АШЫКЧА НАСЫЯ АЛЫП КАРЫЗГА БАТУУДАН САКТАНАЛЫ

Насыя алгандардын көпчүлүгү кийин аны төгүүгө келгенде «акчаны кайдан табам?» деген суроого кептелишет. Анын негизги себеби карыз алуучунун карыз алып жатканда микрофинансылык уюмдар тартуулаган кредиттик продуктулар жөнүндө тийиштүү деӊгээлде маалымат албай калгандыгында. Жогорку пайыздык чендер жана кошумча комиссиондук төлөмдөр, кредитордун бардык шарттарын жакшы окуп билбеген ар бир адамды капысынан жаралуучу көйгөйгө алып келиши мүмкүн. Бул көйгөйдүн чыгуу себептери жана анын алдын алуу тууралуу маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын банктык эмес финансы-кредит мекемелерине тышкы көзөмөл бөлүмүнүн адиси Өмүралиев Медер Темирбулатович менен маектештик.

– Саламатсызбы! Микрофинансылык сектордо ашыкча кредит берүүнүн же өтө эле көп карыздын пайда болуусунун себептери эмнеде?
-Cаламатчылык! Алган насыяны төлөй албай калууга бир нече себептер бар. Алардын негизгиси бул же тигил деп айтуу кыйын, анткени көйгөй пайда болушу үчүн ал себептердин бирөөсү эле жетиштүү.
Микрофинансылык уюмдар коммерциялык банктардан айырмаланып насыя алуучунун төлөмдүүлүгүн жана анын келечектеги чыгымдарына мүмкүн болгон кирешелерин дыкат анализ жүргүзүү боюнча талаптарды койбойт. Микрофинансылык уюмдар толук кандуу ишмердүүлүк жүргүзүш үчүн катуу талаптарды койбостон, өлкөнүн бардык булуӊ-бурчтарында насыя берүү менен эле алектенет. Анын себеби элет элине насыя берүүдө көпчүлүгүнүн кирешелерин тастыктоочу документтери жок.
Ашыкча карыз болуунун негизги себептерине – карыз алуучулардын төмөнкү кирешеси, финансылык сабатсыздыгы жана насыя пайдалануунун маданиятын билбегендиги кирет.
– Микрокредиттерди көбүнчө кимдер алат жана аны эмнеге жумшашат?
-Эреже катары микрокредиттердин керектөөчүлөрү төмөнкү жана орто жашоо деӊгээлиндеги адамдар. Бул насыяны төгүүнүн мөөнөтүн узартууга аргасыз кылат. Мисалы,
10 000 сом өлчөмүндөгү чоӊ эмес микрокредитти орто статистикалык насыя алуучу 6 айдан 12 айга чейин алууну каалайт. Бул өзүнө көӊүл кош мамиле кылуу себебинен эмес, жөн эле ал адам үчүн бул сумманы төгүп кутулуу кыйын, ошол эле учурда 12 ай ичинде анын пайыздары болгону 2 миӊ сомду түзөт.
Расмий статистикага ылайык, 2014-жылы Кыргызстанда 10 миӊ сомго чейинки берилген микрокредиттердин жалпы суммасы
152,7 миллион сомду түзгөн. Анын 107,5 миллиону (70%) 6 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө берилген. Жалпы микрокредиттик портфель мөөнөтү боюнча төмөнкүдөй болуп бөлүштүрүлгөн: 62% насыя 1 жылдан 3 жылга чейин, 28% 2 айдан 12 айга чейин, 9% 3 жылдан жогору жана 2% гана 6 айга чейинки мөөнөткө насыя алгандар болгон. Бул көрсөткүчтөр Кыргызстандагы насыя алуучулар орто жана узак мөөнөттүү насыяларды алууну каалашарын билдирет.
Ага ылайык, төмөнкүдөй чечим кылса болот, микрокредиттерде кыска мөөнөттө (6 айга чейин) кайтарылбастыктын жогорку деӊгээлдеги тобокелчилиги бар. Өз кезегинде, насыяны төлөөнүн мөөнөтү канчалык узак болсо, насыя алуучу аны пайдалангандыгы үчүн ошончолук көп пайыз төлөйт.
Көп убакта Кыргызстанда насыя пайдалануучулар, алардын ичинде потенциалдуу насыя алуучулар насыя алуу, аны келечекте төгүү суроосуна туура эмес мамиле жасашат. Микрокредиттерге болгон суроо-талап көбүнчө акча каражаттарына болгон зарыл керекчиликтен улам келип чыгат. Адамга эӊ башкысы карызга акча алыш керек, ал эми аны кантип төгүү тууралуу ой төлөөгө келгенде гана келет. Керектөөчүнүн бир нече төлөй турган насыясы болсо маселе андан да курчуйт же бир насыяны жабуу максатында кайра андан көп суммадагы насыя алат.
Бул жерден биздин менталитет тууралуу белгилей кетким келет. Мисалы, көпчүлүк учурда атуулдар өзүнүн үй-бүлөлүк бюджетине туура келбеген, кымбат пайыздагы насыяларды алып, ар түрдүү иш-чараларды өткөрүшөт. Ошондуктан калкыбыз үнөмдөөнү үйрөнүшсө же алган насыясын инвестиция салууга жумшашса жакшы болмок.
– Ашыкча насыя алуу же карызга батуунун себебине жогорку пайыздык чендер да таасир этиши мүмкүнбү?
-Албетте. Бирок пайыздык чен рыноктогу карым-катнаштан улам аныкталат. Анын үстүнө пайыздык чендин таасирин төлөм жүргүзүп жатып эсептеп алса болот. Көбүнчө микрофинансылык уюм сунуштаган кредиттик продукт тууралуу аз маалымат алгандан улам келип чыгат.
Улуттук Банк тарабынан финансылык кызматтардын керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча жетишээрлик чаралар көрүлүп жатат. Мисалы, чектүү жол берилүүчү пайыздык чен коюлат, ал эми нормативдик актылар менен микрофинансылык уюмдардын милдеттенмелери бекемделет. Кредиттик келишимдин шарттарынан улам кардар өзүнүн укуктары жана бардык чыгымдары менен тааныштырылат.
– Медер Темирбулатович, карыз алуучулардын көйгөйүн жөнгө салуу максатында Улуттук Банк кандай иш-чараларды жүргүзүүдө?
-Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатын көздөп насыялар, кредиторлор менен карызгерлердин укуктары, милдеттери жөнүндө жана башка пайдалуу маалыматтар камтылган республикабызда биринчи жолу Улуттук Банк тарабынан www.finsabat.kg маалымат порталы ишке ашырылгандыгын дагы айта кетмекчимин. Анда мамлекеттик жана расмий тилдеги экономика, финансы темасындагы маалыматтар, мамлекеттик жана финансылык мекемелер тарабынан даярдалып, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында улам жаӊыланып турат. Мындан сырткары «Акча алиппеси» («Денежная азбука») аталышында 30 000 (отуз миӊ) нуска менен мамлекеттик жана расмий тилдерде өспүрүмдөр үчүн көрсөтмө куралдары иштелип, басылып чыкты. Мектеп окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери, орто жана чакан бизнестин өкүлдөрү үчүн финансылык билим берүү, финансылык кызматтар темасы боюнча окуу лекциялары өткөрүлгөн. Мектеп окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн Улуттук Банктын нумизматикалык музейинде экскурсиялар уюштурулган. Улуттук Банк бул багытта дагы иштеп жатат.
Жөнгө салуу функцияларын аткаруу максатында Улуттук Банк финансы-кредиттик мекемелеринин, ошондой эле финансылык продуктуларды керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен нормативдик базаны жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат. Параллелдик насыяларга алардын көлөмүн азайтуу үчүн резерв түзүү талабына өзгөртүүлөр киргизилген. Насыя үчүн күрөөгө коюлган жалгыз күрөө мүлкүн соттук тартипте эмес өндүрүүгө нормативдик актылар менен тыюу салынган.
2015-жылдын башынан бери микрокредиттик компаниялардын уставын 5 миллион сомго чейин көтөрүү боюнча тийиштүү талаптар күчүнө кирген. Ошондуктан жыл башынан бери уставдык капиталын 5 миллион сомго чейин жеткизүү боюнча учурунда юстиция органдарынан каттоодон өтпөгөн 35 микрокредиттик компаниянын Улуттук Банктан алган күбөлүктөрү кайтарылып алынган. Бул иш-чаралар, микрофинансылык рынокту жакшыртуу үчүн, өзүн жакшы жактан көрсөткөн жана мыйзам менен ченемдик актыларга баш ийген уюмдарды калтырыш үчүн жасалууда.
Мындан сырткары Улуттук Банкта атайын Банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын укугун коргоо жана финансылык сабаттуулугу бөлүмү түзүлдү. Алар финансы-кредиттик мекемелерди көзөмөлдөө, анын ичинде кредиттик тобокелдикти тийиштүү деӊгээлде башкаруу боюнча ишти жайылтышат. Ошондой эле жарандардын кайрылууларын кароо тартибин алдын ала караштырган жобо иштелип чыккан.
– Насыя алат элем дегендер алгач эмнеге көӊүл бурушу керек?
-Насыя алуу – бул жоопкерчиликтүү кадам, ошондуктан жакшылап даярданган жана маалымдалган адам гана мындай кадамга барса болот. Эӊ негизгиси адам насыя алууда төмөнкүлөргө көӊүл буруусу зарыл:

  • Насыянын шарттары. Бул этапта карыз алуучу эӊ башкысы өзүн активдүү алып жүрүүсү жана кредиттик экспертке кызыктырган суроолордун баарын берүүсү зарыл. Канчалык көп суроо берсе, кантип насыя алуу боюнча ошончолук түшүнүк көп болот. Кредиттик эксперт сизге пайыздык чен, төлөмдүн суммасы, арыз калтыруу үчүн документтер жана кредитти кайтаруу, ошондой эле арызды кароо мөөнөттөрү тууралуу толук айтып берүүсү керек.
  • Насыянын пайыздык чени;
  • Насыяны мөөнөтүнөн мурда төгүүгө мүмкүнчүлүктү;
  • Насыя боюнча жеӊилдетилген пайыздык ченди; (бул суроо көбүнчө жакынкы аралыктагы мезгилдин суроосу, анткени банктар насыяны ылдыйлатылган пайыздык чендер менен өздөрүнүн туруктуу кардарларына беришет. Сизге ал банктан дайыма насыя алуунун кажети барбы же ийкемдүү шарттары бар башка банкка баруу керекпи түшүнүктүү болот).

– Насыя алуунун кандай эрежелери же тартиби бар?
Насыя алам деген адам төмөнкү эрежелерди сактоосу шарт:

  • Насыя кайсы максаттарга жумшаларын билүүсү;
  • Ар түрдүү кредиттик мекемелердеги насыя алуунун шарттарын изилдөөсү;
  • Насыяны кайтаруу боюнча өз мүмкүнчүлүктөрүн баалоосу;
  • Туура келген мекемени тандоосу.

Ал эми кредит алуу учурунда:

  • Кредиттик келишимин жана төлөм графигин окуп чыгуусу;
  • Насыянын наркын билүүсү (негизги сумманы, пайызды жана комиссияны);
  • Келишимге кол коюудан мурда бардык суроолорго жооп алуусу.

Насыя алгандан кийин адам төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • Кредит келишиминин бардык шарттарын аткаруусу;
  • Төлөмдөрдү өз убагында төлөп туруусу;
  • Квитанцияларды сактоосу.

Насыяны кайтарууга байланыштуу кийинки негативдүү жагдайлардын болбосу үчүн насыя алуучу төмөнкү эрежелерди сактоосу зарыл:

  • Насыяны арызда көрсөтүлгөн максаттарга жумшоосу;
  • Башка бирөөлөргө берүү үчүн насыя албоосу.

Ал эми насыяны кайтарып берүү боюнча кандайдыр бир маселелер пайда болсо, өзү насыя алган мекемеге кайрылуусу керек.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
joni040494
2015-11-23 13:39:40
Шу кридит дегенде гонулум азчуу болду
+1
№ 681, 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан