ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (23-ноябрдан 29-ноябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада эмнени пландасаӊыз, көбүн ишке ашыра аласыз. Болгону сүйүктүү адамыӊыз менен жолугушууга жолтоолор болушу мүмкүн. Ачууну тишке ката билүү шериктер менен камыр-жумур иштешүүгө жеткирерин эске алыӊыз. Апта аягында өзүӊүздү жакшы сезбөөӊүз мүмкүн. Чөп дарыларды ичүү менен калыпка келсеӊиз болот.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Иште демилге көтөрүп, оор ишти моюнуӊузга аласыз. Мунун кайтарымы, албетте, жакшы болот. Өткөн аптадагы бүтпөй калган иштерди бүткөрүү түйшүгүн да артынасыз. Жеке жашоого келсек, жүрөгүӊүздөгү адамга белек берип, көӊүлүн көтөрүӊүз. Организмди витамин менен камсыз кылуу максатында жашылча-жемиштерден көбүрөөк жеӊиз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Иште жаӊылыктар күтүлөт. Жаӊы түзүлгөн кырдаалга ыӊгайлашууӊуз керек. Пайда алып келүүчү сүйлөшүүлөр ишке ашат. Дүйшөмбүдө туугандардын маселеси ишиӊизге тоскоол болот. Бейшембиде барган жерден эрте кайтпасаӊыз, кооптуу окуяга кабылууӊуз ыктымал. Ишембиде үйүӊүз кубанычтуу жаӊылыктан улам шаӊга бөлөнөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада күтүлбөгөн жерден оюӊуздагы бир тилек ишке ашат. Иште сиздин аракетиӊиз жетекчилик тарабынан бааланат, сыйлыкка илинүүӊүз мүмкүн. Ал эми жакшы тааныш адамыӊыз менен болор кер-мур айтышуу мамиленин аягына чекит коёт. Апта аягында уурулардан сак болуӊуз. Жекшембиде үйгө керектүү буюм издеп базар кыдырасыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада таарынышкан жубайлардын мамилеси жөнгө түшөт. Буга жашоо арабасын өз алдынча тартуу канчалык оор экендигин түшүнүү түрткү берет. Дүйшөмбүдө юридикалык мекемеге баш багууӊуз ыктымал. Бейшемби – үй-бүлөлүк бюджетти тактоо, аласа-бересени эсептешүү күнү.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жеке жашоодогу жагымсыз окуяларды сыр кылып башкаларга айтпаӊыз. Ал сөздөрдү кийин өзүӊүзгө каршы курал катары пайдаланышат. Бирөөлөрдүн тилине кирип кечеге баруу сунушталбайт. Бөөдө маанайыӊызды түшүрүүчү иш болуп кетет. Алыскы жакындарыӊыздын бири келип, чогуу убакыт өткөрүүӊүз күтүлүүдө.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сизге кымбат адамдын ажатын ачууӊуз керектелет. Анын абалын түшүнүп кабыл алуу зарыл. Иште сиздин сунушуӊуз туура экендигине жамааттагылар кепилдик берип, аброюӊуз өсөт. Издеп жүргөн буюмуӊузду карызга алуу мүмкүнчүлүгү чыгат. Сапатын карап көргөн соӊ чечим кабыл алыӊыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Шейшембиде майда жол кырсыктары көп болот, абайлоо кажет. Бейшембиде акчалуу болуп, аны бөлүштүрүүгө киришесиз. Жума күнү бейтааныш адамдар менен баарлашуудан, үйгө киргизүүдөн алыс болуӊуз. Бул жеке коопсуздук үчүн керек. Жекшембиде жакшы-жаманы аралаш жаӊылык келет.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын башында иште жетекчиликке сиз тууралуу туура эмес маалымат жеткирүүлөрү ыктымал. Документтер менен иштөөдө ката кетирбеӊиз, болбосо акчалай айыпка жыгыласыз. Үй-жайды ыӊгайлуу кылып жасалгалоо аракетиӊиз жарым-жартылай ишке ашат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бойдоктор баш кошом деген адамын дагы бир жолу сындан өткөрүүгө бел байлашат.Дүйшөмбүдө өзүӊүзгө керектүү маалыматты ала аласыз. Шаршембиде кесиптешиӊиздин жакшылыгын чогуу белгилейсиз. Ишембиде кышкыга отун-суу камдоо иштери күтөт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Эски унутулган идея же долбоор керектүү болуп чыга келип, аны иштеп чыгууга киришесиз. Балдарга керектүүлөрдү алуу үчүн бир топ каражат кетет. Апта ортосундагы күтүлбөгөн окуя ойлонууга түртөт. Апта аягында бир ишти бүткөрүү максатында башка айылга (же шаарга) барып келесиз.  

БАЛЫК (20.02-20.03)
Кээ бирөөлөр билимин жогорулатуу максатында курстарга жазылышат. Өзүӊүзгө кам көрүп, сулуулук салонуна баш багасыз. Шаршемби – шашылыш иштер менен жол жүрүүчү күн. Жума күнү бүлүнгөн буюмдарды оӊдотосуз.  Дем алыш күндөрү достор убактыӊызды алат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 681, 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан