2015-жылы кыргыз футболу чоӊ секирик жасады. Буга стадион толо өтүп жаткан беттештер, ФИФАнын рейтингинде жылдын башынан бери Кыргызстандын 28 позицияга көтөрүлгөнү далил. 17-ноябрь күнү көптөн күттүргөн Кыргызстан-Иордания курама командаларынын беттеши орун алып, тайпада жеӊилбей келе жаткан командага кыргызстандык футболчулар жеӊилүү ызасын тарттырышты. ФИФА бул беттешти тандоо турундагы оюндардын эң мыктыларынын катарына кошту.
Митинг-пикет, шайлоо жана башка ондогон-жүздөгөн саясий иштерден колу бошобогон бийлик да акыркы жылдарда спорт тармагына көӊүл бура баштады. Премьер Темир Сариев бул жолу да футбол беттешин көрүү үчүн командасын стадионго ээрчитип барып, футболчуларыбызды колдоп отурду. Өкмөт башчы буга чейинки оюндарды да катышуусуз калтырган эмес.
Темир Сариев оюндан соӊ: «Бүгүн силер мыкты жана кызыктуу оюн көрсөттүӊөр. Оюнду баарыбыз толкундануу жана сыймыктануу менен көрдүк. Жеӊиш менен куттуктайм!»- деп Кыргызстандын курама командасына 200 миӊ cом тапшырды.
Спортту өнүктүрүүнү өлкө башчысы да көз жаздымда калтырбай келе жатат. Жакынкы жылдарда президент Алмазбек Атамбаев менен инвесторлордун келишимине ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда 40 спорттук комплекс курулары күтүлүүдө.
Эльвира Караева
politika@super.kg