Бул ырчыны бир гана өзгөчө жан деген сөз менен сүрөттөсөк жетиштүү. Кеп Каныкей тууралуу болуп жатканын түшүндүӊүз да, окурман. Дал ушул башкаларга окшобогон ырчы 11-ноябрь күнү тун уулун жарыкка алып келип, кубанычтуу кабары менен гезитибиздин окурмандары менен бөлүшүп отурат.
– Каныкей, төрөттөн кийин өзүӊүзгө келип калдыӊызбы?
– Толгоо деген оӊой нерсе эмес тура. Энелердин таманынан өпкүдөй эле бар экен. Мага доктурлар
«5-ноябрда төрөйсүӊ» дешкен, бирок бир жума кеч көз жардым. Акырында тынчсызданып, аябай сарсанаа болуп, чыдамсыздык менен күтүп калдык.
Мени көпчүлүк АКШда деп ойлоп жатышыптыр, жок өз мекенимде эле төрөдүм. Кыргызстандын ак халатчандарына чоӊ ыраазычылык билдирем. Өзүбүздүкүлөр деле башкалардан кем эместигине көзүм жетти.
– Ымыркайга кандай ысым ыйгардыӊыздар?
– Кыргызда аалым деген мааниси терең сөз бар. Келечекте уулубуз дагы илимге, билимге өмүрүн арнасын деген үмүттө атасы
Алим деген ысымды койду.
– Төрөгөнүӊүзгө 10 күн болду. Күйөрмандарыӊыз менен бөлүшүүдөн чочуладыӊызбы? Айтпай жаттыӊыз.
– Кудайга шүгүр, баары жакшы, бирок баары бир кооптонуп, көз тийгизип албайын дейт экенсиӊ. Ошондуктан убактылуу айтпай турууну чечкен элем.
– Эне болуу эч нерсеге теӊелгис бакыт болсо керек...
– Ооба, аны менен бирге чоӊ жоопкерчилик. Көз жарып эне болгондогу эмоциямды, кубанычымды жеткире албайм. Ооба, кыйналат экенсиӊ, бирок жарыктыкка бир адамды алып келүү кандай бакыт?!
– Уйкудан калып жатасызбы?
– Ишенесиӊерби, балама байланыштуу жумуштун баары жагымдуу. Түйшүгүн сезбей деле жатам. Апам деле каралашууда. Бирок уулумдан түн ичинде туруп кабар алуу да мен үчүн ырахат.
– Балапаныӊыз кимге окшош?
– Албетте,
Медерге окшош.
– Күйөрмандарыӊыздын көбү сизди сахнага качан кайтат деп күтүшүүдө.
– Сахнага кайтуу эч качан кеч эмес. Азыр мен үчүн ушул кичинекейимдин ден-соолугу, амандыгы баарынан биринчи орунда турат. Медер экөөбүз уулдуу болуп эки эсе бактылуу боло түштүк. Азыр баары жакшы, бакытка балкып турган кезибиз. Күйөрмандарым да менин бактымды, кубанычымды теӊ бөлүшөт деген ойдомун.