«КОЧКОРЛУК АЙДАЙДЫ ИЗДЕЙМ»
– 1990-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Ормон-Хан айылында туулган Айдай Туратбек кызын издейм. Ал менин классташым болчу. Биз Кемин районунун Жолбулак айылында 6-класска чейин чогуу окуганбыз. Кийин деле катташып жүрдүк. 2012-жылы Ысык-Көлгө турмушка чыгып кеткенден кийин байланыш үзүлүп калды. Айдай, окуп калсаӊ мага чал.
Курбуӊ Айнагүл Сабатбекова,
тел.: 0705 634 783
«ЖУМАГАЗЫ, МАГА БАЙЛАНЫШ»
– Казармандагы «Макмал» алтын кенинде чогуу иштеген Жумагазыны издейм. Экөөбүз жакында жолукканда менин телефон номеримди алган эле. Жоготуп алганбы, чалган жок. Жумагазы, окуп калсаӊ байланыш.
Бишкектен Асанбек,
тел.: 0770 598 401
«КУРБУМ ГҮЛБАРА, КАЙДАСЫӉ?»
– 1964-жылы КМУнун чет тилдер факультетинин немис тили бөлүмүндө 108-тайпада бирге окуган курбум Гүлбара Жамангулованы издейм. Ал Чүй облусунун Беловодское айылынан болот. 3-курска чейин окуп кетип калган. Азыр кайда экенин билгим келет. 40 жылдан бери байланышыбыз жок. Мен Жалал-Абадга турмушка чыккам. Гүлбара, мени менен байланыш, сени издеп жаткан таластык курбуӊ
Бурулкан Конгайтиева,
тел.: 0772 207 317
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыӊызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоӊуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыӊыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28