ЗИЛЗАЛАДАН ЖАБЫРКАГАНДАРГА ЖАРДАМ БЕРИЛЕТ

2 күндө өлкөдө 4 ирет жер титирөө катталды. 17-ноябрь күнү түнкү саат 23:30дун тегерегинде эпицентри Ош шаарынан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан жерде 7 балл күчүндө жер титиреди. Ош жана Жалал-Абад шаарларында жердин силкинүүсү даана сезилген. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келбегени менен, бир топ үйлөрдөн жарака кетип, азыр алардын саны такталууда. Эӊ көп жабыркаган үйлөр Ош облусунун Кара-Суу районунан катталып жатат. 18-ноябрга карата 4 миӊден ашуун үйлөр кароодон өтүп, анын 3 миӊге чукулунан чоӊ-кичине жаракалар кеткендиги аныкталган. Зилзаладан зыян тарткан үйлөрдүн ээлерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кышкы суукка ылайыкташкан чатырларды таркатууга киришти.
Кийинки дагы 3 жер титирөө 18-ноябрда түнкү саат 2де эпицентри Ош шаарынан 28 чакырым алыстыкта жайгашкан жерде, ошол эле күнү түшкү саат 12 чамасында эпицентри Ош шаарынан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан жерде, 3-ирет кечки саат 9га жакын эпицентри Ош шаарынан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан жерде катталды.
18-ноябрь күнү президент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы Темир Сариев менен өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго жердин силкинүүсүнөн жабыркаган Ош облусундагы калктуу конуштарга барып, эл менен жолугушууну жана жапа чеккендерге жардам көрсөтүү боюнча бардык тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырды.

Эльвира Караева, super.kg
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Ledi89
2015-11-23 23:26:20
Тооба, Алла озун сактай кор.
0
gulnur.narmatova
2015-11-24 14:47:34
Жаратканым озун сактай кор озундон башка айла жок тооба тооба кылдым
0
№ 681, 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан