1-ноябрда Ош облусунда кутурган ит тиштеп алган 5 адамдын бири 2 жашар Алина кайтыш болду. Эске салсак, КУТУРГАН ИТ кыздын бетин тиштеп, ал оор абалда бейтапканага жеткирилген эле.
Муфтияттын маалыматына ылайык, өлкөдө 90дой МЕДРЕСЕ бар болсо, анын 70и иштейт. Анда 6 миӊден ашуун балдар таалим алат.
Өкмөт «ЭРКИН-ТОО» басмаканасы менен «СОӉ-КӨЛ» ресторанынын имараттарын тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесинен чыгарды.
Быйылкы жылдын 10 айынын ичинде АЙДООЧУЛАР 310 миллион сомго чукул айып пул төлөө менен өлкө казынасын толукташты.
НУРБЕК ЭЛЕБАЕВ Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча агенттиктин жетекчилигинен алынды. Башчылыкка азырынча эч ким дайындала элек.
«Мектептердин 95 пайызында капиталдык оӊдоо иштери жүргүзүлгөн эмес жана ар бир үчүнчү мектепке гана таза суу түтүгү киргизилген»,- деди билим берүү жана илим министри ЭЛЬВИРА САРИЕВА.
18-ноябрь күнү Бишкек шаарында ДОЛЛАРДЫН БААСЫ 73 СОМДОН ашып, жаӊы рекорд коюлду.
Акыркы он күн ичинде 30 СОТТОЛГОН адам кармалды. Ал эми жатак-абактардан качып кеткен 1067 адам дайынсыз болууда.
Standard & Poor’s рейтинг чыгаруучу агенттик Кыргызстандын калкынын 19 пайызы гана финансылык жактан САБАТТУУ деп чыкты. Бул Борбор Азия өлкөлөр арасындагы эӊ төмөнкү көрсөткүч.
Жогорку Кеӊештин ЧЫГЫМДАРЫН туура бөлүштүрүү боюнча комиссия жыйынтык чыгаруу үчүн дагы бир апталык мөөнөт сурады. Бул тууралуу спикер Асылбек Жээнбеков билдирди.
Кыргыз-орусиялык өнүктүрүү фонду Тамчыда жайгашкан АЭРОПОРТТУН реконструкциясына акча бөлүшү мүмкүн. Бул тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Мэрия Бишкек шаарынын Киев, Орозбеков, Токтогул көчөлөрүнүн аймагы камтылган кварталды өнүктүрүү үчүн архитектуралык ДОЛБООРГО сынак жарыялады.
Мамлекеттик каттоо кызматынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы ЭМИЛ ТАРЫХЧИЕВ 18-ноябрь күнү кылмышка шектүү катары кармалды. Окуя боюнча кенен маалыматты 13-беттен окуй аласыздар.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.