БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ

(Башталышы өткөн сандарда)

Даараткананы көрөйүн деп кирсем, айткандай эле бир адамдык даараткана экен. Кол жуучу раковинанын жанында Бекболот айткан ящик илинип турат. Ичинен кулпулап, Бекболот берген ачкыч менен ящикти ачсам ичи бош экен, ящик сырты пластмассадан жасалганы менен ичи калыӊ темирден жасалыптыр, анча эле нерсе баткыдай. Кайра кулпулап чыктым да, Элизаны карасам көрүнбөйт, сыртка чыгып кеткен окшойт, күткөн менен келгенде эмне дейт элем, ишке кеттим.
Бир жумадан кийин Бекболот менен жолуктум.
– Кандай, даярсыӊбы, маселе жокпу?
– Баары жакшы, бир жумадан бери ишке кечки тамак алып кирип жатам, посттогулар, мурун бирге иштеген балдар, баары менен таанышмын, текшеришкен жок, буюрса, охрана менен маселе болбойт.
– Жакшы, 3 күндөн кийин товар жөнөтөбүз, даярдан,- деп коюп кетти.
Ошентип товарды жөнөтөр күн да келди.
Түндө түшүмө ар нерселер кириптир. Саат 5терде эле ойгонуп алдым, оюма ар нерсе келет, кармалып калсам эмне болот жана башкаларды ойлоно берип саат 10дордо башым кадимкидей ооруп чыкты. Акыры ойлондум, менин башка жолум жок эле, эгер Жумалы акенин айтканын кылбасам, мени эч ойлонбой эле милицияга сатып коюшмак. Эгер кокусунан милиция мени билип калып кармай турган болсо, кеминде 3 адамды уруп качып кетмекмин, аэропорттун айлана-тегереги бүт эле ачык болчу. Азырынча айтканын кылып турсам, кийинчерээк сөзсүз бир нерсе ойлоп табам. Ал жөнүндө азырынча ойлонбоюн деп чечтим.
Күндөгүдөй эле ишке бардым, ишке баратып Элизага кечкиге тамак заказ кылып койдум. Ал клетка кофта, жынсы шым кийип, фартук тагып алган экен, аябай жарашып калыптыр. Күндө эле көрсөм деле көргөнчө шашам, сагынып калам.
Аэропорттун ичине киргенче эки посттон өтөм, биринчисин "шлагбаум" деп коёбуз, экинчиси КПП, тархетканы көрсөтүп, толук формачан болуп өтүшүбүз керек. Эки постто теӊ мурда бирге иштеген балдар турушуптур, учурашып, аны-муну айтып тамашалашып өтүп кеттим.
Бүгүнкү кылар ишим эсиме түшөр замат өзүмдү дароо бир нерсе менен алаксытам, эзели колума албаган ишибиз боюнча инструкциялар бар эле, ошолорду кунт коюп окуп, бир четинен конспектилей баштадым. Бүгүн 5 адам иште элек, баары таӊ калып, эмнеге окуп жатканымды бир сыйрадан сурап чыгышты.
Саатты улам-улам карап коём, кечки тамакты 10дордо ичебиз. Акыры саат 10 болду, тамак алып келейин деп айтып коюп кафеге барсам, ичинде 3-4 адам бар экен. Элиза мени көрүп тамак салып койгон пакетти алып берди. Акчасын бердим да:
– Элиза, карап турчу колумду жууп алайын,- деп дааратканага кирдим да, ичинен кулпуладым. Эшиктин замогун да байкабаган экенмин, жаӊы коюлуптур, оӊой менен ача албайсыӊ. Бачокту ачсам бүктөлгөн биз иште кийчү жилет туруптур, алып карасам товар жилетке жука кылып салынып тигилиптир. Алып кийдим да, сыртынан формамды кийип алдым. Форманын сыртынан эч нерсе билинбей калат экен, колумду жууп чыккан соӊ ишке шашкан адам болуп пакетти алдым да, Элизага рахмат айтып чыгып кеттим.
Канчалык коркпоюн десем да, денем маал-маал дүр-р этип муздап кетип жатты. Баары эле мени аӊдып тургансыйт. Тез-тез басып аэропортко киргенче шаштым. Шлагбаумда аябай тамашакөй Максат деген бир аке бар эле, ошол туруптур. Жанынан унчукпай өтүп кетсем кандай ойдо калат? Себеби күндө бир нерсе айтып тийишип өтчүмүн:
– Максат аке, зерикпедиӊизби?- десем:
– Зериктиӊби, зерикпедиӊби, баары бир турасыӊ да. Жүрөгүмдү сыкпачы, жарама туз сеппечи, хотя бы сени түзүкпү десем, сен деле болбогон бала окшойсуӊ,- деп күлүп калды. Мен да каткырып күлүмүш болуп өтүп кеттим.
КППда Берди аке деген турган, мен келгенде посттун ичинде отурган экен, чыгып келди, пакетти ачып ичин көрсөттүм, тамакты көрүп:
– Ужинби?- деп койду.
– Ооба, бүгүн лагман жейинчи,- деп турсам, артымдан бирөө:
– Эй, авиатехник, кармалдыӊбы?- деп далыма бир койду эле, жүрөгүм жарылып кете жаздады. Пакеттин эки сабын эки колум менен кармап турган элем, бир сабы колумдан чыгып кетип, пакет аз жерден колумдан ыргып кете жаздады. Адамдын ою жаман экен, бир заматта ар нерсе оюма келип кетти. Артымды карасам Замир деген бала, дос элек, ошол 32 тишин көрсөтүп жыртайып күлүп турат. Көзүмө ушунчалык жаман көрүнүп кетти, тумшуктан ары берип калгым келди. Дагы жакшы, караӊгы болгондуктан менин өӊүмдү көрүшкөн жок, өӊүмдүн бозоргону өзүмө кадимкидей билинди.
– Кандай, Зёмыч?- дегенге араӊ жарадым да, ишке кечиккен адам болуп шаша-буша басып кеттим. Көпкө чейин колдорумдун калтыраганы басылбай койду.
Кирсем баары сериал көрүп жатышкан экен, мага көӊүл бурушкан деле жок.
– Саат 12дегиге Канат Эрмек экөөӊ чыгасыӊ,- деп койду биздин смендин начальниги Каныбек аке. Мен күткөн самолёт ушул болчу. Самолёт тоскону чыгарда раздевалкага кирип, товар салынган жилетти чечип төрт бурчтук кылып ородум да, ичиме скотч менен ороп алдым. Самолёт келип конуп, жүргүнчүлөр түшүп кеткиче биз өзүбүздүн ишибизди кылып жүрдүк. Эми учуп кеткиче кезек менен самолёттун жанында турушубуз керек. Акыры жүргүнчүлөр, аэропорттун адамдары кетип самолёттун жанында экипаж менен Канат аке экөөбүз калдык. Экипаждын командири самолётту бир сыйра айланып карап коюп самолётко кирип кетти. Мен баары кеткенден кийин Канат акени:
– Сиз барып дем ала бериӊиз, мен тура берем, керек болсоӊуз рация менен чакырам,- деп жөнөтүп жибердим. Эки жакты карасам, 100 метрдей арыраакта коопсуздук кызматынын адамы жүрөт, караӊгы болгондуктан ким экенин тааныбадым. Андан башка эч ким деле жок.
Канат аке кетери менен самолёттун түбүнө кирдим да, дөӊгөлөгүнүн артына өтүп, ал жер прожектордун жарыгы тийбей турган караӊгы жер эле, товарды алып даярдап, тигил орус келсе берип кутулайын деп оролгон скотчту отвёртка менен кыркып жатсам артымдан:
– Эрмек, каяктасыӊ?- деп Канат акенин үнү чыгып калды. Скотчту кыркып койгон элем, товарды каякка катышты билбей, ичиме басып отуруп калдым.
– Алдыгы жакта эмне кылып отурасыӊ?- деп жаныма келип карап туруп калды, эмне айтышты билбей шашканымдан «ичим ооруп чыкты» депмин:
– Сен отравление болуп калбадыӊбы, кантип ооруп жатат?- деп маӊдайыма келип отуруп алды. Ошол маалда Канат акенин колундагы рациядан начальнигибиздин үнү чыгып калды:
– Канат, эмне болдуӊ? Техграфикти алып келбейсиӊби?- деп.
Канат аке бою узун адам эле, самолёттун түбүндө эӊкейип туруп сүйлөй албады окшойт, самолёттун түбүнөн чыгып арыраак барып начальнигибизге түшүндүрө баштады. Мен товарды самолёттун кош дөӊгөлөгүнүн ортосуна бекиттим да, Канат акенин жанына барайын деп туруп жатсам, Андрей окшойт, экинчи пилоттун формасын кийген, орто бойлуу адам траптан түшүп, Канат акени көздөй басып жөнөдү. Канат акени мен деп ойлоду окшойт, бир нерсе деп айтып жибербесин деп артынан чакырып токтотуп калдым. Мени көрүп түшүндү окшойт, токтоп калды. Канат аке самолёттун аркы жагында тургандыктан сөзүбүз угулбайт эле:
– Кечиресиз, атыӊыз ким?- десем:
– Сен Эрмексиӊби?- деди.
Баары туура эле, ушинтип жооп бериш керек эле.
– 5 мүнөттөн кийин чык, шеригим чыгып калды, азыр кетет,- десем:
– Түшүндүм,- деди да, самолётко кирип кетти...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
aytkulova
2015-11-23 09:17:44
Мен биринчи)
+2
nagishka
2015-11-23 09:45:41
Өхх, араң окуп бүттүм. Окуп атып менин да колдорум калтырап, өңүм кубарып, Эрмек кандай абалда болсо мен да ошондой болуп кеттим жада калса ичим да ооруп кетти)))))))
+6
aitowa11
2015-11-23 09:47:14
Менин да денемди калтырак басып бир дем менен окуп чыктымго.
+2
tynar92kg
2015-11-23 10:06:09
Дагы кутобуз 1жума
+1
belka
2015-11-23 11:34:20
Аба жетишпей кетти окуп буткучом.
+2
abdislam
2015-11-23 14:07:09
салам
0
Ledi89
2015-11-23 23:44:13
Кызыктуу экен.
0
aku03
2015-11-24 10:42:00
Бул сериалдын башы кайсы сандарда,таба албай жатам.
0
admin_superstan
2015-11-24 11:22:02
aku03, саламатсызбы!
Башталышы: http://www.super.kg/article/show/33859/
Калган сандарына чыгарманын төмөн жагында шилтеме берилген.
0
aku03
2015-11-24 12:25:44
admin_superstan, рахмат бирок эми ортосун таппай жатам
0
admin_superstan
2015-11-24 13:03:11
aku03, чыгарманын төмөн жагында бардык сандарга шилтеме берилген.
0
dubai
2015-11-25 01:11:46
ушу чыгарма болгон окуянын негизинде жазылган дейсинер,эми Ош аэропортун текшерип,расследование жургузуп,кылмыш иши ачылып кетпейби я?)))секреттин баарын жайды го бала...
-1
aizada15
2015-11-25 07:33:50
dubai,мен да ошону айтам издеп таап камап салса эле,же камалып чыкан бекен билинип калып.
-1
suban78
2015-11-25 09:55:49
dubai, толугу менен ойдон чыгарылган чыгарма, эч ким самолётто бангизат жонотпойт. Ото эле опурталдуу. Домодедово аэропортунда жургунчулорду, айрыкча бангизат келиши мумкун болгон рейстерди аябай текшеришет. Лётчиктерди да текшеришет, алып чыкканга эч мумкунчулук жок ал жерде.
Эгер жакшы чыгарма болсо кыштын суук кечтеринде жылуу уйдо окуп жатканга не жетсин. Элге жакшы чыгарма тартуулайын деген гана тилек. Чыгарманын жакшы жаманын эми окурман баалайт.
0
№ 681, 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан