Президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда Коргоо кеӊешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Жолугушууда Коргоо кеӊешинин катчысы мамлекет башчысына укук коргоо жана күч органдары тарабынан терроризмге каршы чаралардын натыйжалуулугун арттыруу, мамлекеттик чек араны жана өлкөдөгү стратегиялык объектилерди коргоону күчөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Алмазбек Атамбаев дүйнөдө болуп жаткан окуялар Кыргызстанда терроризмге каршы күрөштүн натыйжалуулугун арттыруу жана террористтик топтор, алар менен байланышкан уюмдардын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча иштиктүү чараларды кабыл алуу зарылдыгын көрсөтүүдө деп белгиледи. «Мамлекет өлкөнүн жана Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү жана камсыз кылат»,- деди президент. Мамлекет башчы Кыргызстан терроризмдин бардык көрүнүшүн чечкиндүү түрдө айыптайт жана бул коркунучка каршы болгон аракетин улантат деп баса белгиледи.
Эльвира Караева
politika@super.kg