КЫРГЫЗСТАН – ИОРДАНИЯ 1:0. КӨПТӨН КҮТКӨН ЖЕӉИШ!

Футбол боюнча улуттук курама командабыз 17-ноябрь күнү Бишкекте Иордания менен кез келди. Быйылкы жылдагы өз үйүбүздө акыркы оюнду өткөргөн «Ак шумкар» татыктуу жеӊишке жетишти.

17-ноябрь
Кыргызстан – Иордания 1:0
Гол: Антон Землянухин 48-мүнөт
Бишкек, Д.Өмүрзаков атындагы стадион.
14 миӊ көрүүчү


«АБА ЫРАЙЫ БИЗГЕ ЖАРДАМ БЕРБЕЙТ»
2018-жылы Орусияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин Азия чөлкөмүндөгү тандап алуу оюндарынын «В» тайпасынын алкагында 12-ноябрда Кыргызстан Австралияга жеӊилип калган. Ал эми Иордания курама командасы тайпада биринчи орун үчүн Австралия менен ат салышып келет. Эске салсак, 3-сентябрда Амманда болгон оюнда Кыргызстан иорданиялыктар менен теӊ чыккан.
Бул оюнга бардык футболчулар даяр экенин башкы машыктыруучу Александр Крестинин айтып өттү. Ал: «Өзүбүздүн оюнубузду көрсөтүп, жигердүү жыйынтыкка жетишебиз деп ишенем. Бишкектеги аба ырайы биз үчүн ыӊгайлуу болот деген туура эмес»,- деп билдирди.

НЕГИЗГИ КУРАМДАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР
Бул оюнда Кыргызстандын курамында бир нече өзгөрүүлөр болду. Алсак, чабуулчу Иван Филатовдун ордуна айтылуу Дэвид Тетте курамга чакырылганы менен, алмаштырууга гана чыкты. Баштапкы мүнөттөрдөн тарта жаш коргоочу Тамирлан Козубаев оюнга чыкса, ортоӊку бөлүктө Фархат Мусабековдун ордун Павел Сидоренко алмаштырды. Австралия менен болгон оюнга катышпай калган Антон Землянухин менен Мирлан Мурзаев негизги курамдан ордун табышты.

ГОЛСУЗ ТАЙМ
Түркмөнстандык башкы калыс Чарымурат Курбановдун ышкырыгы менен беттеш старт алды. 14 миӊдей күйөрмандардын сүрөөнү алдында «Ак шумкар» дароо чабуулга умтулду.
Эдгар Бернхардт менен Павел Сидоренко талаанын ортоӊку бөлүгүндө оюнду жүргүзсө, капталдагы коргоочулар Виктор Майер менен Валерий Кичин маал-маалы менен чабуул коюп жатышты. Бирок Иордания мындай өӊүттөгү оюнду билгендей коргонууда мыкты болуп жатты. Оюндун алгачкы 20 мүнөтүнөн кийин атаандаш «ойгоно» баштады. Алардын күлүк футболчулары эби келгенде контрчабуулга аттанып эсепти ачууга белсенишкени менен, дарбазачыбыз Павел Матяш ордун жакшы кайтарды. Ошентип 1-таймда эсеп ачылган жок.

АНТОН ЖЕӉИШ АЛЫП КЕЛДИ
Тыныгуу кандай дем бергенин ким билсин? 2-таймда Александр Крестининдин футболчулары чабуул артынан чабуул коюп баштады. 48-мүнөттө улуттук курамдын мыкты оюнчуларынын бири Антон Землянухин 3 коргоочуну алдап өтүп, дарбазага таамай сокку узатты. Гоо-оол! Стадион өзгөчө кубанычка бөлөндү.
«Месси Кыргызстанда да барбы?» деп дендароо боло түшкөн Иорданиянын футболчулары эмне болгонун түшүнө албай калышты. Бул арада башкы машыктыруучу Пол Пут оюнчуларын алмаштырып, беттештин нугун бурууга аракет жасады. Атаандаш эсепти теӊөө үчүн алдыга умтулуп, «Ак шумкар» үчүн контрчабуулдарга ири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип жатты. Бирок Мирлан Мурзаев, Валерий Кичин жана алмашууга чыккан Девид Тетте эсепти эки кыла алышпады. Жыйынтыгында Антондун голу оюнда жалгыз болуп, Кыргызстан татыктуу түрдө 3 упайга ээ болду.

ОЮНДАН ОТ ЧЫКТЫ
Оюндан кийин иорданиялык футболчулар калыска жулунуп, ага карата өтө орой мамиле жасашты. Ошондой эле бир оюнчу четте футболчуларга, топ берүүчү жаш балдарга атырылды. Ал колуна топ кармап алып жаш балдарды көздөй жулунганда көпчүлүк токтотуп калды. Жыйынтыгында майданда эки тараптуу уруш чыгып кете жаздады. Чыр-чатактын келип чыгышына иорданиялыктардын калыстарга карата нааразычылыгы себеп болду деп жатышат. Окуяга милиция кызматкерлери чекит коюп, иорданиялыктарды кийим которуучу жайга алып кетишти.
Бул чыр боюнча судьялар жана матчтын комиссары ФИФАга билдирүү жасашат жана ошого жараша тиешелүү чара көрүлмөкчү.

«ЭӉ МААНИЛҮҮ ГОЛ КИРГИЗДИМ»
Оюндагы жалгыз голдун автору Антон Землянухин беттеш тууралуу «Супер-Инфо» менен ой бөлүштү. «Аталган гол бул оюндагы гана эмес, менин карьерамдагы эӊ маанилүү гол. Иорданияга каршы беттеш татаал болду, бул күнү ийгилик биз тарапта болгону кубандырат. Бардык күйөрмандарыбызды жеӊишибиз менен куттуктайм».
Ал эми башкы машыктыруучу Александр Крестинин: «Футболчуларым мыкты оюн көрсөтүштү. Бирок эӊ сапаттуу оюн өткөрдү дегенден алысмын. Атаандаштын оюнун талдап, алсыз жактарын билгенге аракет кылганбыз. Оюнчуларыбыз болгон күчүн жумшады, жыйынтыгында ийгилик биз тарапта болду»,- деди.
Иорданиянын машыктыруучусу Пол Пут калыстын ишине нааразы экендигин билдирди: ««Бул беттеш күтүлгөндөй эле татаал болду. Кыргыз футболчуларынын катарында өтө таланттуу, мыкты оюнчулар бар экенин билебиз. Мындай командалар менен конокто ойногондо гол жаратууга мүмкүнчүлүк жаралса эле киргизиш керек болчу, бирок биз гол жарата алган жокпуз. Киргизилген голго биз өзүбүз күнөөлүүбүз. Анткени 1 оюнчуну (ред. Антон Землянухинди) 2 коргоочубуз токтото алган жок. Башкы калыстын бир катар чечимдери да суроо жаратты».

АЗИЯ КУБОГУНА КАТЫШУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮК ТҮЗҮЛДҮ
Бул оюндан кийин Азия чөлкөмү боюнча тандоо турунда «В» тайпасында Кыргызстан упайларынын санын 11ге жеткирди. Ал эми ушул эле күнү болуп өткөн Бангладеш-Австралия беттешинде 0:4 эсеби катталды. Бул жеӊиш менен «Соккеруз» 15 упайга ээ болуп, тайпада 1-орунга чыкты.
Бул оюндан соӊ Кыргызстан 3-орунду камсыздоого жана 2019-жылы өтүүчү Азия кубогуна катышууга ири мүмкүнчүлүккө ээ болду.
Кыргызстан курама командасы мелдештеги акыркы оюнун 2016-жылы 29-мартта Тажикстанга каршы ойношот.

Күйөрмандар да жеӊишке жетүүгө салымдарын кошушту.

Антон Землянухин бул беттештин эӊ мыкты оюнчусу деп табылды.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
expert.007
2015-11-24 17:24:10
Азаматсын Антон
0
Taranchy
2015-11-24 20:49:59
Owondo Kyrgyzstan duino chempionduguna barbai kaldyby? Joop berip koigulachy
0
jeti-oguz
2015-11-24 22:21:32
Taranchy,дагы беттегтерди откорушот бул оюн мн эле чечилбейт
0
akubeku
2015-11-26 07:50:20
бул жакта туруп менин козумдон жаш агып кетти кыргыз ушунчалык потриот экенбиз дагеле суйунуп атам .....ийгилик
0
muun-kyrgyz
2015-11-26 11:18:07
экинчи орунга ээ болсо абал кандай болот, 2018- дуйно чемпионатка катыша алабы
0
Myrza97
2015-11-26 22:11:46
2018де болбососо 2022 сөзсүз чыгабыз дүйнө ченпиондугуна
+1
danik0101
2015-11-26 22:38:44
Азия чемпиондугуна барат экенбиз ураааааа!
+1
Ruslan_d
2015-11-27 20:17:08
Урматтуу супер чын эле биздин курама команда азия чемпионатына барабы? Ушул малыматты тагырак берип койсонор? Эгер барса дагы кайсы мамлекеттер барат?
+1
arsenal
2015-12-01 23:16:42
Ооба, кудай буюруса 2019ж Азия чемпиондугуна катышабыз!
-1
№ 681, 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан