҮГӨЙ БОЛО АЛАТ (23-ноябрдан 21-декабрга чейинки аралыкта төрөлгөндөр)

Үй-бүлө куруу оӊой-олтоӊ иш эмес. Андыктан түгөй тандоодо анын кулк-мүнөзүнө, жашоого болгон көз карашына көӊүл буруу зарыл. Бул жаатта жылдыз төлгөгө да көӊүл буруп койгонуӊуз оӊ. Жаачы жылдыз белгиси алдында төрөлгөндөр үчүн кимдер идеалдуу түгөй боло алат, байкап көрүӊүз.

ЖААЧЫ-КОЙ

Бул эки жылдыз белгиси алдында төрөлгөндөрдүн экөө теӊ эркиндикти жактырган, мүнөздөрү катаал адамдар. Андыктан нике күбөлүгүн алуу көпчүлүк учурда кооптуу. Кой мырза ойлогондой жаачы айым үй тиричилигине тыӊ эмес, анан да күйөөсүн кызгантуучу «талантка» эгедер. Анын айынан жубайлардын ортосунда уруш-талаш чыккан менен, төшөктө жакшы өнөктөш болушкандыктан «элдешүүнүн» эӊ ыӊгайлуу жолу – бул уктоочу бөлмө. Ал эми жаачы мырза менен кой айымдын ысык сүйүүлөрү ар кандай көӊүл калуулардан тез муздашы мүмкүн. Эгер никени сактап калабыз дешсе, алар чатакташканды токтоткону оӊ.

ЖААЧЫ-БУКАЧАР
Эки башка мүнөздөгү, лидерликти жактырган адамдар. Үй-бүлөдө аялы жаачы, эркеги букачар болгондо ынтымактын ыдырашы көпчүлүк учурда жубайынын «тизгин талашуусунан» улам келип чыгат. Бул түгөйлөрдүн коломтосундагы от көпкө күйбөшү ыктымал. Никени сактап калуу үчүн эки тарап теӊ «сабырдын түбү сары алтын» деген кепти жакшылап эске түйүп, бирге болууга каалоолору күч болушу керек. Ал эми жаачы мырза менен букачар айымдын кулк-мүнөзү, кызыкчылыктары эки башка болгону менен бири-бирин бактылуу кыла алат.

ЖААЧЫ-ЭГИЗДЕР
Айланасындагылар кыйнабай тим койсо карыганча кыз-жигит бойдон калгысы келгендер. Тагыраак айтканда, бул эки жылдыз ээлери узак мөөнөткө мамиле курганды жактыргандыктан Бакыт үйүнө барууга ашыкпай жүрө беришет. Жубайлардын эркеги жаачы, айымы эгиздер болгон учурда сүйүүдө мыкты шайкештик жаралат. Тагдыр буюруп баш кошуп калышса, бактылуу түгөй болууга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Түгөйлөрдүн айымы жаачы, мырзасы эгиздер болсо, алар үчүн баары кызыктуу жана шаӊдуу. Бирок үй-бүлө курууга караганда дос же жакшы санаалаш болууга мүмкүнчүлүктөрү жогору.

ЖААЧЫ-БӨЙӨН
Мүнөздөрү табиятынан эки башка болгондуктан бул жылдыз ээлеринин тил табышы оӊойго турбайт. Нике кайып болуп баш кошуп калышса, жаачы айым жеӊил ойлуулугу, өзүмчүлдүгү менен бөйөн мырзанын көӊүлүн калтырып алышы ыктымал. Чыр-чатак, кызганыч акыр аягы ажырашууга алып келбеши үчүн бири-бири менен атаандашууну токтотушу кажет. Ошондой эле жаачы мырза менен бөйөн айымдын бактылуу үй-бүлө болуусу да чанда кезикчү көрүнүш. Нике бекем болушу үчүн бөйөн айым күйөөсүнүн күн-түн жоголуп кеткенине көз жумуусу зарыл.

ЖААЧЫ-АРСТАН
Жашоодо жакшы дос, төшөктө жакшы өнөктөш. Өзүнө ишенген, адамдар менен тил табыша билген бул жылдыз белгисиндегилер бири-бирин толуктап турушат. Жаачы айым менен арстан мырза бири-бирине кыйын мүнөттөрдө жөлөк болууга, кээде «эркиндик» берип, анча-мынча нерселерге көз жумуп, кайрадан тил табышууга жөндөмдүү. Жаачы мырза менен арстан бийкечтин да окшош жактары көп. Жалгыздыкты, тынчтыкты сүйбөгөн экөө күн алыс кинотеатрга, конокко, чет өлкөгө саякатка чыгып, ар бир күнүн майрамга айлантары бышык.

ЖААЧЫ-БИЙКЕЧ
Чанда кездешчү союз. Жашоого болгон көз карашы, кызыкчылыктары эки башка адамдардын тил табышышы оӊойго турбайт. Бийкеч сулуу менен жаачы мырза кокустан баш кошуп калышса, бири-бирин түшүнүү, колдоо аз, бирок бири-биринен үйрөнчү сапаттар көп болот. Үй-бүлөдө айымы жаачы болсо, шайыр мүнөзүнүн жардамы менен бийкеч белгисинде төрөлгөн күйөөсүнүн көӊүлүн көтөрүүгө жөндөмдүү. Эгерде өмүр бою ажырашпай жашоону кааласа, күйөөсү кызганчаак болбошу кажет.

Ырчы Эльзар Өскөнбаеванын жылдыз белгиси жаачы. Ал эми жолдошу Чыӊгыз арстан жылдызы алдында төрөлгөн. Ырчы айым жолдошу экөөнүн мүнөзү тууралуу кеп козгой кетти:
– Жолдошум экөөбүздүн боорукерлигибиз, чечкиндүүлүгүбүз окшош. Айырмачылыгыбыз менин ачуум чукул, ал токтоо. Үй-бүлө болгон соӊ кээде уруш-талаштар орун алат. Мен көк бетмин, жолдошум кечиримдүү болгондуктан жарашууга биринчи кадам таштайт. Кээде достору менен кеткенде түшүнүү менен жиберем. Жашоодо ар кандай нерселер болот да, анча-мынча катачылыктарына көз жумуп коём. Ал менин чыгармачылыгыма ар дайым колдоосун көрсөтүп жөлөк болот. Мен дагы анын жумушуна тоскоол болбойм.

ЖААЧЫ-ТАРАЗА
Бул жылдыз ээлери мүнөздөрү эки башка болгону менен жакшы дос, ал эми баш кошсо бактылуу түгөй боло алышат. «Чакан мамлекетте» күйөөсү тараза жылдызында төрөлсө, жубайын ар тараптан колдоого алып, үй-бүлөдө ынтымак ыроолойт. Ал эми күйөөсү жаачы, аялы тараза жылдыз ээлери болсо, бул үйдө идиш-аяктар көп кагышпайт. Себеби бул жылдыз ээлери экөө теӊ сабырдуу, кечиримдүү келишет. Жубайлар ар кандай маселелерди кеӊешүү менен «согушсуз» эле чечип алышат.

ЖААЧЫ-ЧАЯН
Мындай нике бекем болот дегенге кепилдик аз. Чаян эркек менен жаачы айымдын кызыкчылыктары, кулк-мүнөзү окшош болгону менен бири-бирин тереӊден билип, жакшы жактарын кабыл алууга бир топ убакыт сарпталат. Үйдө жаачы мырза «шеф» болсо, күйөөсүнүн кызганчаактыгын чаян сулуу өзүнүн эркиндигин чектөө катары баалап, ортодо таарынычтар орун алышы ыктымал. Ага чыдап койсо ынтымак ыдырабай, нике сакталышы мүмкүн. Жаачы мырза кыска юбкаларга жаасын ала чуркап «ууга» чыкканды жактырат. Эгер мунусун аялы билип калса, иштин бүткөнү. Чатак ажырашуу менен аякташы ыктымал.

ЖААЧЫ-ЖААЧЫ
Жаачылар – ысык көӊүлдөштөр, жакшы достор. Бир көргөндө акылдан адашкыча сүйүп калуу кээде узак мөөнөткө чейин созулушу ыктымал. Бирге жүрүү алар үчүн кызыктуу, шаӊдуу. «Эртеӊки куйруктан бүгүнкү өпкө артык» демекчи, жаачылардын дагы бир сапаты келечекти ойлобой бүгүнкү жыргалчылык үчүн жашашат. Ошол себептен баш кошуп, бир үйдө өмүр сүрүүгө экөө теӊ шашылбай жүрө бериши ыктымал. Эгер баш кошуп калышса, убактылуу бактылуу боло алышат, бирок нике бекем болбой, «талак» деген сөз бөлмө ичинен жаӊырып кетиши толук мүмкүн.

ЖААЧЫ-ТЕКЕЧЕР
Эки башка мүнөздөгү адамдар. Бирок сүйүү көлүнө бирге чумкууга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Тагдыр табыштырып баш кошушса, жаачы мырзанын жеӊил ойлуулугу текечер айымдын жүрөгүн жаралашы мүмкүн. Бирок үйдө «так» талашпай, «ажонун» мыкты кеӊешчиси болгон текечер айым акырындык менен күйөөсүнүн сыйына татып, «менчиктеп» алат. Жашоону, өзүнө көӊүл бурдурууну сүйгөн жаачы айым «көккө учканды» жактырса, текечер жерде устундай орноп, башкалардан өзгөчөлөнгүсү келбейт. Никени сактап калгысы келсе, күйөөсү аялына талапчыл болуп, көзөмөлдөп туруусу шарт.

ЖААЧЫ-СУУ КУЯР
Мүнөзүндөгү көп сапаттар окшош, идеалдуу түгөйлөр. Экөө теӊ эркиндикти сүйгөн, оюндагысын жашырбаган адам болгондуктан мыкты шайкештик жаралып, бири-бирин жарым сөздөн түшүнөт. Жаачы бийкеч менен суу куяр мырза баш кошсо, айлана-чөйрө гүлгө оронгондой бактылуу өмүр сүрүшөт. Суу куяр айым менен жаачы мырза махабатка мас болушса да, үйлөнүүгө шашылбайт. Эгер баш кошушса, бири-бирин тажатпай, ар бир күнүн шаӊ менен өткөрүү алардын колунан келет.

ЖААЧЫ-БАЛЫК
Карама каршы эки адамдын союзу. Бул жылдыз белгиси алдында төрөлгөндөр табышып калышса таӊ калуу жарашат. Жоош, оӊой менен үн катпаган балык мырза менен энергиясы ашып-ташкан жаачы айымдын бир пикирге келүүсү арсар. Бирок жаачы айым күйөөсүнүн боорукердигин, жөнөкөйлүгүн баалаганы никени сактап кала алат. Ачык-айрым, чынчыл сапаттары бар жаачы мырза менен түнт, кыялкеч балык айымдын жашоосу көбүнчө тагдырдын буйругунан көз каранды. Экөө ажырашууну каалашпаса, анда бири-бирин сындоону токтотуусу зарыл.

Асхат Субанбеков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
arzyy
2015-11-23 12:41:01
Менин жолдошум суу куяр,а мен болсо жаачымын.
0
Ledi89
2015-11-23 23:53:02
Ов Аллага шерик кошуштан корком, баары озубуздон деп ойлойм. Булда болсо тажрыйбадан топ толуп анан жазылган дыр. Мен жаачы мын куйоом бойон. Окуусам коркуп кетим.
+1
A3A
2015-11-26 01:25:05
Ledi89, башкалар да болбогон нерсеге ишендируудон коркушса
0
men14
2015-11-25 16:46:40
Саламатсызбы Админ! Ушул макаланын откон санына шилтеме берип коёсузбу?
0
admin_superstan
2015-11-25 16:51:26
men14, саламатсызбы!
http://www.super.kg/article/show/33955
0
men14
2015-11-25 16:58:23
Рахмат! Админ
0
melek1
2015-11-29 09:23:15
menin jigitim suu kuyar a men jaachy))))
0
№ 681, 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан