«КУМТӨР» 9 АЙ ИЧИНДЕ 6,3 МИЛЛИАРД СОМ КОТОРДУ

«Центерра» жана «Кумтөр Голд Компани» үстүбүздөгү жылдын үчүнчү чейрегиндеги ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Компания 9 айда 12,3 тонна алтын өндүрүүгө жетишип, өткөн жылдын ушул мезгилине караганда өндүрүш планын 41 пайызга көп аткарган. Ал эми жыл башынан бери мамлекеттик казынага салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 6,3 миллиард сом которгон. Бул көрсөткүчтөр өлкө экономикасын кризистик учурда сактап калганын айтып турат. Дегеним, 9 айдын жыйынтыгы боюнча Орто Азия чөлкөмүндө жалгыз гана Кыргызстандын экономикасында өсүш болгон. Атап айтканда, өлкөбүздүн ички дүӊ өндүрүмү 106,3 пайызга өскөн. Мындан «Кумтөрдүн» үлүшүн эсепке албасак, 104,3 пайызды гана түзөт. Өндүрүш тармагында 117,4 пайыз өсүш камсыздалса, «Кумтөрдүн» салымы 15,4 пайызга барабар болгон. Башкача айтканда, өнөр жай тармагы өндүргөн өндүрүмдүн суммасы 126,6 миллиард сом болсо, анын 57,5 миллиард сомдук өндүрүмү алтын кен ишканасына таандык.

АЛТЫН ӨНДҮРҮҮ ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮ
Акыркы 3 ай аралыгында «Кумтөр» кенинде 3,22 тонна алтын өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9 пайызга көбөйгөн. Үчүнчү чейректе алтын ылгоочу фабрикада иштетилген тоо тегинин ар бир тоннасынан орточо 2,83 грамм алтын чыкса, былтыр 3,05 граммды түзгөн. Алтынды ылгап алуунун пайыздык көрсөткүчү ушул 3 айда 75,7 пайызга жетип, өткөн жылдагыдан 3 пайызга жакшырган. Ал эми иштетилген тоо тегинин көлөмү 1,5 миллион тоннага жетип, өткөн жылдын үчүнчү чейрегине салыштырсак 5 пайызга көптүк кылат. Мындай ийгиликке алтын ылгоочу фабриканын тегирмендерин жаӊыртуу аркылуу жетишүү колго алынганын компаниянын адистери белгилешүүдө.
Белгиленген отчёттук мезгилде 3,14 тонна алтын сатып өткөрүлүп, андан түшкөн жалпы каражат 113,5 миллион долларды түзгөн. Бул аралыкта 3,22 тонна алтын өндүрүлсө, эмнеге 3,14 тонна гана сатылды? Калганы кайда деген суроого компания төмөнкүдөй жооп узатты. Алсак, өндүрүлгөн алтынды сатып өткөрүүдө календардык күндө сатууга жетишпей калган учур болот. Мына ошондо экинчи чейректеги өндүрүлгөн алтын үчүнчү чейректин башында сатылып, үчүнчү чейрекке катталып калат же үчүнчү чейректин соӊунда өндүрүлгөн алтын төртүнчү чейректе сатылып калат дегендей.
Ушул жерден кошумчалай кетүүчү жагдай, «Кумтөрдө» өндүрүлгөн алтын Доре уютмасы деп аталат. Анткени анын курамынын 70-75 пайызын алтын түзсө, калганы башка металлдардан турат. Аталган уютманы компания «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасына гана сата алат. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, өндүрүлгөн алтынды өлкө ичинде жана өлкөдөн тыш жакка алып чыгууга жана сатууга жалгыз «Кыргызалтын» укуктуу. Доре уютмаларын кыргыз ишканасы Кара-Балтадагы аффинаж заводунда иштетип, таза алтынды бөлүп алып, кайра иштетүүгө сатыкка чыгарат.

АЛТЫН ӨНДҮРҮҮНҮН НАРКЫ КАНЧА?
Жыл ичинде алтынды өндүрүүнүн чыгымы ар башка болот. Алсак, үчүнчү чейректе сатып өткөрүлгөн алтындын өздүк наркы дүӊ кирешеге болгон салыкты эсепке албаганда 721 доллар болсо, өткөн жылдын ушул мезгилинде 916 доллар эле. Көрсөтүлгөн кыскаруу былтыркыга караганда көбүрөөк алтын сатылганы жана операциялык чыгымдардын кыскартылышы менен түшүндүрүлөт. Бир унция алтындын орточо баасы 1124 доллардан сатылган. Былтыр ушул мезгилде алтындын баасы 1263 долларга бааланган.
Чыгымдын кыскарышына сатылган алтындын көбөйүшү, жаӊы лагердин курулушу ушул жылдын июнунда аяктап, кендеги инфраструктура объектилерин көчүрүү иштери соӊуна чыгып калгандыгы, кыртыш ачуу иштерине операциялык жана капиталдык жумшоолордун азайышы себеп болгон. Үчүнчү чейректе алтын өндүрүүгө кеткен чыгымдын жалпы көлөмү 80,7 миллион долларды түздү. Былтыр ушул мезгилде алтын өндүрүүгө жалпысынан 82,9 миллион доллар сарпталган.

БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛДЫН ПРОГНОЗУ
Бул жылы кенде өндүрүлгөн алтындын көлөмү 15,1-16,7 тоннаны (буга чейин 14,6-16,2 тонна деп болжолдонгон) түзөрү болжолдонууда. Ал эми жалпы өндүрүш чыгымдары буга чейин 212 миллион долларды түзөрү болжолдонсо, экинчи чейректин жыйынтыгында ал сумма 207 миллион доллар болуп кыскартылды. Чыгымдардын азайышы жана алтындын көбөйүшү боюнча негизги себептерди жогоруда белгилеп өттүк. Мындай аракет компаниянын киреше бөлүгүн көбөйтүп, акциялардын кымбатташына жол ачат жана аны менен катар Кыргызстанга дивидендден түшкөн каражаттын суммасы өсмөкчү.
Борбордук Азиядагы мына ушундай эӊ ири компаниянын эӊ ири акционери – Кыргыз Республикасы. Тактап айтканда, компаниянын акцияларынын 33 пайызга жакынына же 77 401 766 даана акцияга ээлик кылат жана анын наркы 2015-жылдын 17-ноябрына карата 432 189 789 миллион доллардан ашып, ар бир акция 5,58 долларды түзүүдө.

КЕН ИШТЕГЕНИ КАНЧА АЛТЫН ӨНДҮРҮЛДҮ?
1997-жылдын майында өндүрүш башталгандан тартып 2015-жылдын 30-сентябрына карата өндүрүлгөн алтын 319 тоннаны түздү. Компания 2500дөн ашык жумуш орунун камсыздап, 600гө чукул жергиликтүү ортомчу ишканаларды кызматташууга тарткан. 1997-2014-жылдар аралыгында алтын кен ишканасы өлкө казынасына 2,7 миллиард доллар киреше алып келүү менен, жылдык ички дүӊ өндүрүмдүн дээрлик 10 пайызын камсыздап келген эӊ ири ишкана.

СӨЗ СОӉУНДА…
Компаниянын отчёттору ар 3 айда чыгарылып, жыйынтыктар менен коомчулук толук таанышууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн сайтына кирип, кызыктырган маалыматтарга ээ боло аласыз. Бардыгы ачык-айкын жана так көрсөтүлгөн. Аталган кен ишканасынын өлкө экономикасында орду канчалык экенин жогорудагы сандар жана көрсөткүчтөр айтып турат. Андыктан өндүрүштү колдоого алып, ага бут тоскондорду президент Алмазбек Атамбаев айткандай, эл душманы деп атоо керек.

Абай Алыкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
sale-81
2015-11-27 09:59:26
Ушу кумтордо эле кыргызымдын 50 пайыз байлыгы жатат, биз озубуз ошол алтынды колдонгондо канча деген олкону, байлык боюнча басып отмокбуз.
0
jaazira13
2015-12-02 15:20:05
sale-81,биз озубуз башкаргандай кайсы техникабыз бар? бизге лизинг менен да эч ким бербейт аны. алтынды озубуз гана сатабыз, суроонун баары кыргызалтынга жана бийлике
+1
marik10
2015-12-08 14:30:57
биз озубуз башкарсак талап сатылып кетилет ишканабыз
+1
№ 681, 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан