ТӨӨ БУУРЧАК ЭТКЕ ТЕТЕ

Дүйнө жүзү боюнча төө буурчактын 250дөн ашык түрү бар. Алардын ичинен ашканада кызыл, ак түстөгүлөрү жана лоя сорту кеӊири пайдаланылат. Төө буурчак пайдалуулугу жагынан этке тете.

КЫЗЫЛ ТӨӨ БУУРЧАК
Кызыл төө буурчактын курамында организмге пайдалуу белок, калий, йод, темир жана В1, В2, В9, В, Е жана башка витаминдер бар. Аны тамак-ашта колдонуу кызыл жүгүрүк, ичеги оорулары, бронхит жана тери ооруларынын алдын алып, атеросклероз менен жабыркагандарга жана жүрөктүн согуу темпи бузулган адамдарга да жардам берет.


АК ТӨӨ БУУРЧАК
Ак төө буурчак кальцийге бай болгондуктан тишти жана сөөктөрдү бекемдейт. Мындан сырткары анын курамындагы клетчатка ашказандын иштешин жакшыртат. Ошондой эле төө буурчактын бул түрүн арыктоону максат кылгандар менюсуна кошуп алышса болот.


ЛОЯ
Лоя – төө буурчактын бир түрү. Мында калий көбүрөөк болгондуктан аны атеросклероздо, жүрөктүн согуу ритми бузулганда жеген жакшы. Ошондой эле ал өнөкөт панкреатит, кант диабети жана кызыл жүгүрүктүн алдын алат.


Төө буурчакты тамак-ашка колдонуу алдында сөзсүз түрдө сууга 7-8 саат чылап коюу керек. Бул ыкманын 2 пайдалуу жагы бар. Биринчиден, жумшарып, бышырууга оӊой болот. Экинчиден, төө буурчактын данында сакталган олигосахарид (адамдын организми эритүүгө күчү жетпеген кант) сууга чыгып кетет да, дандын зыяндуулугу азаят. Эгер олигосахаридди чыгарып жибербесе, ал адамдын тамак сиӊирүүсүн начарлатып, ичти да көптүрөт. Сууда чыланган төө буурчакты тузсуз сууда 1,5-2 саат жай отто кайнатып бышыруу керек.

«МОЗАИКА» САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:

• Консерваланган төө буурчак (кызыл) – 1 банка
• Консерваланган жүгөрү – 1 банка
• Бадыраӊ – 2 даана
• Таттуу болгар калемпир – 2 даана
• Пияз – 1 баш
• Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
• Петрушка – 3-4 тал
• Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы

1. Алгач банкадагы төө буурчак менен жүгөрүнүн суусун төгүп алабыз.
2. Андан соӊ пияз, бадыраӊ, калемпирди төрт чарчы түрүндө майда туурайбыз.
3. Эми азыктардын баарын чоӊ идишке салып, үстүнө өсүмдүк майын, татымына жараша туз, мурч жана майда тууралган петрушканы салып аралаштырабыз. Салат даяр. Эгер кааласаӊыз, дасторконго коёрдо үстүнө кириешкиден себелеп койсоӊуз да болот.

ТӨӨ БУУРЧАК ТЕФТЕЛИСИ
Керектелүүчү азыктар:

• Эт – 500 грамм
• Төө буурчак – 200 грамм
• Пияз – 1 баш
• Жумуртка – 1 даана
• Өсүмдүк майы – 200 грамм

Соус үчүн:

• Өсүмдүк майы – 100 грамм
• Пияз – 1 баш
• Сабиз – 1 баш
• Томат пастасы – 1 аш кашык
• Суу – 1 литр
• Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач төө буурчакты бышырып алабыз. Ал үчүн аны 7-8 саат муздак сууга чылап коюу шарт. Мындан соӊ таза жууп, бышырып алабыз.
2. Этти, төө буурчакты, 1 баш пиязды эт туурагычтан өткөрүп, ага чийки жумуртканы жана татымына жараша туз, мурч кошуп, кол менен мыжыгып аралаштырабыз.
3. Даяр болгон массадан аз-аздан алып тоголоктоп, унга бөлөп, майга бир сыйра кууруп алабыз.
4. Эми соус даярдайбыз. Пияз менен сабизди аарчып, майда туурап, алгач пиязды, анан сабизди салып кууруйбуз. Томат пастасын салып кууруп, сууну куябыз.
5. Кайнап чыккандан кийин буга тефтелини салып, жай отто 20 мүнөттөй кайнатабыз. Тамагыбыз бышты. Буга гарнир катары сууга бышырылган күрүч, гречка, макарон, куурулган картошка жана жашылча салаттарын берсеӊиз болот.

ТӨӨ БУУРЧАК ШОРПОСУ
Керектелүүчү азыктар:

• Уйдун эти – 350 грамм
• Төө буурчак (ак) – 1 банка
• Картошка – 3 даана
• Таттуу болгар калемпири – 1 даана
• Сабиз –1 даана
• Пияз – 1 баш
• Томат пастасы – 1 аш кашык
• Укроп – 5-6 тал
• Суу – 3 литр
• Өсүмдүк майы – 100 грамм
• Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:

• Алгач жашылчалардын баарын аарчып, чоӊ-чоӊ туурайбыз. Ал эми этти кесек-кесек, пиязды болсо майда туурап даярдап алабыз.
• Эми казанга майды куюп, ал кызыган кезде этти салып кызарта кууруйбуз. Андан соӊ ирети менен жашылчаларды, алгач пиязды, анан сабизди, картошканы, аягында томат пастасын салып 10 мүнөттөй кууруйбуз. Андан соӊ сууну куюп, жай отто 40 мүнөттөй кайнатабыз.
• Акырында консерваланган төө буурчакты кошуп, 10 мүнөттөй кайнатабыз да, тузун көрүп, майда тууралган укропту салабыз. Тамак даяр.

Абайлаӊыз!
Ашказан жарасы, гастрит, колит (ичке ичегинин сезгениши), холецистит менен жабыркагандарга төө буурчакты көп жегенге болбойт.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
deva
2015-11-23 14:46:32
Мага лоя жагат. Шорпо ичким келтат
+2
Aijarkyn.82
2015-11-23 19:50:02
лояны эт, пияз менен кошо кууруп жесе да сонун болот
+1
Chopi1990
2015-11-23 20:52:26
Ушу тоо бурчакты коройун деген козум жок.Тамака жакшы,бирок сатайын десен бок да болбойт.
-1
kobra86
2015-11-24 23:04:31
Менин эн жакшы коргон тамактарым.
0
Nuranna_93_kg
2015-11-25 13:54:59
Лоя жагат мага да.
0
№ 681, 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан