КУРМАНБЕК БАКИЕВ «КЫРГЫЗСТАНДЫН БИЙЛИГИ МЕНЕН СОТТОШОМ» ДЕЙТ

2010-жылдын апрель айында Беларуска качып кетип, Минск шаарында жашап жаткан экс-президент Курманбек Бакиев жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берди. Ал 1 саатка жакын созулган баарлашууда Апрель революциясын «кылдат даярдалган атайын операция, мамлекеттик куралдуу төӊкөрүш» деп атап, учурдагы кыргыз бийлиги менен эл аралык соттор аркылуу соттошууну ойлоп жатканын айтты.
Экс-президент өзүнө каршы канча кылмыш иши козголгонун билбейт имиш. «Кыргызстан мага канча кылмыш ишин козгогонун билбейм. Бирок анын баары жасалма иштер. Кыргызстанда адилеттүү сот болот деп ишенбейм. Эл аралык сотторго кайрылууну ойлонуп жатам»,- дейт ал. Апрель революциясы ал үчүн күтүүсүз болгонун белгилеп, буга ошол кездеги УКМКнын жетекчисин күнөөлөдү. Ошол маалда УКМКнын төрагасынын орун басары болуп, мекемени сахна артында толук башкарып калган уулу Марат Бакиев тууралуу үн каткан жок.
Экс-президент «Азыркы бийлик мен баштаган ири экономикалык долбоорлорду өзүнүн иши катары көрсөтүп жатат» деп да нааразы болду. Ошондой эле Курманбек Бакиев Беларусту экинчи мекеним деп атап «сиз, биз, баарыбыз жашап жаткан мекенибизде тынчтык болсун» деп тиледи. Анын айтымында, жашоосуна капачылыгы, нааразычылыгы жок, болгону эне тилинде сүйлөшүү жетишпей жатыптыр. Качып кеткенинен бери беш жарым жыл өткөн соӊ биринчи жолу маек берген ал кыргыз элинен кечирим сураган жок.
Качып кеткен дагы бир президент Аскар Акаев Москвада отуруп алып бул жактагыларды күнөөлөйт. Минскте отурган Курманбек Бакиев да болгон кыйынчылык, катачылыктардын баарына бул жактагыларды күнөөлөйт, күнөө-катачылыктарды өзүнөн издебейт. А Кыргызстанда катачылык, жамандыктарга Бакиев менен Акаев күнөөлүү деген тенденция күчүндө. Айтор, жоопкерчиликти эч ким моюнга алгысы жок.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (123)
nurali1989
2015-11-26 13:01:13
бийликтегилер мурун кандай болсо, ошол бойдон.Уруш чыкса курал жарак жок, москвадан жардам сурап жатабыз. Жер титиреп, уйлор куласа чатыр жок Россиядан жардам сурап жатабыз. Депутат,чондордун уйун, ээлеп алган жерлерин корсон, элдин акчасын ушулар жебей ким жейт. Буларды ким контрольдоп жатат деген ойго келесин. Качан карасан кресло талашканы талашкан. Эртен жаны бийлик келсе, бугунку бийлик жаман. ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
+1
admin_superstan
2015-11-26 13:23:15
nurali1989, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. 5 күн БАН!
0
svan
2015-11-26 18:48:17
Эч Кимиси Кыргызстан учун оркундотуш учун эчтеке кылган жок жана кылынбай эле эптеп септемей болуп келатат, бир чон аыл болуп калды олко эмес эле! Коом учун эч кандай шарттар жок,сасыган маршруткалар ,кир таксилер коп эми, колдойм дегендерди тушунбойм эмне учун . Андан коро кучтуу президент келишин каалагыла !!! Жашоо шарттын осушу учун ,маданиятттын осушу зарыл !!!
+2
Gulmirahon
2015-11-26 20:35:29
Бакиев ХХХХ ХХХХ ХХХХ... ошо кездеги окко учкандардын ХХХХ ХХХХ ХХХ!!!
-1
Bishkek
2015-11-27 02:55:21
Канча жаш инсандар кырылып кети, ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ. Акаев дай болуп эле тынч жата бер да
0
admin_superstan
2015-11-27 10:44:19
Bishkek, этика нормаларын сактаңыз!
0
admin_superstan
2015-11-27 10:19:00
Gulmirahon, этика нормаларын сактоону сунуштайм.
0
Drogba
2015-11-27 00:48:08
Туугандар ким жакшы жаман экенин кордунор коруп жатабыз,ажону (президенти)Аалах тандайт экен ошон учун баарыбыз жакшы ниет кылып ниетибизди ондойлуу шайтандардын создоруно ишенбей, биздин мамлекетибиз дагы мумкун онолуп жакшы болуп кетер.
+2
mani
2015-11-27 01:57:51
Баарын кечтим. Бийликтегилерине####### адам эмес алар. Росиияда фанатардан качып ач калып ток калып ыйлап сыктап жашап жатышат. Аларды ойлогон Ким бар кара тизме жок кылып койбойбу толковый болуп. Эл иштеп озун ОЗУ бага берет.
+3
admin_superstan
2015-11-27 10:51:41
Bishkek, Kitep, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыздар!
0
gulnara2014
2015-11-27 12:00:23
Акаев, Бакиев, Атамбаев кыргыз элинин падышасы болгон инсандар. Мусулманчылыкта да падышага акараат кылбоо керек деген соз бар. Бул инсандардын ар биринин оз элине кошкон кандайдыр бир салымы, орду бар. Аларга сын таккандын ордуна, кыргызстандын ар бир жараны озун ондош керек.Мен эмне кылып жатам, кыргызстанга кандай салым кошуп жатам деп. Менин жакшы окуп, жакшы журушум Кыргыстанга кошкон улушум дегендей, мумкун болушунча биринчи озубузду ондойлу!
Баарыбызга ыйман-ынсап берсин!
+1
kanat_myrza
2015-11-27 13:44:03
tushunboim bir kyzyktaysinar da. Eldin kanyn ichken ХХХ kantip koldop jatasynar? kudayinarday ele korot ekensiner go Kukeni. Eldi, jerdi satkan adam onolboyt! Mekeninde orun jok anday adamdarga!
-2
admin_superstan
2015-11-27 14:12:41
kanat_myrza, кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз! Азырынча эскертүү!
0
Zubi91
2015-11-27 14:56:33
Оо шумдук ко соттошсо деле натыйжа чыгат экенби
0
sonka89.
2015-11-27 21:17:59
ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ Мен Бакиевди куноолуу деп ойлобойм, ХХХ ХХХ ХХХ! Бийлик учун эмнелерди гана жасашпайт. Жаны приздент келип эмне озгорду?? Эч нерсе, ошол куну аянтка чыгып окко учкандар деле элин жерин ойлоп чыккандар эмес. Алар акча учун чыккандар.
+1
admin_superstan
2015-11-30 16:55:36
sonka89., сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Кимдир бирөөнө жалаа жабууга тыюу салынган! 15 күн БАН!
0
NES1380
2015-11-27 21:28:23
Бакиевди ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
-1
Dooron
2015-11-28 02:40:51
NES1380, Антпесе АШАнын кылык жоруктары ачыка чыгып кетет да а?!!
0
admin_superstan
2015-11-30 16:54:04
NES1380, провокацияга жол жок! 2 күн БАН!
0
kani-esen
2015-11-27 21:58:50
ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ Бакиев бияктагыларды куноологон жок.Ал жакында жазган китебинде да 7 апрелге не болгон кундо да токтотуп кала албаганым учун озум куноолуумун деп жазган. Журналистер силер жок дегенде чындыкты жазып тургула.
+1
admin_superstan
2015-11-30 16:53:25
kani-esen, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Aijarkyn_Myrzabekova
2015-11-29 11:19:13
Azyrky jurup jatkan proekter da jumuwtar da 4yndygynda myndan 5,6 jyl murda tuzulup mamlekettin planyna kirgen. Azyrky deputattar kreslo je kilemge ak4a k0r0tku4akty ustundo uiu j0k maiyptardyn ak4asyn jebesten ow0l adamdarga jardam berse b0lm0k
0
Aijarkyn_Myrzabekova
2015-11-29 11:26:20
4yndygynda a3yrky atkarylyp jatkan iyri jumuwtardyn baary myndan 5,6 jyl murda ele mamlekettin planyna kirgen b0l4u. Any emi atkaryp avt0r b0lg0nu 4yndyk. Deputattar kresl0go oturuwary m'n ele jumwak oturgu4 k0zd0run0n u4up aran baw tartyp artynan kilemge tender jary9lagy4a ustundo uiu j0k maiyptarga ak4a k0r0tuwsa b0lm0k alardyn ak4asyn kemiriwpei
0
asmera
2016-01-08 11:17:49
Кыргызстандын онугушу президенттен эмес, элден коз каранды. Ал учун ар ким оз ишин майын чыгара аткарыш керек: мугалим - сабагын, отукчу - отугун, наабайчы - нанын мыкты жасаш керек. Жаштар улууларды сыйлап, улуулар кичуулорду ызаттап, оздорун каерде, кандай алып жургонду билиш керек.

Иши кылып, айта берсе соз коп. Бирок,баатырлар Ак уй, Кок уйду басып алуу учун же болбосо Атамбаев, Отунбаев учун эмес, Кыргызстанды сырт душмандардан коргоо учун тошун окко тоссо - табигый корунуш болмок.
0
№ 681, 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан